Украина өкмөтү мусулмандардан турган батальон түзүүгө токтом кылды

420
0

Киев өкмөтү мамлекеттин аскерий кубатын күчөтүү максатында жаңы кадамдарды таштоону улантууда. Украина чыгышында уланып келе жаткан күрөштөрдү токтото албай жаткан өкмөт мусулман согушкерлерден турган кошуун түзүүгө токтом кылды. Бул тууралуу Крым татарларынын маселелери боюнча жооптуу адам Мустафа Жамилев билдирди.

Түркиянын борбору Анкарада болуп өткөн “2-дүйнөлүк Крым татарлары” конгрессинде сөзгө чыккан Мустафа Жамилев Украина өкмөтү мусулман аскерлерден турган бир батальон түзүү туурасында токтом кабыл алгандыгын билдирди.Мустафа Жамилевдин билдиришинче, мусулмандардан түзүлгөн батальон Украинанын Крымга чектеш Херсон аймагына жайгаштырылат.

Украина коргоо министрлигинин токтомуна ылайык пайда болушу назарда тутулган батальон Крым татарлары, Казань татарлары, өзбектер, чечендер, азерлер, месхет түрктөр жана Украинада жашап жаткан башка мусулман элдерден түзүлүшү айтылууда.

Кабарда айтылышынча, мусулман батальонунун негизги милдети Крым жарым аралын о.э. Украина ортосундагы адамдар жана жүк машыналар өтүүчү жерлерди көзөмөл кылуудан турат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here