Эй залимдер, эгер акылга салсаңар, акыйкат сөздү айтып жаткан калыс инсанды коё бергиле

408
0

Эй залимдер, эгер акылга салсаңар, акыйкат сөздү айтып жаткан калыс инсандыкоё бергиле

2015-жылы 11-июль күнү Сисий күч түзүмү Камин Жабанда Хизб-ут-Тахрир–Мисир вилаятынын басма сөз бөлүмүнүн төрагасы устаз Шариф Зайидди камакка алып, кылмыш иликтөө бөлүмүнө тапшырды. Бул бөлүмдөгүлөр Шариф Зайидди алты күн кыйноого салып, кийин аны коопсуздук бөлүмүнө тапшырды, ошентип, акырында ал прокуратура өкүлүнө тапшырылды. Өкүл аны беш күн камакта кармоого буйрук берди. Он беш күн өттү, бирок Шариф Зайид дале камакта кармалып турат!

Биз бул залимдер акылына келер, адилетсиз камакка алышканына тообо кылып, коё беришер деп бир ай күттүк. Бирок, алар Аллахтын досторуна душмандык кылышты жана Расулуллах Aдын:

«إِنَّ ‏اللهَ قَالَ: مَنْ عَادَى لِي وَلِيًّا فَقَدْ آذَنْتُهُ بِالْحَرْبِ…»

«Аллах айтты: Ким Менин бир досуна душмандык кылса, Мен ага согуш жарыялаймын» (Абу Хурайра риваяты), деген хадиси кудсийин унутушту же өздөрүн унутканга салышты. Аллах ким менен согушкан болсо, ал бул дүйнө шерменделикке дуушар болот, эгер билишсе, Акырет азабы андан да чоңураак.

Шариф Зайид колго алынганда, анын жанынан – алар айткандай – «буюмдата далил» катары баракчалар табылган. Албетте ушул баракчаларда акыйкат сөздөр жазылган, Шариф Зайид бул сөздөрдү Аллах түшүргөн өкүмдөр менен башкарбай жаткан бийликке ачык айткан. Шариф Зайид аларды маъруфка буйруп, мункардан кайтарган, адалды көрсөтүп, арам иштерден кайтарган… аларга да, адамдарга да насаат кылган. Алар болсо, кулактарын бармактары менен жаап алышып, күнөөкөр болуп, текебердик кылышты.

Залим бийликтин мындай кылмышы анын ийгиликсиздигине жана адамдарды өзүнө ишендире албаганына далил. Ошондуктан, ал батылды деп, акыйкат сөздү айтып жаткандардын үнүн өчүрүүгө өттү… Алардын бул аракеттери ооматсыз. Хизб-ут-Тахрир жана күнү-түнү аракет кылып жаткан Хизб мүчөлөрү бул батылды түп-тамыры менен кулатуу үчүн караңгылыкты жарып чыгышууда, алардын Аллахтан башка жардамчысы жок, нусрат-жардам берүүдө Аллахтын Өзү гана кифая. Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрү ынтаа менен аракет кылып жатышкан Халифалыкты тикелөөдө колдоруна курал, же таш алышканы, же ушуга чакырышканы эч бир жерде күзөтүлбөгөн. Тескерисинче, алар аң-сезимдүү пикирлүү, темирдей катуу эрктүү экени, камактар да, кыйноолор да, ал тургай, өлүм да аларды акыйкаттан бура албаганы маалым о.э. мындай кыйынчылыктар аларды өз жолунан кайтууга жана акыйкаттан баш тартууга мажбур кылганы же бирөөдөн өч алышканы күзөтүлбөгөн. Алар корккондуктан эмес, тескерисинче, берешен, кудуреттүү Улуу Аллахтын буйругуна бекем амал кылышканы үчүн курал көтөрүшпөйт. Демек, устаз Шариф Зайидди азат кылгыла, ошондо биз да – Аллахтын уруксаты менен – эртең Халифалык тикеленген күндө силердин бул жакшылыгыңарды халифага эске салабыз, мүмкүн, күнөөңөрдү кечирер. Шайтанга алданып «Шариф-адал инсанды камакка алуу менен Аллахка чакырган даъватка зыян жеткирдик» деп ойлобогула, себеби, Үммөт миллиондогон шарифтерден турат…

يُرِيدُونَ أَن يُطْفِؤُواْ نُورَ اللّهِ بِأَفْوَاهِهِمْ وَيَأْبَى اللّهُ إِلاَّ أَن يُتِمَّ نُورَهُ وَلَوْ كَرِهَ الْكَافِرُونَ

«Алар Аллахтын нурун ооздору менен өчүрмөкчү болушат, Аллах болсо, кафирлер каалашпаса да, Өз нурун толо жаюучу» [9:32]

Хизб-ут-Тахрирдин Борбордук басма сөз бөлүмү

Дареги: ал­Мазраа – «Колумбиа Центр» – блок б – экинчи кабатБейрут-Ливан

Почта кутусу 14­5010

телефон: 00961 1 30 75 94

уюлдук телефон: 00961 71 72 40 43

электрондук почта: media@hizb-ut-tahrir.info

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here