Унутулуп жаткан ооруну жаӊыртуудан кимге пайда?

255
0

  Юлдуз Усманованын Кыргызстан мамлекетин “махаллага” окшотушу социалдык тармактардагы кызуу талкууларга себеп болууда. Юлдуз Усманованын “Америка добушу” радиосуна берген интерьвюда билдирген пикири жана БУУнун башкы катчысы Пан Ги Мундун Өзбекстанга болгон сапары алкагында президент Ислам Каримовдун 2010-жылдагы Ош окуяларынын айыптууларын жазалоо туурасындагы билдирүүсү менен кандайдыр байланыштуулугу барбы?

 Ооба, Ош окуялары Орто Азиянын оорулуу чекитине айланды. Бул оорулуу чекиттен саясий күчтөр же чоӊ мамлекеттер геосаясий оюндарда пайдаланууга аракет кылышат. Каримов да Пан Ги Мун менен болгон жолугушуу учурунда Ош окуяларына айыптууларды таап жазалоо маселесин көтөрүшү Кыргызстандагы өзбектерди ойлогонунан эмес, балким “корккон биринчи муш көтөрөт” дегендей көрүнүштө иш кылып, өз өлкөсүндөгү мыйзам бузуулардан чалгытуу максатында теманы ушул тарапка бурду.  Юлдуз болсо кимдир бирөөнүн кызыкчылыгы үчүн сайрап жатат.

 Зулумдардан тойгон, өз акысын талап кылып демонстрацияга чыккан тынч калкты ири калибрдүү автоматтар менен атып, кыргын кылууну эмне менен актоого болот? Өз калкын кырган диктаторду актоого аракет кылган бул артист акырындап алакалары кайрадан калыбына келип жаткан Кыргызстандагы эки улуттун ортосуна дагы кайрадан чагым салуунун ордуна – эгерде чындап эле өз калкы,  анын кайгы-муӊу жөнүндө сүйлөмөкчү болсо – Өзбекстанда жүз берип жаткан адилетсиздиктер, мыйзам бузуулар, ишке ашырылган кыргындарды ачып бербейби? Жок, ал бул нерселер тууралуу айтууга буйрулбаган.

 Ошондуктан да Кыргызстан калкы ар кандай карамүртөздөрдүн чагымдарына, ширин сөздөрүнө алданбастан, окуяларга исламий көз караштан туруп баа бериши керек. Антпесе, Орто Азия калктары башкалардын кызыкчылыгы жолунда өз балдарын курмандыкка чала берет.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here