Сариев: ИИМ жана УКМК медреселерди текшериши керек

268
0

 Кыргызстандын премьер-министри Темир Сариев ИИМ жана УКМКнын жетекчилерине диний окуу жайларды текшерүү милдетин жүктөдү. Премьер-министр бул тапшырманы жума күнү болуп өткөн диний саясатты талкуулоого арналган өкмөттүк жыйында берди.

 Диний иштер боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Орозбек Молдалиевдин айтымында, медреселерде пайда болгон абалга өзгөчө көӊүл буруу зарыл.

 “Кээ бир медреселерде ал тургай орто билимге ээ болбогон мугалимдер бар. Ошону менен бирге алар жаштардын арасында экстремисттик идеяларды активдүү үгүттөп жатышат”, – деди Молдалиев.

 Премьер-министр  медреселерде текшерүү жүргүзүү милдетин ИИМ жана УКМКнын мойнуна жүктөдү.

 “Эгерде мындай фактылар тастыктала турган болсо, айыптууларды кылмыш жоопкерчилигине тартуу керек”, – деп баса белгиледи Сариев.

 Жыйында диний саясат боюнча концепция тастыкталды. Кабар берилишинче, аны ишке ашыруу үчүн 22,4 миллион сом керек болот.

Туркистон: 

2008-жылы Бакиевдердин кол астында премьер-министрлик кызматын аркалап турган Адхан Мадумаров “Ноокат окуясы” деген аталыш менен белгилүү болгон карамүртөздүктү ишке ашырган эле. Мадумаров да Ислам дининдеги мубарак майрам болгон Рамазан айтын белгилеп  жаткан мусулмандарга каршы өтө катуу чараларды колдонуп, ал тургай бир нече аялдарды да узак мөөнөткө каматып жиберген эле.

Ал адам кор болду, ичкиликке башы менен кирип кетип убагында керексиз мата сыяктуу тентиреп жүрдү. Мадумаров тообо кылып, Аллах аны кечирбесе, акыреттеги абалы өтө жаман болот. Себеби, ал чегинен чыкканда ага таянган бир катар орган кызматкерлери да зулумдарын өтө күчөтүп жиберишкен эле. Ал тургай, бир карындашыбыздын боюндагы түйүлдүктү атайылап уруп түшүргөн абалдар болгон. Булардын бардыгы унутула элек, мындан кийин да  эч качан унутулбайт.

Сариев да өмүрүнүн аягына чейин ушул кызматта турбайт. Атамбаевден кийин да ал саясатчы бойдон кала берет. Балким ал да Мадумаров сыяктуу дагы уялбастан шайлоолорго катышар. Бирок, Ислам жана мусулмандар үстүндө карамүртөз күчтөргө жол ачып бербесе өзү үчүн жакшы болмок. Себеби, бул күч түзүмдөрү анын буйруктарын аткарып жатып чектен чыгып кетишет. Натыйжада Сариев да Мадумаров сыяктуу каргышка калып, тарыхтын кара саптарына жазылып калышы мүмкүн.

Албетте алардын мусулмандарга каршы бул сыяктуу аракеттери бюджеттеги миллиондогон акчалардан пайдаланып калуу максатында уюштурулууда. Бирок, ошол бюджеттен бейпайда жумшала турган каражаттар да, биздин т.а. ошол мазлум мусулмандардын маӊдай терибиз менен тапкан акчаларыбыздан тартып алынган үлүштөр эмеспи?

Учурдан пайдаланып, Сариев жана ал сыяктуу кээ бир өткүнчү мансаптарды ээлеп турган мусулман боордошторубузду эскертип коймокчубуз. Эй боордоштор, тообо кылгыла жана өз диниӊерге каршы Аллахка душмандык кылуудан тыйылгыла!. Улуу Рамазан күндөрү мусулмандардын каргышы тийиши мүмкүн болгон иштерден кайткыла, ал сыяктуу буйруктарды четке каккыла жана Аллахтын каарынан корккула!

Мусулмандарды болсо, бирер мусулманды акыйкатка чакырууда суздук кылбастыкка, ал кандай мансапта же даражада болсо да, алгач мүмкүн болушунча аны акыйкатка чакырууга аракет кылууга, үмүт үзүлгөндө жана ал зулумду адат кылып алганда, анын ишин Аллахка тапшырып, анын зулумуна каршы мазлумдар тарабында туруп күрөштү улантууга чакырабыз.

Түпкүлүгүндө, бул бийликтеги мусулмандардын баары эле биз ойлогондой жырткыч же залим эмес. Аларды жана мамлекетибизди өтө бечара абалга алып келип туруп, ага ар тараптан басым өткөрүп келе жаткан дүйнөлүк куфр системасы бар. Мына ошолор жана ага чын дилден кызмат кылып келе жаткан бир катар саясатчыларыбыздан тышкары көпчүлүк жетекчилерибиз мусулмандарга каршы жүрүп жаткан зулумдарга ыраазы эмес, инша Аллах.

Ошондуктан, башыбыздагы балээлердин уясы болгон бул куфр системасына жана ага чын дилден кызмат кылып, же анын кеӊеши менен мусулмандарга зулум кылып келе жаткан адамдарга, ушул Рамазандын улуу түндөрүндө дуба кылалы. Аллах аларга ынсап берсин, тооболорун кабыл алсын. Алардын ичиндеги дилдери кулптанып калгандарга болсо, Аллахтын Өзү жетиштүү. Амиин.

 Абдураззак.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here