Акыйкатка каршы күрөштүн Пакистанча ыкмасы

278
0

 Пакистан өкмөтү колонизатор мамлекеттер менен тил бириктирүү аркылуу өз калкына жана мусулмандарга карата ишке ашырып жаткан кылмыштарды далил-фактылар менен ачып таштаган адамдар дайынсыз жоголуп кетиши адатка айланып барууда. Мындан төрт ай мурда Пакистан коопсуздук кызматы тарабынан Хизб ут-Тахрир уюмунун дагы үч активдүү мүчөсү уурдалды. Бул жигиттер да, булардан мурда уурдалгандар да табыла элек. Алардын тирүү же өлүү экендиги белгисиз.

Ошол себептен улам уурдалган үч жигиттин жакындары Пакистандын эӊ чоӊ шаары болуп эсеептелген Карачи шаарында маалымат жыйынын уюштурушту. Маалымат жыйынына ушул үй-бүлөлөрдүн адвокаттары да катышышты. Үч үй-бүлөнүн өкүлдөрү маалымат жыйынында “улуттук аракет” долбоору АКШ тарабынан түзүп берилген долбоор экендигин ачыктап беришти. Алардын айтымында, Пакистан режими бул долбоордон Ислам жана мусулмандарга каршы күрөшүү үчүн чүмбөт катары пайдаланууда.

Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалыкка даъват кылган Сайидмухаммад Фахд жана Алиасад Мухсин аттуу үч жигит Пакистан улуттук коопсуздук күчтөрү тарабынан 2015-жылдын 6-апрелинде уурдалышкан эле. Жигиттердин жакындарынын айтымында, төрт айдан бери улуттук коопсуздук кызматы жигиттерди кайсы жерде камакта кармап жатканын жашырып келет. Акыйкатта болсо, Пакистан соту аларды азаттыкка чыгаруу боюнча чечим кабыл алган.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here