Инжирлик авиа базасы боюнча түзүлгөн келишимден кийин АКШ президенти Барак Обама менен жолугушмакчы болгон Түркия президенти Режеп Таййиб Эрдоган “Азыр эмес, кийинчерээк көрүшөбүз” деген жоопту алды. Эрдоган сентябрь айында Нью-Йоркто уюштурула турган БУУнун башкы ассамблеясында, же ушул айдын өзүндө Барак Обама менен жолугушууну каалай тургандыгын билдирген болчу. Бирок, Ак үй “Президенттин иштери көп. Азыр эмес, ноябрь айында Анталияда өткөрүлүүчү G-20 мамлекеттеринин жолугушуусу маалында көрүшөбүз” деп Эрдогандын каалоосун четке какты. Түркия президенттик админстрациясына караштуу булактан алынган кабарга ылайык, Эрдоган да кийинки айда Нью-Йоркто уюштурула турган БУУнун башкы ассамблеясына катышуудан баш тарткан. Анын ордуна Түркиядан өкүл катары премьер-министр Ахмад Давутоглу катышат. Эрдоган-Обама жолугушуусу 15-16-ноябрда Анталияда уюштурула турган G-20 мамлекеттеринин жолугушуусунда белгилүү болот.
Түркия президенти ушул айдын башында Индонезия жана Пакистан сапарынан кайтып келе жатып: “Азырынча бир чечимге келбедик. Эгерде БУУнун ашкы ассамблеясына катыша турган болсом сентябрь айында, эгерде катышпай турган болсом ушул айда АКШга сапар кылышым мүмкүн”, – деген эле. Эрдоган АКШга кыла турган сапарында АКШнын Мэриленд штатында курулган мечитти ачып бериши айтылган эле. Бирок Эрдогандын бул каалоосу Вашингтон тарабынан макулданбады.
Ак үйдөн келген кабарга ылайык, Вашингтон Эрдогандын Мэриленддеги мечитти ачып беришине каршы эмес. Түркиянын жетекчиси каалаган убакта келип мечиттин ачылышына катышуусу мүмкүн. Бирок, президенттин иштери көп. Эрдоган менен жолугушуп отурууга убактысы жок. Сентябрь айындагы БУУнун башкы ассамблеясын өткөрүүгө байланыштуу иштер ого бетер көбөйөт.
Түркия президенти өткөн жылы уюштурулган БУУнун башкы ассамблеясында да Обаманын “иши көп” болгондуктан аны менен “жолугушуу бактысына” жетише албаган эле.