Дэвид Кэмерон: “ИШИМди Ислам мамлекети дебегиле”

329
0

Британиянын премьер-министри Дэвид Кэмерон   “Би Би Си”- ге кайрылып: “Мындан  кийин ИШИМ террористтик  уюмуна  карата “Ислам мамлекети” атамасы колдонулбасын”, –  деди. ИРНА маалымат агенттигинин кабар беришинче, Британия премьер-министри  бул тууралуу дүйшөмбү күнү “Би Би Си” радиосуна  берген интервюсунда билдирген.

“Биз ар дайым ИШИМ сыяктуу террористтик топко карата “Ислам мамлекети” атамасын колдонуу менен жүздөгөн англис жаштардын бул уюмга карата кызыгууларын пайда кылып жатабыз. Ошол себептен жаштарыбыз натуура кадамдарды таштап бул фиркага кошулуп кетишүүдө. Мындан кийин “Би Би Си” маалымат агенттиги “Ислам мамлекети” атамасынан таптакыр пайдаланбайт деп үмүттөнөмүн. Себеби, чындыгында ИШИМ  бир  Исламий мамлекет эмес”, – деди Британиянын премьер-министри.

Дэвид Кэмерондун айтымында, ИШИМ бир жырткыч топ болуп эсептелип, Исламга таптакыр тиешеси жок.

“Бизге белгилүү болгондой, миңдеген мусулмандар “Би Би Си” аркылуу бул уюмдун кылмыштарынан кабардар болгондон кийин катуу ачууланышат жана нааразылык билдиришет. Демек, булардын кылмыштары чыныгы мусулмандардыкына окшобойт”, “Бүгүнкү күндө бул уюмга каршы күрөшүү баарыбызга жүктөлгөн негизги милдет болуп эсептелет”, – деп кошумчалады Дэвид Кэмерон.

Туркистон:

Чындыгында эле Ислам мамлекети жөнүндөгү түшүнүк жана элестетүүлөр, бул аскерий уюм жүргүзүп жаткан ишмердүүлүк менен жер-асман сыяктуу бири-бирине окшобойт.

Бирок, АКШ баш болуп бул уюмду исламий башкаруу сыяктуу дүйнөгө сунуштап, аны өнүктүрүп, ага маалымат каражаттарында кеӊири мүмкүнчүлүктөрдү жаратып берүү менен аны реклама кылып келет. Максаты, ИШИМ уюмунан бир нече багыттарда пайдаланып алуу. Ошолордун бири, Дэвид Кэмерон айтып жаткан дүйнөлүк коомчулук жана калктардын алдында Ислам мамлекети жөнүндөгү элестетүүлөргө сокку берүү. Бул аркылуу, чыныгы Халифалык мамлекети пайда болушу менен аны муунтуп таштоо үчүн, жүргүзүлө турган аракеттерди дүйнөлүк коомчулук жана калктар алдында актап алууга жетишмекчи болот.

Ооба, ушул тарабынан алганда Кэмерон акыйкатты айтты. Балким ал, АКШ Россияны талкалап таштоодо “ИШИМ”ден Кавказ жана Борбор Азияда аскерий проблемаларды пайда кылууда пайдаланып алмакчы экендигине ачууланып бул сөздөрдү айтып жаткандыр. Себеби, Англия дүйнөнүн теӊ салмактуулугу бузулуп, Россия жетекчи мамлекеттер катарынан түшүп бара жатканынан жана АКШнын өзү дүйнөдөгү жалгыз жетекчи мамлекетке айланып бара жатканынан тынчсызданууда.

Эмнеси болгондо да анын сөздөрү туура, «ИШИМ» Ислам мамлекети эмес, анын бул атама менен өзүн атап алышы чындыгында Ислам жана мусулмандар үчүн бир аз зыян келтиргендей болду. Бирок, учурда бул зыян дээрлик жоготулду. Адамдарда Кэмерон сыяктуу «ИШИМ» жөнүндө туура элестетүүлөр пайда болуп келе жатат. Бирок, бул туура элестетүүлөрдү пайда кылуу үчүн даъват ишин жүргүзүп жаткан исламий кыймылдар жана жеке адамдар бир нече ашыкча аракеттерди кылууга туура келди. Албетте, мында да Аллахтын бир хикматы бар.

Кэмерондун билдирүүсү, Абу Суфян Хираклдын алдында, ал берген суроолорго ката жооп бере албастан, Пайгамбарыбыз САВ алып келген рисолат жана ал киши САВды ээрчиген адамдар жөнүндө кандай болсо, ошондой жеткирген убагын эске түшүрөт. Бул болсо, Ислам даъватчыларынын чоӊ кызматы, алар жумшаган мал жана жандары акысына жетишилген утуштардын биринин көрүнүшү. Аллах алардан ыраазы болсун. Баарыбызды алардын катарында, ошол даражаларга шерик болууга жетиштирсин, Амиин.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here