Нурсултан Назарбаев Казакстандын Дүйнөлүк соода уюмуна кошулушу туурасындагы протоколго кол койду

266
0

 “Kun.uz” сайтынын кабар беришинче, 27-июлда Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев жана Дүйнөлүк соода уюмунун (ДСУ) башкы директору Роберто Азеведо ДСУнун Женевадагы башкы штабында Казакстандын ДСУга кошулушу боюнча протоколго кол коюшту.

 ДСУнун Башкы кеңеши 27-июлда өткөн жыйында Казакстандын ДСУга кошулушу боюнча документтер пакетин бир добуштан тастыктады. Казакстан бардык расмийчиликтер ишке ашырылгандан кийин 2015-жылдын акырында расмий түрдө ДСУнун 162-мүчөсүнө айланат.

 Баяндамага кол коюлгандан кийин Азеведо Назарбаевге сүйлөшүүлөр жараяны аяктаганын билдирүүчү “Kazakhstan” деген жазуусу бар табличканы берди. Казакстан президенти ушул окуяны тарыхий окуя деп атады.

 Өз кезегинде ДСУнун башкы директору Роберто Азеведо да 27-июлду “Казакстан жана ДСУ үчүн тарыхий күн” деп атады.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here