Өзбекстан камагынан дагы бир шейиттин сөөгү чыкты

318
0

Ислам даъватын көтөрүп чыккан Хизб ут-Тахрирдин дагы бир мүчөсү 1969-жылы төрөлгөн Султан Мурад Мусаев Өзбекстан камактарында шейит болду. Шейит (иншаАллах) Султан Мурад жаза мөөнөтү бүтүшүнөн 2 ай мурда Наваи областынын Кызылтепа районунда жайгашкан 64/47 номерлүү жаза өтөө мекемесинен Ташкентке көчүрүлгөн эле. Ташкенттеги “Сангород” жаза өтөө мекемесиде Султан Мурад менен жолугушкан жакындарынын билдиришинче, анын саламаттыгы жакшы болгон. Ал эми шейит болушунан бир нече күн мурда телефон аркылуу жакындары менен сүйлөшкөн Султан Мурад өзүнө кандайдыр бир белгисиз дары беришкендигин айткан.

Өзбекстан камактарында диний туткундарга карата колдонулуп жаткан мындай абал биринчи жолу жүз берип жаткан жок. Адатта Каримовдун канкорлору ар түрдүү кыйноолор менен туткундарды өлтүрүшкөндөн кийин, “өзүн-өзү жогорку кабаттан таштап жиберди” же “кокустан жүрөгү токтоп калды” деген шылтоолор менен жакындарына тапшырышат. Маркумдардын денесинде даана көрүнүп турган кыйноонун издери болсо таптакыр этибарга алынбайт.

Шейит Султан Мураддын сөөгү жакындарына тапшырылгандан кийин коопсуздук күчтөрү алардан маркумду тезирээк көмүүнү жана анын өлүмү туурасында эч кимге эч кандай маалымат бербестикти катуу талап кылышты. Сөөктү узатуу ырасымын орган кызматкерлери камерага тартып алышты. Жаназага катышкан 60 адам атайын каттоого алынды.

Биз шейиттин жакындарына көӊүл айтуу менен, залимдерге Аллах Субханаху ва Тааланын төмөнкү сөзүн эскертип коймокчубуз:

وَلَا تَحْسَبَنَّ اللَّهَ غَافِلًا عَمَّا يَعْمَلُ الظَّالِمُونَ إِنَّمَا يُؤَخِّرُهُمْ لِيَوْمٍ تَشْخَصُ فِيهِ الْأَبْصَارُ مُهْطِعِينَ مُقْنِعِي رُءُوسِهِمْ لَا يَرْتَدُّ إِلَيْهِمْ طَرْفُهُمْ وَأَفْئِدَتُهُمْ هَوَاءٌ

  • (Эй Мухаммад), сен эч качан: «Аллах залим кимселердин кылып жаткан иштеринен кабарсыз», – деп ойлобогун! Аллах аларды (жазаларын) көздөр (коркунучтан) катып кала турган (коркунучтуу кыямат) күнүнө калтырууда. (Ал күнү) алар баштарын (асманга) көтөргөн абалда (чакырылган тарапка эсеп-китеп үчүн) жөнөшөт. Көздөрү өздөрүнө кайтпайт (т.а. коркуудан катып калып, өздөрүнүн кандай абалда экендиктерин да көрүшпөйт). Дилдери (коркунучтан улам) боп-бош болуп калат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here