Сирия чегарасында аскерий даярдык

276
0

Түркиянын борбору Анкарада удаама-удаа алты жолу болуп өткөн коопсуздук жыйынынын артынан президент Режеп Таййиб Эрдоган жана премьер-министр Ахмад Давутоглу Сирия чегараларында аскерий даярдыкты баштоо үчүн буйрук берди. Бул кабарды “Адилеттик жана Өнүгүү” партиясына жакындыгы менен таанылган “Yeni şafak” гезити таркатты.

Давутоглу жогорудагы буйрукту башкы штаб башкармалыгынын башчысы Нежбет Өзелге жазуу түрүндө тапшырды. Премьер-министрдин жазуу түрүндөгү буйругуна карабастан, аскерийлерде бир аз артка чегинүү бар экендиги айтылууда.

Ишенимдүү булактардан алынган кабарларга ылайык, Түркия куралдуу күчтөрү чегара бойлоп аскерий операцияны баштоо үчүн өкмөттөн жазуу түрүндө көрсөтмө талап кылган. Бирок, бул талап куралдуу күчтөрдүн өкмөттүн токтомуна каршы экендигин билдирбейт. Максат, түрк аскерлеринин Сирияга кириши жаатында эл аралык коомчулук алдында актоого ээ болуу. Башкы штабдын билдиришинче, Сирия түндүгүндө жайгашкан “Маре” сызыгы коопсуз абалга келтирилиши үчүн аскерий операция баштоо эл аралык укук жагынан проблема пайда кылат.

Өкмөт мунун алдын алууга даярдык көрө баштаган. Түркия тышкы иштер министрлигинин – жогорудагы операция зарыл экендигин дүйнөгө уктуруу үчүн – дипломатиялык чабуулдарды башташы күтүлүүдө. Биринчи орунда АКШ, Сирия жана Иран менен сүйлөшүүлөр өткөрүлөт.

Түркия куралдуу күчтөрүнүн Сирияга бир эле мезгилде эки чекиттен, “Karkamış” жана “Öncüpınar”дан кириши күтүлүүдө. Чегарада коопсуз аймакты пайда кылуу үчүн 18 миӊ түрк аскери жөнөтүлөт.

Анкара өкмөтүнүн айтымында, АКШ башчылыгындагы коалициялык күчтөрдүн эки жылдан бери уланып келе жаткан аба чабуулдары себептүү өзгөргөн теӊ салмактуулук эӊ көп Түркиянын улуттук коопсуздугуна коркунуч туудурган. Ошондуктан, Анкара чегара бойлоп ишке ашырыла турган аскерий операция учурунда америкалыктар менен үзгүлтүксүз алакада болот.

Түркия премьер-министри Ахмад Давутоглу Түркия жана Сирия ортосунда 900 километрге созулган чегаралар коопсуздугун сактоо үчүн Түркия өкмөтү ар түрдүү ыктымалдуу чабуулдарга каршы даяр экендигин билдирди. Анын айтымында, зарыл болгон чаралар көрүлгөн.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here