АКШ Кыргызстанга жаңы элчи дайындады

275
0

Өткөн аптада, аныгыраагы 6-август күнү Вашингтон расмий Бишкекке карата кезектеги теӊсинбестик кадамын таштады. АКШ сенаты Кыргызстандагы элчилик кызматына Шейла Гуолтнини тастыктады. Мындан мурда Кыргызстан өкмөтү Гуолтниге агремент (бирер мамлекетке элчи катары сунушталган адамдын келишине ошол мамлекеттин ыраазылыгы) берүүдө тескери жооп берген эле.

 Бул тескери жооп 2015-жылдын февралында берилген болчу. Кыргызстан Тышкы иштер министрлиги Гуолтнини аккредитация кылууну четке каккандыгын, ошол кезде Аида Салянованы Кыргызстандын АКШдагы элчиси кылып дайындоо пландаштырылган убакта ага агремент берүүнү АКШ Мамлекеттик департаменти четке каккандыгына жооп катары болду деп түшүндүргөн болчу.

 Кийинчерээк бул окуя ажайып көрүнүштө “басты-басты” кылынып кетти. Кыргызстан Тышкы иштер министрлиги Гуолтнини аккредитация кылуу туурасындагы нааразылыгын белгисиз себептерден улам күн тартибинен алгандай болду.

 Адаттагы иш-чара боюнча, кабыл алып жаткан тарап агремент берүүдө тескери жообунун себебин түшүндүрбөйт. Кыргызстанга убактылуу өкүл кылып Ричард Майлз дайындалды, өз кезегинде Ричард Майлз бир катар митингдерди уюштурган мамлекеттик эмес уюмдардын кол бала активисттерин жеке өзү башкарууга киришип кетти.

 АКШ Гуолтнинин тескери жооп алганына таптакыр көӊүл бурбаганын көрсөткөн абалда, Кыргызстандагы дипломатиялык миссия жетекчиси кылып кааланбаган адамды (персона нон-грата) дайындоо үчүн басым өткөрүүгө аракет кылууда. Эксперттер дипломатиялык иш-чарада мындай абал болбогондугун айтып жатышат, бирок, логикалык пикирлеп, мындай мамилени мамлекетке карата өтө урматсыздык жана теӊсинбестик деп баалашты.

 Буга Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кандай мамиле билдириши азырынча белгисиз. Дипломаттар аккредитация кылуу үчүн АКШ дан “жаңы” элчинин расмий документтерин азырынча ала элек. Эскертип өтөбүз, Шейла Гуолтни 1999-жылдан 2001-жылга чейин АКШнын Кыргызстандагы элчиканасында жооптуу кызматтарда иштеген.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here