Качкындар лагериндеги суу ташкынында калган Рохинжа аялдары жана жаш балдарын башбаанек менен ким камсыздайт?!

317
0

Жакында эле маалымат каражаттарында таркатылган кабарга ылайык, аялдар жана жаш балдарды өз ичине алган Рохинжа мусулмандары Комин тропик бороонунан о.э. айылдарын жана Мьянманын Kyauktaw шаарындагы качкындар лагерлерин агызып кеткен селден качып, сактануу үчүн таштанды мектептер жана социалдык борборлордо баш калкалоого мажбур болушкан… Бирок, Мьянма полициясы жана армиясы «бул жерлер ушул мамлекетке таандык адамдарга башбаанек болууга ылайыкташкан» деген шылтоо менен аларды кууп чыкты. Т.а. алардын айтымында бул жерлер бутпараст калкка тиешелүү. Кууп жиберилген Рохинжа мусулмандары башбаанек издеп, эл жашабаган, кооптуу дөӊсөөлөргө кетүүгө мажбур болушту. Мунун натыйжасында аялдар жана жаш балдар оор шартта бороонго жана сезондо жаай турган селге бута болушту. Бутпарасттар ошону менен да чектелбестен, аларды бул дөӊсөөлөрдөн сел агызып кеткен үйлөрүнө кайтууга мажбурлашты, антпесе оор жазага тартуу менен коркутушту. «Бирма Таймс» гезитинин 4-августтагы санына ылайык, бороон жана селде калып ооруп калган Рохинжа балдарын жергиликтүү ооруканада куткарып калуу мүмкүн болбогон. Себеби, оорукана жетекчилиги алардын чоочун экендигин жана бул оорукана Рохин провинциясындагы бутпарастар үчүн даярдалгандыгын айтышты. Гезиттин жазышынча, 7 жаштагы Абдумалик, 5 жаштагы Абдулкарим, 5 жаштагы Мухаммаданис, 5 жаштагы Алломбохур деген жаш балдар дарылабай таштап коюунун натыйжасында көз жумган. Дарыланбай калган кош бойлуу аялдар кыйынчылыктарды башынан өткөрүшкөн.

Рохин провинциясынын режими жана анын коопсуздук кызматы Рохинжа аялдары жана жаш балдарына карата өтө жаман мамиле кылып жатышат. Алардын бул ырайымсыз мамилелери Рохинжа мусулмандарын провинциядан чыгарып таштоого каратылган этникалык тазалоо саясатында өз көрүнүшүн тапкан. Адамгерчилигин жоготкон бул режим провинциянын кайсы жерлеринде жана качан бороон болушун алдын ала билген, бирок, ал жердеги Рохинжа мусулмандарын бул тууралуу эскертпеген, тескерисинче, аларды күчтүү бороондун, кооптуу шарттын, ал жердеги бутпарасттар чабуулунун курмандыгы кылып калтырышкан… Рохинжа аялдары жана жаш балдары тартып  жаткан азаптарга карап туруп, буга чыдоо мүмкүн эмес, аларды бул абалга таштап коюуга да болбойт. Эл аралык уюмдар жана Батыш өкмөттөрү бул абалды каралап коюу менен эле чектелип, аларга таптакыр көӊүл бурушпады. Башка жактан,  исламий өлкөлөр, айрыкча, Бангладеш, Малайзия жана Индонезия режимдери Рохинжа аялдары жана жаш балдарына бүтүндөй артын салып алышты, эгоисттик улуттук кызыкчылыктарын коргоо шылтоосу менен шаръий милдеттерден да, гуманитардык милдеттеринен да баш тартышты. Бүгүн бул акимдер жана алардын улуттук капиталисттик режимдери Үммөттүн мойнуна салынган болот чынжырга айланышты. Ошол себептен улам, аларды кулатып таштап, бардык мусулмандардын – кайсы жарандыкта болушуна карабастан – жандары, малдары жана намыстарын коргой турган Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекетин тикелөө зарыл. Ал ушундай бир түзүм болуп, анда халифа Валид ибн Абдулмалик Индия түштүгүндөгү индус Ража Дохир тарабынан камакка алынган мусулман аялдар жана жаш балдарды куткаруу үчүн Мухаммад ибн Косим командачылыгында исламий аскерди аттандырган. Муну менен бүтүндөй Синд регионун залим индустар башкаруусунан биротоло азат кылган. Бул ушундай бир Халифалык болуп, бүгүн Рохинжа мусулмандарын бутпарасттар зулумунан куткаруу үчүн бизге бул Халифалык өтө-өтө зарыл болуп турат.

﴿وَمَا لَكُمْ لَا تُقَاتِلُونَ فِي سَبِيلِ اللَّهِ وَالْمُسْتَضْعَفِينَ مِنَ الرِّجَالِ وَالنِّسَاءِ وَالْوِلْدَانِ الَّذِينَ يَقُولُونَ رَبَّنَا أَخْرِجْنَا مِنْ هَٰذِهِ الْقَرْيَةِ الظَّالِمِ أَهْلُهَا وَاجْعَلْ لَنَا مِنْ لَدُنْكَ وَلِيًّا وَاجْعَلْ لَنَا مِنْ لَدُنْكَ نَصِيرًا﴾

«(Эй момундар), силерге эмне болду, Аллах жолунда жана «Роббибиз, биздитургундары залим болгон бул шаардан азат кыл жана бизге Өз алдыӊдан бир досбергин, бизге Өз алдыӊдан бир жардамчы кылгын» деп жаткан эркектер, аялдар о.э. жаш балдардан турган бечараларды(азат кылуу) жолунда согушпай жатасыӊар?!»                                         [4:75]

 

Хизб-ут-Тахрирдин

Борбордук басма сөз бөлүмүнүн аялдар жааты

уюлдук телефон: 00961 71 72 40 43

Факс: 00961 130 75 94

электрондук почта: media@hizb-ut-tahrir.info

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here