Обама: Британия Европа Союзунун курамында калышы шарт

293
0

Эгерде Британия дүйнөлүк саясатка таасири болушун кааласа Европа Союзунун курамында калышы керек. Бул тууралуу АКШ президенти Барак Обама айтып чыкты.

АКШ президенти Британияда талаш-тартышка себеп болуп жаткан Европа Союзу курамында калуу же калбастык маселесине көӊүл буруп, Британиянын Европа Союзу курамынан бөлүнүп чыгуу пикири туура эместигин айтты. Обаманын айтымында, дүйнөлүк саясатта Британиянын таасири бар болушу үчүн ал Европа Союзунун курамында калышы керек.

Британияда Европа Союзунун курамында калуу же калбастык маселеси элдик добуш берүүгө коюлган. Бул маселе 2017-жылга чейин чечилип, бул жаатта токтом кабыл алынышы назарда тутулган. ВВС маалымат агенттигине интервью берген Обама Британияны Европа Союзунун курамынан бөлүнүп чыгуунун натыйжаларынан эскертти.

Обаманын билдиришинче, Бириккен королдук Европа Союзунун курамында калып, трансатлантикалык союзга болгон ишенимин күчөткөн. Ошону менен бир катарда, ал экинчи дүйнөлүк согуштан кийин дүйнөдө тынчтык жана туруктуулукту камсыздоо үчүн уюштурулган уюмдардын “тараза ташы” болуп эсептелет. Обама: “Британия бул милдетин улантууга мажбур”, – деген пикирди айтты.

О.э. Барак Обама Британия АКШнын эң жакшы өнөктөшү экендигин да айтып өттү. Британиянын премьер-министри Девид Кэмеронго да мактоолорду жаадырып, Британия НАТОнун талабын аткаргандыгын алкыштады. НАТО коргоо системасын бекемдөө үчүн ички дүӊ продукциянын 2 пайызын жумшоону талап кылган эле. Бул жаатта Кэмеронго басым өткөргөндүк туурасындагы айыптоолорду четке каккан Обама экөөнүн ортосунда ушунчалык ажайып жолугушуулар болуп өткөндүгүн айтты.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here