Путин: Россия жана АКШ алакалары дүйнө туруктуулугу үчүн маанилүү фактор

393
0

Россия президенти Владимир Путин Американын эгемендүүлүк күнүнө байланыштуу АКШ президенти Барак Обамага куттуктоо телеграммасын жөнөттү. Путин телеграммада Москва жана Вашингтон ортосундагы алакалар дүйнө туруктуулугу үчүн ачкыч болуп эсептелишин билдирди.

“Президент Путин өзүнүн куттуктоо телеграммасында Россия жана АКШ ортосундагы алакалар – мейли кээ бир маселелерде өз ара келишпестиктер бар болсо да – бүт дүйнөнүн туруктуулугу, коопсуздугу үчүн маанилүү фактор болуп калышына өзгөчө көӊүл бурду”, – деп айтылат Кремлден берилген билдирүүдө.

Россия президенти улуттук коопсуздук стратегиясын мамлекет дуушар болуп жаткан коркунучтарга ылайык көрүнүштө өзгөртүүгө чакырды. Президент Путин бул тууралуу Россия коопсуздук кеӊешинин жыйынында айтып өттү. Путиндин айтымында, Россияга каратылган басымдардын себептери белгилүү. Ал да болсо Россия өзүнүн ички жана тышкы саясатында көз карандысыз жолду карманышына жана өз суверинитетинде башкалар менен эсептешпестигине барып такалат.

Москванын тышкы саясаты туурасында президент Путин төмөнкүлөрдү баса белгиледи; “Россия эл аралык маселелерде теңдик негизинде кызматташууга даяр. Ошол эле убакта экономикалык жана гуманитардык алакаларды да күчөтүүгө чакырат…”, “Биздин тышкы саясат жаатындагы жандашуубуз өзгөрүүсүз кала берет. Биз теңдик негизинде кызматташууга жана эл аралык маселелерди дабалоо жаатында ортоктош иш кылууга даярбыз. Өнөктөштөрүбүз менен башкалардын суверинитетине жана улуттук коопсуздугуна зыян жеткирбеген абалда өз ара кызыкчылыктарды урматтоо негизинде алакаларыбызды улантабыз”.

Туркистон:

Путин аттан түшсө да ээрден түшпөгөн саясий чабандеске окшоп жатат.

Ал АКШга бир аз коркутуучу телеграмма жолдоо менен, дүйнөнү колония кылып алган региондорунда, эл аралык саясаттагы жетекчи мамлекеттер аралык жашыруун келишимдерине амал кылууну талап кылууда. Путин бул билдирүүсү менен Европа мамлекеттерин коркутуп коймокчу. Себеби, АКШ Россия менен татыктуу мамиле кылбаса жана санкцияларын алып таштабаса, дал ушул Европа региону согуш майданына айланып кеткени турат.

Өз кезегинде АКШ аскерийлеринен бир нече жетекчи даражадагы кызматкерлер да Россияга карата ачык коркутуучу билдирүүлөрдү бере башташты. Вашингтондо АКШ башкы штаб башкармалыгынын жетекчиси Мартин Демпси Россияга каршы “коргоо жана коопсуздук” стратегиясы негизиндеги документ долбоорун сунуштады. Бул документте негизинен Россияны Крымды аннексия кылып алгандыкта айыптап, аны бул региондон сүрүп чыгаруу пландары иштелип чыккан.

Путин да Крым маселесине басым жасап, бул анын өмүр-өлүм маселеси экендигин айтып, Россия Крым үчүн Украинага согуш ачып жибериши мүмкүн экенине ишара кылды.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here