ИИМ полковниги: Ханафий мазхабынан башкасын карманган адам жоопкерчиликке тартылат

307
0

Тажикстандын ички иштер министрлиги академиясынын 5-факултетинин жетекчиси, полковник Зикруллох Саидзода 7-август күнү Душанбе шаарындагы Хожи Яъкуб  мечитинде жума намазынан мурда сөзгө чыгып:

“Менин бул жерге келишимден көздөлгөн максат намаз окуган адамдарды экстремисттик агымдардын коркунучунан эскертүү. Учурда Тажикстан жогорку сотунун токтомуна ылайык, Тажикстанда 10 уюмдун ишмердүүлүгүнө тыюу салынган. Аларга кошулган адамдар сөзсүз жоопкерчиликке тартылышат. Мен сиздерди эскертип коймокчу болгон нерсе, эгерде Тажикстан мусулмандары арасында  жогорудагы экстремисттик уюмду ээрчүү абалдары күзөтүлсө  жана мусулмандар ханафий мазхабынан башка мазхабды карманса башкармабыз  алар менен алектенип, текшерүү иштерин жүргүзөт”, – деди.

Полковник сөзүнүн уландысында жихадий топторду сындады, ал эми Ханафий мазхабы  жана анын негиздөөчүсү имам Аъзамды мактады. Ал жалпысынан: “Тажикстандын дээрлик өтө чоӊ бөлүгү  Имам Аъзамды ээрчийт. Дүйнөнүн бир миллиарддан көбүрөөк мусулман калкы дал ошонун жолу менен жүрүшөт. Ошондуктан, Тажикстанда да башка ар кандай жол жана агымдарга муктаждык жок”, – деди.

Полковник жүздөгөн мусулмандарга кайрылып: “Жихадий топтор деп  аталуучу ар кандай агым түпкүлүгүндө жихадий эмес эктремист жана динсиздерден турат. Кошуна мамлекеттерди карасаӊар канчалаган жаштар алардын чакырыктарына алданып торго түшүп калышууда. Биз мындайлардын бейпайда сөздөрү жана чакырыктарына  алданбашыбыз керек”, – деди.

Зикруллах Саидзода аялдардын кийимин да сындап, мындай аялдарды “чоочунга ыктоочулар жана ээрчүүчүлөр” деп атады.“…Аллах эч качан сиздердин тышкы көрүнүшүӊөргө жана кийимиӊерге карабайт, тескерисинче, дилиӊерге жана иштериӊерге карайт. Бүгүнкү күндө көпчүлүк кыз-келиндер бизге чоочун болгон маданияттардан таасирленип, караӊгылык менен ээрчишет. Алар кийген кийимди көрсөӊүз денелери толук көрүнүп турат, же жылаӊач деп айтса да болот. Бул айла-амалдан башка нерсе эмес”, – деп баса белгиледи полковник.

Жогорудагы маекте Тажикстан ИИМинин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш бөлүмүнүн башчысы Сафиалло Азизуллозода (Девонаев)  да катышты. Ички иштер министрлигинин кызматкерлери бир айдын ичинде эки  жолу шаар мечиттерине келип сөз сүйлөдү. Тажикстандын мыйзамы боюнча дин мамлекеттен башка абалда ишмердүүлүгүн жүргүзөт, ал эми башкарманын баса белгилешинче, намаз окуган мусулмандарды көзөмөл кылууга Орто Азия жана кошуна Афганистандагы өзгөчө кырдаалдар абалы түрткү болууда.

Мыдан бир ай мурда т.а. үстүбүздөгү жылдын 3-июлунда да ИИМдин атайын өкүлү  Баротали Хамидзода борбордук мечиттеги  жума намазыынын алдында сөзгө чыгып, алгач ханафий мазхабына сый-урмат билдирип, андан кийин: “Эгерде бирер адам намазды таштаса жана кемчиликтүү ибадат кылса жазага татыктуу болот”, – деди.

Эч бир экиленбестен айтуу мүмкүн болгондой, ушул жыл Эмомали Рахмон жана анын куйруктары үчүн “Жаратуучуга каршы күрөшүү жылы” болду. Бул айлакер кимселер түпкү тегин унутушуп, ачыктан-ачык эле Кудайдын өкүмүнө каршы чыгышты. Хижабга, сакалга, мечитке каршылык көрсөтүштү. А бирок, мусулмандар жүрөгүнө тереӊ тамыр жайган Исламды – диндарлык гарыйзасын өчүрө алышпады. Эми болсо айла-амал иштетүү жолуна өтүштү. Эми мечит имамдарынан жана орган кызматкерлеринен пайдаланып жатышат. Өздөрүн диндин демөөрчүлөрү кылып көрсөтүшүп, үммөттүн ойгонушуна тоскоолдук кылышмакчы.

Биз Хизбут-Тахрирдин мүчөлөрү дагы бир жолу баса белгилейбиз, Ислам дини мечит, хижаб жана сакалдан гана турбайт. Ислам дини кемтиксиз-толук дин. Анда бардык пороблеманын чечими бар. Биз Ислам душмандары болгон жугундукор акимдерибиздин айла-амалдарына ишенбешибиз керек. Расулуллах саллолху алайхи ва саллам Курайш уруусунун бирер шартына ыраазы болбогон жана диндин өкүмдарлыгын толук бойдон талап кылган.  Пайгамбарыбыз  саллАллаху алайхи ва салламдан үлгү алышыбыз фарз, Кыямат күнүндө ушул нерседен суралабыз.

Аллах Таала айтат:

– (Эй момундар), силер үчүн – Аллах жана акырет күнүнөн үмүткөр болгон о.э. Аллахты көп эстеген адамдар үчүн Аллахтын пайгамбарында (ыйман – ишеними жана кулк-мүнөзүндө) көркөм өрнөк бар.   [33:21]

Аллах Субханаху  баарыбызды хидаятта туруктуу кылсын Аамин.

Мунаввара.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here