Сирия чегараларына Түркия күчтөрүнүн топтолушу

251
0

Суроого жооп

Сирия чегараларына Түркия күчтөрүнүн топтолушу

Суроо:

«Кабар 7» сайтынын билдиришинче, 2015-жыл, 9-июль бейшемби күнү Түркия президенти президенттик сарайда чет мамлекеттердин Анкарадагы элчилерине иптарлык кылып берди. Иптарлыкта ал Сирия ичкерисиндеги ар кандай демографиялык өзгөрүштү кескин четке кага тургандыгын билдирди. Муну менен ал өзүнүн 26-июнда “Анадолу” маалымат агенттиги чыгарган мурунку билдирүүсүн баса белгиледи. Ал бул билдирүүсүндө: «Биз түштүк чегараларыбызда т.а. Сирия түндүгүндө жаңы бир мамлекет курулушуна эч качан жол бербейбиз, бул канчалык кымбатка түшсө да, бул жолдо күрөшүбүздү улантабыз», – деген эле. Андан кийин «Сирия жана Иракта жүз берип жаткан окуялар региондо жаңы Сайкс-Пико түзүмүн жаратууга аракеттенүү болуп, мында ички коомдук пикирди Түркияга каршы козгоо көздөлгөн» деди. Мунун артынан маалымат каражаттарында Түркиянын коргонуу күчтөрүн көбөйтүшү туурасындагы кабарлар таркатылды…. Суроо мындай, жүз берип жаткан бул иштер эмнени түшүндүрөт? Түркия Сирия түндүгүнө аскерий аралашууга иш жүзүндө киришүүсү мүмкүнбү? Же мындан башка максат барбы? Аскерий аралашууга карата Американын позициясы кандай?

Жооп:

Жооп аныгыраак болушу үчүн төмөнкүлөрдү айтып өтөбүз:

  • Чындыгында эле Түркия президенти «Биз түштүк чегараларыбызда Сирия түндүгүндө жаңы бир мамлекет курулушуна эч качан жол бербейбиз, бул канчалык кымбатка түшсө да, бул жолдо күрөшүбүздү улантабыз», «Сирия жана Иракта жүз берип жаткан окуялар региондо жаңы Сайкс-Пико түзүмүн жаратууга аракеттенүү болуп, мында ички коомдук пикирди Түркияга каршы козгоо көздөлгөн» («Анадолу» маалымат агенттиги 2015-жыл, 26-июнь) деген сыяктуу билдирүүлөрдү берди. Кийин 2-июлда Түркиянын премьер-министри Ахмад Давутоглу «Кабар 7»ге «Биз чегараларыбызды коргоо үчүн керектүү болгон чараларды көрдүк, качан өлкө коопсуздугуна коркунуч туудуруучу бирер кырдаал жүз бергидей болсо, аракетке өтүүгө буйрук берилген, эч ким “Түркия эртеби кечпи аскерий аралашууга киришет” деген күмөнгө барбасын» деди. Эртеси күнү Конья ТВга берген интервьюсунда мындай деди: «Түркия Сирия иштерине дароо иш жүзүндө аралашат деп күмөн кылуу туура эмес, бирок, Түркия Сирия тарабынан болушу мүмкүн болгон ар кандай коркунучка даяр абалда турат жана бардык окуялардын өнүгүшүн жакындан күзөтүп барууда». Дагы: «Эч ким бизди авантюрага алданат деп ойлобосун», – деди.
  • Ушундай көрүнүштө кээде аралашуу туурасында, кээде аралашпастык туурасында билдирүүлөр жаӊырууда. Мунун артынан бир билдирүүнү четке каккан карама-каршы билдирүүлөр жаңырды. Мисалы, түрк тилинде чыгуучу Хуррият журналынын 2015-жыл, 5-июлдагы санында «Башкы штабдын Булу жана Кайсери вилаяттарындагы талаа комнадирлери менен чегара бөлүктөрүнүн командачылары чакыртылып, алар менен Түркия-Сирия чегарасындагы окуялар өзгөрүшү артынан өткөрүлүшү мүмкүн болгон ыктымалдуу аскерий операция туурасында кеӊешилгени» кабарланды. Бирок «Анадолу» маалымат агенттигинде 2015-жыл, 6-июль күнү аскерий булактардын муну четке кагуучу билдирүүсү таркатылды. Ага ылайык, аскерий башкы штаб «чегарадагы окуялар өзгөрүшү артынан чегара кошуундары менен атайын күчтөр кошуундары командачыларынын башкы штабга чакырылганы туурасындагы сөздөр чындыктан алыс, анда айтылган бул түрдөгү жолугушуу болгон жок о.э. бул тууралуу пландар да жок» деп бул кабарды четке каккан.
  • Мына ушундай карама-каршы, а бирок, абдан эсеп-китеп менен берилип жаткан билдирүүлөр фонунда аскерий билдирүүлөр да жаӊырды. Мисалы, маалымат каражаттарында Сирия чегараларына кошуундар жайгаштырылып жатканы, Түркия бул түрдөгү аралашууга кошумча жардам катары аскерий аба күчтөрү жана 400дөн ашуун бронетранспортер тартканы, Түркия Халаб шаарынын түндүгүндөгү согуштар күчөшүнүн артынан чегараларга 54 миӊден ашуун аскер, танктар жана зениттик ракеталарды жайгаштыруу аркылуу коргонуу күчтөрүн бекемдегени кабар кылынды. Кабарлар ушуну менен аяктабады. Ал тургай, Түркиянын аскерий аралашуусу Сирияга көз тигип гана калбастан, кадам да таштап жаткандай көбүртүп-жабыртуучу кабар даражасына да жетти! Айрым маалымат каражаттары Түркиянын келечек пландары менен байлданыштуу расмий чөйрөлөр тарабынан атайын даярдалган кабарларды чыгарды. Мисалы, түрк тилинде чыгуучу Ени Шафак гезитинин 2015-жыл, 28-июндагы санында мындай кабар басылып чыкты: «Түркия башкы аскерий штабы Сирия түндүгүндө күрт мамлекети тикеленишине же анын реалдуу маселе катары тыгыштырылышына жол бербестик максатында Сирияга аскерий аралашууга тиешелүү аскерий план түздү. Бул план Сирия ичкерисине 28-33 км. кирген, 110 км. узундуктагы буфердик зона жаратууну өз ичине алган. О.э. эл аралык коомчулук колдоп-кубаттоого жетишилгенден кийин Сирияга эки жыл мөөнөткө 18 миӊ аскер жиберүү планын да өз ичине алган. Эгерде эл аралык коомчулук ыраазы болбосо, кудум Израиль Ливандын түштүгүндө кылганы сыяктуу Түркия да өзү эгемендүү буфердик зона жаратууну көздөй кадам таштайт».
  • Ушул кабарларды жана башка окуялар агымын жакшылап пикирлеген адамдын көзү жете турган нерсе, булардан амалий аскерий аралашууга караганда көбүрөөк Түркия ичкериси максат кылынган. Мунун себептери төмөнкүдөй:

а)  Түркия өкмөтү өзүнүн аскерий даярдыктарына Сирия түндүгүндө күрттөрдүн өнүгүшүн колдоп жаткан болсо да, бирок, алардын өнүгүшүнөн өз максаттарында пайдаланган. Мисалы, ушул өкмөттүн өзү Пешмергага Түркия жерлери аркылуу Айнул Араб-Кобаниге кирип алышына уруксат берди. Белгилүү болгондой, Пешмерга ал жерге кирүүдөн күрттөр менен биргеликте согушуп, аларга жардам берүүнү о.э. Талл Абяз шаарын ээлөөнү максат кылган эле. “Кабар Түрк” гезитинин 2015-жыл, 4-июлдагы санында бир кабар жарык көрдү. Анда гезит кабарчылардын бири мындай дейт: «Биз кечээ бир топ журналисттер түрк өкмөтүнүн жогорку даражалуу жооптуусу менен жолугуштук жана жолугушууда өкмөт Демократиялык Биримдик партиясынан өзү үчүн максат катары таптакыр пайдаланбастыгына көзүбүз жетти».

Жооптуунун баса белгилешинче, Демократиялык Биримдик партиясынын Африн жана Кобанини байланыштырып туруучу регионду көзөмөлгө алышы т.а. күрттөрдүн Түркияга өтүүсү үчүн өтмөк жаратуу ыктымалы бүгүнкү баскычта эсепке алынбай турган маселе болуп эсептелет». Ал дагы мындай деди: «Демократиялык Биримдик партиясынын Талл Абязды көзөмөлгө алышы Түркия кызыкчылыгы болуп эсептелет, бирок Демократиялык Биримдик партиясынын фатхтар принциби негизинде өкүмдарлык кылып жаткан региондорундагы иш-аракеттерине келсек, бул нерсе региондо орточо жана узак мөөнөттүү жаӊжалдарды, проблемаларды келтирип чыгарышы мүмкүн». Т.а. түрк өкмөтү менен Сирия түндүгүндөгү күрттөр ортосундагы мамиле аскерий операцияны пайда кыла турган даражада суук эмес.

б)  Америка Сирияга кургактыктан жүргүзүлө турган аскерий аралашуу туурасында дагы деле токтом кабыл алган жок. Ал дагы деле Сирияда эски малайдын ордуна кимди жаңы малай кылуу туурасында изденүүдө. Сириядагы калыс кыймылдар  анын ушуга чейинки аракеттерин жокко чыгарышты жана бул калыс кыймылдар анын аракеттерин жокко чыгарууну улантышын Аллахтан сурайбыз. Качан гана Америка аскерий операцияга ыраазы болмоюнча (же ушуга буйрук кылмайынча) Эрдоган жана анын өкмөтүнүн билдирүүлөрү куру кыйкырыктардан нарыга өтпөстүгүн вакиъ көрсөтүп турат. Буга көп нерсе күбө:

  • Түрк өкмөтү Сирия ичкерисинде тынч же коопсуздук зоналарын жаратууну Америкадан көп жолу суранды, а бирок, ал ыраазы болбоду. Давутоглу 2014-жылдын октябрь айында 4 метрлик кургактык жолун алуу аркылуу буфердик зона жаратуу ыктымалы бар экендиги туурасында сүйлөдү. Бул сызык Латакиядан Хасакага чейин созулуп, узундугу 720 км.ге, кеңдиги 70 км. Сирия ичкерисине кирген т.а. Сирия жерлеринин үчтөн бирин түзөт. Ал эми Америка муну четке какты жана ал ишке ашпай калды… Жакында Түркиянын жээк көрүнүшүндө коопсуздук зоналарын жаратуу үстүндө изденип жатканы туурасында сөздөр пайда болуп калды. Жээктин биринчи учу Жароблуста башталса, экинчиси Айнул Арабда аяктайт. Жергиликтүү макалаларда Курдистан Демократиялык Биримдик партиясы Түркиянын чегара аймактарында өкүмдар болушунун артынан түрк президенти Эрдогандын чегараларда буфердик зона жаратууну үйрөнүп жатканы кабарланды. Ошондо Америка өзүнүн маалымат өкүлү Жон Кирби аркылуу буга раддия билдирди: «Пентагон да, Америка армиясы да, НАТО да учурда буфердик зона жаратууга муктаждык сезбей жатат жана ошол себептен улам кыйынчылыктар болууда, бирок биз Түркиянын өз чегараларынан тынчсызданып жатканын түшүнөбүз» (Рейтер 2015-жыл, 30-июнь). Түрк өкмөтү Америкадан кескин четке кагуучу жоопту алгандан кийин, мындай кыжалатчылыктан өзүн алып качууга аракеттенди: 2015-жыл, 30-июнда премьер-министрдин жардамчысы Иброхим Калин мындай деди: «Бул жерде биздин чегараларыбыз коопсуздугун камсыздоо үчүн көрүлүп жаткан иш-чараларды «Түркия согушка кирип жатат» деп түшүндүрүү акыйкатка туура келбейт». Дагы мындай деди: «Биз буфердик зона каалайбыз деген сөздү эч качан айтпаганбыз, тескерисинче биз учууга тыюу салынган коопсуз зонаны каалашыбызды айтканбыз, ошол себептен коопсуз зона жаратуу зарыл» (Анадолу 2015-жыл, 30-июнь). Бирок, Түркия дагы деле коопсуздук зонасын да, Буфердик зонаны да жарата албады, себеби буга Америка ыраазы болбой жатат!
  • О.э. Эрдогандын «экинчи Хама» кайталанышына таптакыр жол бербестиги туурасындагы билдирүүсү. Бул билдирүүгө бир топ убакыт болду жана унутулайын деп калды! Ошого карабастан, кылмышкер Асад режими Америка жагып койгон «жашыл чырак» негизинде, Россиянын колдоп-кубаттоосу астында, Иран жана анын Ливандагы Хизбулласынын түздөн-түз аралашуусу менен шаарма-шаар кыргын кылууну улантып, экинчи Хама тургай, үчүнчү жана төртүнчү Хамаларды келтирип чыгарууда, бардык тарапты кыйрандыга айлантууда… Ушулардын бардыгына карабастан, ага каршы Эрдоган жана анын режими эч нерсе кылган жок. Себеби, анын каалоосу Америка каалоосуна байланган, Америка анын билдирүүлөрүн жүзөгө чыгарышына дагы деле уруксат бербей жатат. Бул билдирүүлөрү Аллахтын тулпарларынын туяктары шамалында калган чаӊ сыяктуу жок болуп кетти… чындыгында (риваятта айтылгандай) бүгүн Анкара-Умурияда Муътасимдерди жана Стамбул-Константинопольдо Фатихтерди кайрадан пайда кылуу үчүн Аллахтын тулпарлары «келгиле мени мингиле да, Аллахка шыктангыла», деп турушат…!
  • Ошентип бул аскерий даярдыктан максат, иш жүзүндө Сирияга кирүү эмес. Бул үчүн Американын өз кызыкчылыгына карай уруксат бериши шарт. Мен туура деп билгеним ушул, бул аскерий даярдыктан максат, жергиликтүү коомчулуктун пикирин тартуу. Мындан төмөнкүлөр этибарга алынган:

а)  Жогоруда айтканыбыздай премьер-министрдин билдирүүсүнөн ачык көрүнүп турган нерсе, Түркиянын Сирияга аскерий аралашкысы жок жана муну авантюра деп эсептейт. Бирок, ал Сириядан келиши мүмкүн болгон ар кандай коркунучка каршы күрөшүүгө даяр турат. Т.а. президент Эрдоган тилге алган Сайкс-Пико чегараларын бузууну эмес, тескерисинче өз чегараларын коргоону каалап жатат.

б)  Сирияда күрттөр мамлекети тикеленишинен тынчсыздануучу добуштар Түркия ичкерисинде кулакка даана угулуп калды. Мындай добуш ээлери эгерде бул мамлекет тикелене турган болсо, Курдистан Жумушчулар партиясын Түркияга каршы кайрадан аскерий операция жүргүзүүгө кайраттандырып коёт деген пикирде. Чындыгында, 2013-жылдын март айында алардын Түркия ичкерисиндеги аскерий операциялары токтоп калган эле. Ошондо партия жетекчиси Ожалон камактан туруп, согушту токтотууга жана куралдуу партиясын Түркиядан тышкарыга чыгып кетип, ошол жерде тынч куралсыз ишмердүүлүк жүргүзүүгө чакырган эле. Ошондуктан, бул аскерий даярдык дал ушул тынчсыздануучу добуштарды тынчытып турууга да кызмат кылат.

в)  Эрдоган шайлоолордо көп добуш ала албады, анын Сириядагы туруксуз позициясын каралоочу оппозициялык добуштар  күчөп кетти, анын үстүнө эгерде Давутоглунун мыйзамда белгиленген убакыттын ичинде өкмөттү түзүү колунан келбей турган болсо, мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү ыктымалы аныгыраак болуп калды. Ушулардын бардыгы Эрдоган жана Түркия өкмөтүн кудум өкмөт өз коопсуздугуна кайгырып жаткандай жана кудум Түркия дагы деле кубаттуу мамлекеттей көрсөтүүгө мажбур кылды. Ал ошону менен өзүнө карата оӊ көрүнүштөгү коомдук пикир пайда кылып аламын деп ойлоп жатат.

Кыскасы, бул иштер жана аскерий даярдык Сирия түндүгүндө иш жүзүндө аскерий аралашуу жүз беришине караганда көбүрөөк ички коомдук пикирди пайда кылууга жана тынчтандырууга каратылган. Бирок, качан Америка Түркиянын аралашуусу өзүнүн Сириядагы планына кызмат кылат деген пикирге келип калса, бул даярдык иш жүзүндөгү аралашууга айланышы мүмкүн… Биз кудурети кеӊ Аллахтан Америка жана анын малайларынын пландарын жокко чыгарып, бирер жакшылыкка жетише албаган абалда артка кайтарып ташташын сурап дуба кылабыз. 

 26рамазан, 1436-х.

 13-июль, 2015-м.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here