АКШ админстрациясы Иран жана 5+1 мамлекеттери ортосунда түзүлгөн ядролук келишимге кошумча түрдө коомчулукка ашкере кылынбаган башка жашыруун келишимдер да түзүлгөндүгүн моюнга алды. АКШ президенти Барак Обаманын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Сюзан Райс журналисттердин Ирандын ядролук программасы үстүндө түзүлгөн келишим боюнча суроолоруна жооп берип жатып, мындай жашыруун келишим бар экендигин тастыктады. Райстын айтымында, коомчулукка ашкере кылынбаган жогорудагы келишим Тегерандын ядролук программасынын аскерий жактарын да өз ичине алат.
Сюзан Райстын баса белгилешинче, мындай кошумча келишимдер коомчулукка ачыкталбайт. Ал тургай, Обама админстрациясы тарабынан АКШ конгресине да жабык түрдө сунушталгандыгын билдирген Райс “Бул жерде бизге билип, конгресс билбеген эч нерсе жок” деп кошумчалады.
Иран менен МАГАТЕ ортосунда түзүлгөн жашыруун келишимдер Вашингтондо бийликти ээлеп турган катмар менен конгресмендер ортосунда ядролук келишим боюнча келишпестиктерге себеп болуп жатканы айтылууда. Ирандын ядролук программасы боюнча түзүлгөн келишимге күмөн менен карап жаткан конгресс мүчөлөрү мамлекеттик башкаруудагы адамдарды ядролук келишимге тиешелүү айрым маалыматтарды жашыргандыкта айыптап жатышат. Ядролук келишим конгрессте сентябрь айынын баштарында добушка коюлушу күтүлүүдө.