Жаш баласын тарбиялап жаткан студент энелерге жөлөк пул берилбей турган болду

356
0

Өзбекстан өкмөтү адамдардын жашоо деӊгээли туруктуу көрүнүштө көтөрүлүп бара жатканы жана калктын социалдык коргоого муктаж катмары колдоого алынып келе жатканы туурасында тынымсыз сайрап келе жаткан болсо да, иш жүзүндө дал ошолор үчүн арзыбаган болсо да жөлөк болуп жаткан социалдык төлөмдөрдөн баскычма-баскыч куру калтырып келе жатат.

 “Норма.Uz” сайтынын Өзбекстандын Билим берүү министрлиги жана Финансы министрлигинин биргелешкен токтомуна таянган абалда кабар беришинче, эми күндүзгү окуу негизинде окуп жаткан о.э. эки жашка чейинки баланын энеси болгон студент аялдар мындан кийин балдары үчүн жөлөк пул алуу укугунан ажырашты.

 “Көрсөтүлгөн эки жашка чейинки баласы бар о.э. күндүзгү окуу негизинде окуусун улантып жаткан адамдарга мындан кийин толук өлчөмдөгү стипендия гана төлөнөт. Буга чейин бир эле убакта стипендия жана баланы бакканы үчүн жөлөк пул төлөө назарда тутулган эле”, – деп айтылат кабарда.

 Расмий өкмөт социалдык төлөмдөрдү биринчи жолу кыскартып жаткан жок. “Фергана” маалымат агенттиги берген маалыматтарга ылайык, 2013-жыл, 1-январдан баштап Өзбекстанда балагатка жетпеген эки балалуу үй-бүлөлөр үчүн айлык жөлөк пул эң төмөнкү айлык акынын 100 пайызынан 80 пайызга чейин, үч балалуу үй-бүлөлөр үчүн болсо 140 пайыздан 120 пайызга чейин төмөндөтүлгөн эле. Ошол эле убакта жөлөк пул белгиленип жаткан балагатка жетпеген баланын максималдуу жашы 16дан (жалпы билим берүү мектептеринде, академиялык лицейлерде жана коледждерде окуп жаткан балдар үчүн 18 жаштан) 14 кө чейин түшүрүлдү.

 Кийинчерээк, Өзбекстан өкмөтү тубаса майыптардын энелерине пенсия белгилөө үчүн жогорку окуу жайларда, аспирантура жана докторантураларда о.э. клиникалык ординатураларда окуу убагын эмгек стажына кошпостук туурасында токтом кабыл алды.

 О.э. пенсионерлердин социалдык коргоосу да бир топ жеӊилдетилген. Мисалы, Өзбекстан расмийлери 2013-жылы пенсияга беш жана он жыл мурда чыга турган артыкчылыктуу кесип тайпалар санын кыскартты; 2009-жылы адамдарды “совет” пенсияларысыз калтырды, 2010-жылы врачтар жана педагогдорду коммуналдык төлөм үчүн болгон кошумча төлөмдөрдөн куру калтырды, 2011-жылдын январынан баштап болсо катардагы пенсионерлер үчүн жеӊилдиктерди бекер кылуучу токтом күчүнө кирди. Мисалы, мындай укуктардан айыл чарбасы, авиация инженер-техник курамы, токуучулук өнөржайы кызматкерлеринин өзүнчө тайпалары, шаардык адам ташуучу транспорттордун айдоочулары, экологиялык кырсык болгон жерлерде иштеген жарандар о.э. беш жана андан көп балалуу энелер куру калышты.

 Мындан тышкары, 2012-жылдын башында Саламаттыкты сактоо министрлиги ооруканалардагы акысыз орундарды кыскарта баштаган эле. 2012-2015-жылдарга болжолдонгон план боюнча, мамлекет бойлоп мындай орундар саны 18 миӊге чейин кыскартылышы жана 127 миӊ орундан 109 миӊи калышы керек. Түпкүлүгүндө болсо, ооруканалардагы акысыз орундардын аталышы эле акысыз болчу, расмий өкмөт бул орундарды кыскартуу аркылуу бюджеттен айлык алуучу врач жана медайымдардын санын кыскартуу эсебин алган о.э. бул аркылуу аз болсо да талап-тонолгон жана бошоп калган мамлекеттик бюджетти толтурууну көздөгөн эле.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here