Кытай жана Россия ортосундагы соода 5 ай ичинде 32 пайызга төмөндөп кетти

378
0

Кытайдын соода министринин орун басары Ван Шоувэнь Кытайдын БРИКСтин калган мамлекеттери (Россия, Бразилия, Индия, Түштүк Африка Республикасы) менен соода айлануусу азайганын маалымдады.

“Мени БРИКС мамлекеттери менен Кытайдын товар айлануусу кыскарып кеткени ойлондурууда. Биринчи 5 айлык ичинде  Россия менен болгон соода 32 пайызга, Бразилия
менен 22 пайызга, ТАР менен 29 пайызга түшүп кетти, Индия менен болгону 1 пайызга жогорулады”, – деп айтты министр.

 Шоувэнь “бул  төмөндөө убактылуу эле көрүнүш экенине үмүт кыламын”, – деп кошумчалады.

Буга чейин Россия президенти Владимир Путин Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форумунда Кытайды “номур биринчи” соода шериктешибиз деп айткан эле. Путин форумда Кытай жана Россия ортосундагы соода 200 млрд долларга чейин өсөрүн айткан.

Туркистон

Кытай сыртынан Россия менен шериктеш көрүнгөнү менен, а чындыгында алар экономикалык жактан өз ара атаандаш эсептелишет. Алардын ортосундагы атаандаштык өзгөчө Борбор Азия мамлекеттериндеги энергетикалык ресурстар жана бул аймакты өз таасири астында кармап туруу үчүн болгон күрөштө көрүнөт.

Кытай АКШ жана Европа мамлекеттери тарабынан Россияга каршы кылынган санкцияларга расмий кошулбаган болсо да, бирок жашыруун түрдө Россияга атаандаштык кылууда. Бул туурасында  ВТБ  банкынын биринчи орун басарыЮрий Соловьёв “Finance Asia”да кабар берген.

 Соловьёвдун айтышынча, Кытайдын көптөгөн уюмдары Россия банктары менен операцияларды ишке ашыруудан баш тартууда. Алар өз ара сооданы финансы менен камсыздоону сезилерлик деңгээлде азайтышты, алар бул милдетти Россиялык шериктерге тапшырышты.

“Биздин мамилелер кыйынчылыктарсыз өтпөйт. Эки тараптуу шериктештиктин ишке ашуусун токтотуп турган көйгөй – АКШ жана ЕБ санкцияларды киргизгенден кийин – Россия банктарына карата Кытайдын карама-каршы позицияда туруусу. Бүгүнкү күндө көптөгөн Кытай банктары Россия банктары катышкан банктар аралык операцияда катышпай жатышат.Мындан тышкары, соода келишимдериндеги катышууларды сезилерлик даражада азайтышты, өзгөчө, сооданы финансылоо боюнча”, – деп жазган Соловьёв.

Акыркы жылдарда жогорку темп менен өсүп келген Кытай экономикасында болуп жаткан азыркы төмөндөөлөр да, өзгөчө сырье экспортуна негизделип калган Россия менен соода алакаларынын азаюусуна алып келүүсү табигый.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here