АКШ өзбек чегарачыларга бир топ автомобилдерди сунуштады

231
0

 АКШ өкмөтү өзбекстандык чегарачыларга бир нече автомобилдерди сунуштады. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук кызматынын Мамлекеттик чегараларды коргоо комитетинин маалымат кызматы берген маалыматтарга таянып “12news” сайты кабар таркатты.

 Булактын жазышынча, техникаларды жеткирип берүү Өзбекстан жана АКШ ортосундагы 2001-жылы түзүлгөн наркотикалык заттарды көзөмөлдөө жана укуктук өлчөөлөр боюнча өкмөттөр аралык келишимдин алкагында ишке ашырылууда.

 “2015-жылдын 29-июнунда Америка тарап “MAN TGM 13.280 тибиндеги 20 даана автомобилди Өзбекстандын чегара кошуундары пайдаланышы үчүн сунуштады”, – деп ачыктады маалымат кызматы.

 Туркистон:

Колонизатор мамлекеттер “үчүнчү дүйнө мамлекеттери” болуп эсептелүүчү мамлекеттердин, айрыкча исламий өлкөлөрдүн  майда иштерине чейин аралашып, алардын ортосунда биримдик жана пикирлештик пайда болбостук жолунда мүмкүнчүлүгүндөгү бардык ыкмаларды ишке салып келе жатышат.

 Алар исламий өлкөлөр калктарын өз акыйдасы, тарыхы, адабияты жана  мыйзам чыгаруу булагынан бүтүндөй үзүп таштоо максатында окуу программаларына чейин, социалдык турмушу жана өз ара алакаларына чейин аралашып, өздөрү тараптан түзүп берилген программадан кылдай да четке чыгып кетпестиктерин көзөмөлдөп келишет. Ошолордун бири Борбор Азияда жашап келе жаткан дини бир, тили бир жана үрп-адат каада-салттары бири-бирине жакын болгон бир Үммөт өкүлдөрүнүн ортосундагы жараканы дагы да күчөтүү, алардын ортосуна тартылган жасалма чегараларды дагы да бекемдөө үчүн үлкөн каражат жана техникаларды берип келе жатышат. Өз кожоюндарын ыраазы кылуудан башка камы болбогон “эгемендүү мамлекеттердин” жетекчилери болсо алар тараптан берилген жардамдарды алуу аркылуу өз калктарынын мойнуна үлкөн карыз жүктөрүн илип жатышканы менен кыпындай да иштери жок.

 Кыргызстан Россия жетекчилигиндеги Евразия экономикалык биримдигине мүчө болуп киришинин астында кошуна мамлекеттер менен чегараларын бекемдеши үчүн орус өкмөтү 200 миллион доллар бөлүп берди. Мейли, бул каражат кыргыз элинин мойнуна карыз болуп илинген болсо да, орус өкмөтү бул каражаттарды иштетүүнү кыргыз кесиптештерине ишенбестен өздөрүнө караштуу компанияга өткөрүп берди.

 “Эгемендүү республикалардын” жетекчилери да өз ара келише алай калган чекиттерде бири-биринен өч алуунун эӊ оӊой жолу катары чегараларды жаап коюшат. Куда-сөөк, тууган-урук болуп кеткен, базары жана мазары бир болгон бир тууган калктардын байланыш жолдору болуп турган ууру жолдордо да көзөмөлдү күчөтүп жиберишет, мунун натыйжасыда болсо бир гана карапайым калк азап тартып келет. Каримов менен Атамбаев 8-май күнү жеӊиш майрамынын астында Москвада тартышып калышынын артынан өзбек-кыргыз чегарасында көзөмөл күчөтүлүп, карапайым жарандарга ок атылышы, мунун натыйжасында бир киши өлүп, дагы бир киши оор жарадар болушу бекеринен жүз бербеди.

 Колонизатор мамлекеттер өз таасири астындагы республикаларга чегараларды бекемдөө үчүн канчалык көп каражат жана жардам берген сайын чегараларда чатактар жана карапайым жарандардын курман болушу ошончолук көбөйүүдө.

 28-июнь күнү кечинде өзбек чегарачылары Сырдарыяда кайыкта сүзүп келе жаткан балыкчыларга карата ок чыгарышты. Натыйжада Казакстан жараны Уалихан Ахметов октон алган жарааты себептүү кайыктын өзүндө жан берди, экинчи балыкчы сууга боюн таштап, Казакстан жактагы жээгине сүзүп бара алганы себептүү жаны аман калды.

 Дагы бир кагышуу Өзбекстан-Кыргызстан чегарасында жүз берди. Кыргызстандын Мамлекеттик чегара кызматынын коомчулук жана ЖМКлар менен алакалар бөлүмү кабар беришинче, 29-июнь күнү эки мамлекеттин чегарачы наряддары ортосунда атышуу жүз берген.

 “Айдаркен чегара отряды “Кара Шоро” чегара заставасы жооптуу болгон участкада, “Машаланг” чегара көзөмөлү постунун айланасында Кыргызстан чегарачылар наряды мамлекеттик чегара сызыгында турган өзбекстандык чегарачыларга эскертүү берген. Кыргызстандык чегарачылардын чегараны бузбастык жана чегара сызыгынан ары жакта туруп патрулдук кылуу туурасындагы талабына жооп иретинде өзбек чегарачылары кыргыз чегарачыларына карата ок чыгарган. Эки республика чегарачылары ортосундагы атышуу чегаранын белгиленбеген участкасында жүз берди”, – деп айтылат Мамлекеттик чегары кызматынын пресс-релизинде. Кыргызстан тарапта зыян тарткандар жок, Өзбекстан тараптан бул тууралуу маалыматтар берилбеген. Бирок, “Азаттык” радиосу өкмөттүн Баткен областындагы өкүлүнө таянып кабар беришинче, ок атышуу учурунда өзбек чегарачыларынын бирөөсү жарадар болгон.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here