Жума намазына барган окуучуларга чара көрүлөт

249
0

“Аркы айылдын ити арсылдаса, берки айылдын ити борсулдайт” дегендей, Кыргызстан өкмөтү да кошуналары Өзбекстан жана Тажикстандагы диктатор өкмөттөрдүн изи менен жүрүп Ислам жана мусулмандарга каршы күрөшүн күндөн күнгө күчөтүп барууда. Орто Азияда Ислам динине жана мусулмандарга каршы күрөштү биринчилерден болуп баштап берген Өзбекстан өкмөтү алгач көрүнүктүү диний жетекчилерди уурдап, камакка таштап же мамлекеттен чыгып кетүүгө мажбур кылган болсо, кийинчерээк ак топу жана сакалга каршы күрөштү баштаган эле. Өзүнчө бул күрөштө “ийглик”ке жетишкенден кийин, окуучу кыздардын жоолуктарына жана 18 жашка чыга элек жаштардын мечиттерге катоосуна тыюу салынды о.э. муслима аялдардын коомдук жайларда жоолук жана хижаб менен жүрүшүнө тыюу салып, алардын баштарынан жоолуктарын мажбурлап чечип алууну баштады. Өздөрүн “диний жетекчилербиз” деп атаган сарай уламалары өкмөттүн бул ишине жакындан жардам берип келишти жана дагы деле жардам берип жатышат. Өзбекстандан калышпастыкка аракет кылган Тажикстан өкмөтү да Ислам дини, анын баалуулуктары жана мусулмандарга каршы кудум ушундай ыкмада күрөштү баштап жиберди о.э. өзбек бийлигинен ашып түшүү үмүтүндө балага исламий ат коюуга тыюу салганга чейин жетип барды.

  Азырынча коргоосуз болуп турган Ислам жана мусулмандарга каршы күрөшүп келе жаткан өзбек жана тажик өкмөтүнүн “эрдигинен” илхам алган Кыргызстан өкмөтү да Ислам динине жана анын баалуулуктарына каршы тез-тез мамилесин билдирип келүүдө. Бул иш айрыкча Темир Сариев премьер-министрликке дайындалгандан кийин ого бетер күчөп барууда.

 24-июль күнү ИИМдин Ысык-Көлдөгү көчмө жыйынында Темир Сариев “Кыргыздар эч качан хижаб жана селде кийбегендигин” баса белгилеп:  “Биз Ислам чүмбөтү астында чоочун адаттарды киргизишине каршы күрөшүүбүз керек. Биз Исламды өзүбүздүн динибиз деп кабыл алдык. Бирок, биз паранжы, селде жана дамбалды мажбурлап кийгизүүнү токтотушубуз керек. Кыргызстан хижаб жана селде кийгендерге ачык каршы чыгыш керек”, – деген болсо, 27-июнь күнү өкмөттүн диний саясатты талкуулаган жыйынында ИИМ жана УКМК жетекчилерине диний окуу жайларды жана медреселерди текшерүү милдетин жүктөгөн болсо, 16-июлда билим берүү маселелери боюнча болуп өткөн жыйында мамлекетте мечиттердин саны көбөйүп бара жатканынан тынчсыздангандыгын билдирип, ошону менен расмий өкмөт жана күч түзүмдөрүнө негизинен кайсы тарапка көӊүл буруу керектигин көрсөтүп берген эле.

Расмий өкмөттүн өкүлдөрү Темир Сариевдин бул көрсөтмөлөрүн аткарууда атаандаша баштаган окшойт. Өкмөттүн Жалал-Абад областындагы өкүлү Жумагүл Эгембердиева жаңы окуу жылынан баштап мечиттерде атайын рейддер уюштурулуп, окуу маалында жума намазына барган окуучуларга чара көрүлүшүн билдирди. Жумагүл Эгембердиева: “Жаштар арасында диний экстремизм жана радикализм өрчүп бара жаткан чакта биз мектеп окуучуларын андан оолак болууга үндөшүбүз керек. Мындан тышкары жума намазын шылтоолоп, жумушун үзгүлтүккө учураткан мамлекеттик жетекчилерди да тартипке чакырабыз”, – деди.

Акыйкатта болсо, пайгамбарыбыз Мухаммад саллоллоху алайхи ва салламдан риваят кылынган хадисте ал зат: “Эгерде бала оӊ колу менен сол колун тааныса, намазга буйругула”, – деген (Абу Давуд риваяты).

 Туура, Россия өкмөтү аныгыраагы, президент Путин Алмазбек Атамбаевден да, Темир Сариевден да Ислам жана мусулмандарга каршы күрөштү күчөтүүнү талап кылып келе жатат. Ошондуктан да, алар Россиядан айырмалуу түрдө Кыргызстан калкынын 85 пайызынан көбүрөөгү мусулмандардан тургандыгын эсепке албаган абалда анын буйруктарын аткарып келе жатышат. Ушул жерде биздин жетекчилер мусулман болгон абалда ыраазылыкты Жаратуучунун алдынан эмес, тескерисинче Анын махлукунун алдынан издеп жатышат. Мунун натыйжасы болсо бул дүйнөдө кордук, Кыямат күнүндө болсо өкүнүч болот.

 Биз расмий өкмөт бирер исламий кыймылга каршы эмес, тескерисинче Ислам жана мусулмандарга каршы күрөштү пландаштырып жатканы туурасында Кыргызстан калкын буга чейин да эскерткен элек. Күн өткөн сайын бул нерсе далилденүүдө. Эгерде сиз менен биз расмий өкмөт тарабынан ишке ашырылып жаткан акыйкатсыздыктарды көрүп-билип туруп сүкүт сактай турган болсок, Аллахтын азабына дуушар болушубуз мүмкүн, мындан Аллах сактасын.

Расулуллах соллаллаху алайхи ва саллам айтат: “(Же) жакшылыкка буюруп, жамандыктан кайтарасыӊар, же болбосо, Аллах силерге балээсин жиберет да, дуба кылсаӊар да мустажаб болбойт!”

Абдурахман

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here