Кытай өкмөтү Исламга каршы АКШдан жардам сурады

390
0

Кытайдын тышкы иштер министринин жардамчысы Чэн Гопин “Радикалдык Исламий террор”  маселесинде АКШнын террорго (Исламга) каршы күрөш координатору Тина Кейденау менен жолугушту. Бул тууралуу Гонконгдо чыгуучу “South China Morning” гезити кабар таркатты. Кабарга ылайык, Чэн Гопин “Чыгыш Түркстан Исламий кыймылы” уйгурларды Сирия жана Иракка азгырып, аларды жихад идеясы менен сугарып жаткандыгы боюнча АКШлык жооптууга арызданган.

 “Радикалдык Исламий террор” коркунучу күндөн күнгө татаалдашып, олуттуу түс алгандыгын билдирген Кытай жооптуусу бул нерсе бүт дүйнө үчүн чоӊ коркунуч экендигин баса белгиледи.

“Биз жолугушуу учурунда Чыгыш Түркстан Исламий кыймылы сыяктуу террорчу топтор Кытай, АКШ жана эл аралык коомчулукка олуттуу коркунуч туудурушуна басым жасадык. Аларга каршы күрөшүү үчүн толук жардам беришин АКШдан талап кылдык”, – деди Кытайдын тышкы иштер министринин жардамчысы.

Кытай тышкы иштер министрлиги тарабынан таркатылган билдирүүдө АКШ жана Кытай “террор”го жана “экстремизм”ге каршы күрөштө келишип алышканы айтылды. Келишүүгө ылайык, террорго (Исламга) каршы күрөш жаатында эки мамлекеттин ортосунда разведка алакалары күчөтүлөт.

Өткөн аптада эки күндүк расмий сапар менен Кытайга барган Түркия президенти Режеп Таййиб Эрдоган кесиптеши Си Цзиньпин менен жолугушкан кезде “Чыгыш Түркстан” Исламий кыймылын террорчу кыймыл катары тааный тургандыгын билдирген эле.

Кытайдын түндүк-батышында жайгашкан Шинжан региону акыркы үч жылда өкмөттүк күчтөр тарабынан өтө көп баскындарга дуушар болду, эсепсиз мусулмандар өлтүрүлдү. Өкмөттүк күчтөр бардык кылмыштарын “террорго каршы күрөш” шылтоосу менен ишке ашырып келүүдө. Кытай өкмөтү өзүнүн кыргындарына “Чыгыш Түркстан” Исламий кыймылы жоопкер деп билет. А бирок, эл аралык укук коргоочу уюмдар ал уюмдун террорчу кыймыл экендигине, ал тургай анын бар экендигине күмөн ойготуучу далилдерди көтөрүп чыгышууда.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here