АКШнын Россия компанияларына каршы кеӊейтилген санкциялары 10-августтан баштап күчүнө кирет

366
0

 АКШ финансы министрлигинин чет өлкөлүк активдерди көзөмөлдөө бөлүмүнүн бюллетенинде кабар берилишинче, 30-июль күнү АКШ тарабынан Россия жана Украинанын бир катар адамдары жана компанияларына карата жарыя кылынган экономикалык жана башка түрдөгү чектөөлөр 10-августтан баштап күчүнө кирет.

 АКШнын жаңы санкциялык тизмесине кошумча түрдө 11 физикалык жана 15 юридикалык жактар киргизилди. Санкциялык тизме 61 пунктка кеӊейтилип, буга Крымдагы кырдаал себепкер деген түшүндүрмө берилди.

 Тизмеге Лондондо жашап жаткан Россия жараны, “Калашников” концернинин менеджери Андрей Билютин, Украина жараны Андрей Клюев, Россия жарандары Пётр Колбин, Сергей Курченко, Сергей Омельченколор киргизилди.

 Мындан тышкары, финляндиялык Кай Паананен, украиналык Ольга Семенова, Эдуард Ставитский, Александр Янукович, Олег Усачёв, Финляндия жана Россия жарандыгына ээ болгон Роман Ротенбергдер киргизилди. Юридикалык жактардын арасында Финляндиянын, Россиянын жана Кипрдин компаниялары бар.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here