Moody’s: Россия экономикасындагы кара күндөр али алдыда

253
0

Россия борбордук банкы июл айында негизги пайыз ставкасы 50 базалык пунктка азайтылгандан кийин рублдин кунсузданышына себеп болуучу инфляциялык коркунучтар себептүү акча-кредит саясатын жумшартуу үчүн мүмкүнчүлүктөр аз калууда.

Moody’sInvestorsService адистеринин эсептешинче, акыркы айларда Россия экономикасынын негизин түзүүчү нефтинин баасы кайрадан төмөндөй баштаганы рублдин төмөндөшүнө алып барат жана мамлекетте кризис күчөп, 2016-жылы да бул жараян уланат.

Өткөн аптада жарыя кылынган Россия ИДПсынын көрсөткүчтөрүндө II кварталда төмөндөө көрүнүшү өткөн кварталга салыштырмалуу эки эсеге көбөйүп, 2,2 пайыздан 4,6 пайызга жеткен. Эки кварталдын жыйынтыгы боюнча, Россия экономикасындагы төмөндөө мамлекет расмий түрдө кризис абалында экендигин көрсөтөт. Moody’s эксперттеринин жазышынча, биринчи жарым жылдыкта инфляциянын активдешүү фонундагы компанияларга капиталдык киримдердин азаюусу жеке керектөө о.э. инвестициялар өтө чоӊ коркунуч астында калгандыгын түшүндүрөт. Нефтинин баасы төмөндөй берсе, рублдин баасы дагы 20 пайызга түшүп кетишинин ыктымалы бар жана бул абал инфляциянын жаӊыдан жанданышына алып келет. Натыйжада кирешелер дагы да азайып, инвестициялардын азайышы күчөп, кризис тереӊдейт.

Moody’sтин билдиришинче, Крымдын Россияга кошуп алынышы себептүү киргизилген санкциялар да мамлекеттин экономикасына коркунуч туудурууда. Алар Россиянын банк жана компанияларынын эл аралык капиталга болгон жолун жабууда. Эл аралык валюта фондунун эсептөөлөрүнө ылайык, Россия тарабынан импорттук товарларга чектөөлөрдү киргизүү көрүнүшүндө колдонулуп жаткан жооп иретиндеги чаралар да өткөн жылы мамлекеттин реалдуу ИДП көрсөткүчүнүн 1-1,5 пайызга азайышына алып келди жана бул абал 2020-жылга чейин сакталып калат.

Булак: “кun.uz”

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here