Курал камдоо боюнча Саудия дагы кайрадан биринчи орунда

265
0

Борбору Швейцарияда жайгашкан эл аралык тынчтык институту “SIPRI” чыгарган отчётко ылайык, мамлекетти тышкы кооп-коркунучтардан коргоо үчүн Саудия жумшаган каражаттын көлөмү мамлекеттин ички дүӊ продукциясынын 10,4 пайызына жеткен. Ушул жактан алганда Саудия өзүнүн бюджетине карата курал-жаракка эң көп каражат жумшаган мамлекет болуп чыкты.

Саудиянын коргонуу тармагы үчүн жумшаган каражатынын көлөмү өткөн жылдагы чыгымдарына салыштырмалуу 17 пайызга көбөйгөн. Сирия жана Яманда болуп жаткан ички согуш, ИШИМ жана башка куралдуу топтордон келиши мүмкүн деп божомолдонгон кооп-коркунуч жана Иран саясатынын кеңейиши Саудиянын аскерий кубатын күчөтүшүнө түрткү болуп жатканы айтылат.

Саудия акыркы жолу өткөн аптада Франция менен бир миллиард долларлык курал-жарак келишимин түздү. Келишимге ылайык, ал Парижден Францияда иштелип чыккан 23 вертолёт жана 50 самолёт сатып алат.

Америка мамлекети коргонуу тармагына 570 миллиард доллар жумшайт. Бул болсо, анын ички дүң продукциясынын 3,5 пайызына туура келет. Мамлекетти коргоо үчүн эң көп чыгым жумшай турган мамлекеттер тизмесинде Түркия жетинчи орунда турат. Түркия мамлекеттик бюджеттин 2,2 пайызын коргонууга жумшайт. Тизме боюнча, Саудиядан кийин экинчи орунда Израиль, үчүнчү орунда Россия, төртүнчү орунда болсо Америка турат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here