Сариев: 12-августтан баштап Кыргызстан ЕАЭБдин толук кандуу мүчөсүнө айланат

327
0

Премьер-министр Темир Сариевдин билдиришинче, 12-августтан баштап Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигин толук кандуу мүчөсүнө айланып, кыргыз-казак чегарасы ачылат.

 Анын айтымында, дал ушул күнү Евразиялык экономикалык комиссия Кыргызстанды ЕАЭБдин бир мүчөсү катары расмий түрдө каттайт. О.э. 12-августта эки мамлекеттин президенттери Алмазбек Атамбаев жана Нурсултан Назарбаевдин катышуусунда мамлекеттик чегаранын расмий ачылышы болот.

 Премьер-министр Темир Сариев бул окуя 2011-жылдан бери уланып келе жаткан интеграция жараянынын маанилүү жыйынтыгы экендигин белгилеп, мамлекеттин экономикасы үчүн жаӊы мүмкүнчүлүктөр ачылышын айтып өттү.

 “Бул күндөн тартып Кыргызстан ЕАЭБдин башка өлкөлөрү менен өзүнүн жумушчу күчүн, товарын, тейлөөсүн, капиталын эркин жүргүзө алат. Бул биринчи кезекте чет өлкөдө иштеп жаткан жарандарга, ишкерлерге жана мигранттарга жаӊы мүмкүнчүлүктөрдү ачат”, – деди Сариев.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here