Колонизаторлор өз таасирлерин Орто Азияда бекемдөө үчүн “Ислам Мамлекети” уюму коркунучунан курал катары пайдаланышууда

291
0

Акыркы кездерде массалык маалымат каражаттарынан “ИШИМ уюму Орто Азия мамлекеттерине чабуул кылууну пландаштырууда” деген маанидеги кабарларды көп угуп жатабыз. Биринчи жана үстүртөн кароодо турмушта ушундай болууда, себеби, Орто Азиянын көптөгөн мусулмандары Сириядагы мужахиддер сабына кошулган, алардын арасында ИШИМ уюмуна кошулуп кеткендери да бар.

Айрымдарынын өз мамлекетине курал менен кайтып, кылмышкер режимден өч алышы менен коркуткан көрүнүштө кайрылуу жолдогон видеолору пайда болууда. Өкүмдар режимдер бул кабарларды көбүртүп, уюмдун согушкерлеринин санын көбөйтүп, Сирияга согушуу максатында кеткендердин санын ар дайым Казакстандан  150, Кыргызстандан 100, Өзбекстандан 500, Тажикстандан 200, Түркмөнстандан 360 адам деп келтиришет жана бул сандарга жыйырма адамдын айланасында тынымсыз кошулуп барат.

Орто Азия мамлекеттери “Талибан фундаменталисттик кыймылы менен Афганистан ИШИМ уюму согушкерлери ортосундагы кандуу кагылышта 25/05/2015 түнү салтанат болуп жаткан жерде жыйырма киши өлтүрүлдү”, “Талибан кыймылы бир бөлүгүн көзөмөлдөгөн Афганистан менен болгон чегара аймактары үстүнөн Тажикстан менен Түркмөнстан өз көзөмөлүн күчөтүүдө. Талибан согушкерлери Орто Азия мамлекеттерине коркунуч туудурбайт. Ал эми ИШИМ уюму болсо мунун тескериси, анын бүт дүйнөгө кооп-коркунучу эч кимге сыр эмес” деген жана ушуга окшогон кабарлар менен өз калктарын коркутушууда.

Массалык маалымат каражаттарынын бул кабарларынан сезүү мүмкүн болгон нерсе, кечээ эле Талибан, Өзбекстан Исламий кыймылы, Туркистон Исламий партиясы, Исламий жихад биримдиги сыяктуу айрым кыймылдар Орто Азияга “коркунуч” туудуруп жатышкан эле, бүгүн болсо алар ИШИМ уюмундай коркунуч туудурбай калышыптыр.

ИШИМ уюмуна болгон бүгүнкү күндөгү тескери үгүттөө – кудум илгери Талибан, Өзбекстан Исламий кыймылы, Туркистон Исламий партиясы жана башкаларга болгону сыяктуу – режимдердин темир колдор менен о.э. башка шылтоолор менен Орто Азиядагы мусулмандар үстүндө катуу саясат жүргүзүшүнө жакшы эле шылтоо болууда.

Мисалы, Кыргызстанда Хизб ут-Тахрир жигиттеринен камакка алынгандардын саны күн сайын көбөйүп бара жатканы күзөтүлүүдө. Өзбекстан менен Тажикстанда болсо даъватты көтөрүп чыгып жаткан мусулмандарды камакка алуу менен бирге хижабдуу аялдар көчөлөрдө куугунтукталууда жана сакал койгон эркектер режимдин катуу басымы астында калышууда.

Мусулмандарга каршы мындай аёосуз чабуул, бир тараптан аларды ойгонуудан тосуу болсо, экинчи тараптан, бул регион Америка башчылыгындагы Батыш менен Россия ортосунда эл аралык күрөш майданына айланган, колонизаторлор өз таасирлерин ал жерде бекемдөө үчүн кирүүчү эшик болуп эсептелет.

Кремль ИШИМ уюму “коркунучунан” өз максаттары жолунда пайдаланууда. Мисалы, массалык маалымат каражаттарында уюмдун Орто Азия жана Россияга болгон кооп-коркунучунан эскертүүчү телепрограммалар жана макалалар пайда болууда. Ошондуктан, Россия регионго бекем орношуп алуу максатында бир нече аскерий машыгууларды өткөрүп, Тажикстан, Кыргызстан жана Казакстанга курал-жарак жана аскерий адистер менен жардам берүүдө.

Авеста маалымат агенттиги кабар беришинче: “19/05/2015 Тажикстан түштүгүндөгү “Харб майдан” полигонунда Жамааттык коопсуздук келишими уюму (ЖККУ) Ыкчам аракеттенүүчү күчтөрүнүн аскерий машыгуулары аяктады. Анда мүчө мамлекеттерден 2500 аскер, 20 аскерий самолёт, 30 реактивдүү самолёт, 200 оор жабдыктар катышкан”.

ЖККУнун маалымат катчысы Владимир Зайнетдиновдун билдиришинче, “Коопсуздук кеңеши катчылыгынын башчысы Абдуррахим Каххоров 20/05/2015 Тажикстандын Хожанд шаарында жамааттык коопсуздук туурасында келишим үчүн жыйын өткөрүп, эки мамлекет ортосундагы коопсуздук жана тынчтык, Афганистандагы кырдаал жана жарандардын террористтик уюм тарабында согушуу үчүн кетиши туурасында сөз кылган”.

Жамааттык коопсуздук уюмуна Россия, Белорусия, Армения, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан кирет. Ыкчам аракеттенүүчү күчтөр 2009-жылы түзүлгөн болуп, анын курамы 22 миң адамдан турат.

О.э. “РИА “Новости” нин Борбордук аскерий округунун маалымат кызматына таянып кабар беришинче, Россиянын 201-номерлүү аскерий базасы менен Тажикстан кошууну Тоолуу-Бадахшан регионунда согуштук октор менен атышуу ыкмасында тактикалык машыгуу өткөрүшкөн. Машыгууда жалпысынан 100 аскерий техника, 500 аскер катышкан, 180 ден ашуун ар түрдүү буталар жок кылынган. Абадан колдоп-кубаттоону жана разведканы Ми-8 жана Ми-24 вертолёттору о.э. “Гранат”, “Застава” жана “Форпост” учкучсуз башкарылуучу аппараттары расчёттору камсыздады”, – деп айтылат кабарда.

Россия 201-аскерий базасынын Тажикстан территориясында калышы туурасындагы келишимге кол коюлгандан кийин, бирикме офицерлери республика армиясы үчүн 700 адис даярдашты: алар Т-72 танктары, БМП-2 аскерий пехота машиналары жана БТР-80 бронетранспортёрлору үчүн механик-айдоочулар жана наводчик-операторлор, “Град” реактивдүү ок атуу системасы үчүн командир жана наводчиктер.

Жогорудагылардан келип чыккан абалда, ар бир кишини: ИШИМ уюму күрөштү Орто Азияга көчүрө алабы? – деген суроо ойлондурушу мүмкүн.

Буга жооп берүү үчүн терең жана жаркын назар таштоо керек болот:

Биринчиден, эгерде уюмдун тарыхына назар таштасак төмөнкүлөр эсибизге түшөт:

 1 – ИШИМ уюму маддий иш менен алектенүүчү бир жамаат. Өз чегараларынан алыста жаңы бир фронт ачуу бул уюмдун фикраты жана тарыйкаты бар болушун талап кылат. Бирок, азыркыга чейин Сирия менен Ирактагы жана бул эки мамлекеттен тышкарыдагы мусулмандар ИШИМден анык жана түшүнүктүү программа алышпады. Алар эмне каалашат? Өздөрүнүн көз карашын дүйнө жүзүндө кантип ишке ашырмакчы? Орто Азияга баруу үчүн “Бизде Куран менен Сүннөт бар” деп айтуунун өзү жетиштүү эмес. Себеби, Орто Азия диктаторлору жана алардын уламалары да “Бизде Куран менен Сүннөт бар” деп айтышууда. Андай болгондо кандай айырмасы бар? Уюм Орто Азия калктарына эмне бере алат?

  2 – Бүгүнкү күнгө чейин уюм жарыя кылган Халифалыкка – кадыр-барктуу аалымдар, ахлул хал вал акд т.а. калктын таасирдүү адамдары о.э. Шам мужахиддери жана башкалар да, Орто Азия Исламий кыймылдары да байъат беришкен эмес. Бул болсо, уюм жасалма Халифалыкты жарыя кылышы аркылуу аткарып жаткан иштеринин шаръий экенин тастыктабайт. Кыскасы, алар Орто Азияга кайсы негизде келишет? Кылмышкер режимдерге каршы күрөшүүнүн ордуна – Сириядагы сыяктуу – Исламий кыймылдарга каршы күрөшөбү?

3 – ИШИМде чындап эле Орто Азияга өз отряддарын алып келүү боюнча планы барбы? Азырынча уюмдун жетекчилиги тарабынан Орто Азияга кеңейиши жөнүндө бирер билдирүү укпадык, бул топ Ирак жана Сириянын бир бөлүгүндө калып кетүүдө. ИШИМ тобу Иракта шиалар же күрттөр жашаган региондорго эмес, суннийлер жашаган региондорго гана кеңейүүдө. Уюм Ирак менен Сирияга кеңейүүнү каалабаган соң, анан кантип Орто Азияга кеңейиши мүмкүн. Талибан Афганистан аймагында калганы сыяктуу эле, алар да ушул региондордо гана калмакчы болуп жаткандыр.

Эми болсо колонизаторлор бул уюмдун коркунучун эки иш үчүн гана көбүртүп жаткан болушу мүмкүн деген ыктымал калды:

Биринчиден – Батыш муну менен кудум Ирак жана Афганистандагы сыяктуу ИШИМ уюму шылтоосунда Орто Азияда өз таасирин күчтмөкчү болууда.

Экинчиден – Россия өз аскерий контингентин көбөйтүү менен Батыштын Орто Азия мамлекеттерине кирип келишин тосууга аракет кылууда.

Батышка келсек, ал айтып өткөнүбүздөй, Кыргызстанда болуп жаткан окуялардан, ага тарапкер болгон саясатчылардын мусулмандарды кысымга алууга аракеттенишинен о.э. азыркы режимди кулатып таштоочу өтө чоң козголоң пайда кылып, батышчыл башка бир режимге өзгөртүүгө чөйрө даярдоо үчүн режимге каршы элдин душмандыгын күчөтүшүнөн көрүнүп тургандай, бул ыкма –  Батыш 2005чи жана 2010-жылдарда колдонгон ыкма болуп эсептелет.

Россияга токтоло турган болсок, уюм коркунучу анын да Орто Азияга кирип барып, ал жерде өз таасирин күчөтүп алышына о.э. Өзбекстан эгерде моюн сунбай турган болсо ага жана анын чегара аймактарына басым өткөрүшүнө алып барат. Кремль Украинада согуш отун жакканы сыяктуу Өзбекстанда да согуш отун тутантышы мүмкүн. Муну ЖККУ жана ыкчам аракеттенүүчү күчтөрдүн Орто Азиядагы ортоктош манёврлары да баса белгилеп турат.

Кремль саясатчыларынын бири “Өзбекстан ЖККУ менен да, ыкчам аракеттенүүчү күчтөр менен да кызматташпай жатат. ИШИМ бардыгыбыз үчүн кооптуу…” деп билдирүү берди.

Россиянын Орто Азия иштери боюнча адиси, журналист Аркадий Дубнов: “ЖККУ машыгуулары Афганистандан боло турган террористтик чабуулдарга байланыштуу. Эгерде ЖККУ мүчө мамлекеттердин коопсуздугуна жоопкер боло  турган болсо, анда, алардын бул ишке даярдыгын сыноодон өткөрүү шарт. ЖККУ болсо жабырлануучунун расмий талабынан кийин гана аралашат. Тажикстан биринчиси болсо керек. Менимче, пуштун улутуна таандык Талибан Афганистан аймагынан тышкарыга коркунуч туудурбайт”, – деп билдирүү берди.

“Власть КЗ”  гезити 15/05/2015 “Душман астанада турат, Орто Азияда ИШИМ менен Талибанга каршы чоң согушка даярдык жүрүүдө” деген темада таркаткан макалада айтылышынча, “ЖККУнун машыгуулары бекеринен эмес. Афганистан түндүгүндө куралданган бир нече согушкерлер Тажикстан менен болгон чегараларды жарып өтүүгө аракеттенгенине жарым айдан көбүрөөк убакыт болду”. Авеста маалымат агенттиги кабар беришинче: ”Талибан менен ИШИМден турган согушкерлер Түркмөнстан жерлерине кирип келе турган болсо, Өзбекстан жерлерине да кирип, террористтик чабуулдар жана башаламандыктарды ишке ашырышы мүмкүн дейт адистер.  Мунун далили болсо ИШИМ уюмунун кара байрактары Өзбекстандын айрым региондорунда көтөрүлгөндүгү”.

“Фергана” эл аралык маалымат агенттигинде айтылышынча, Ташкент областына караштуу Паркент районунун тоолуу айылдарынын бири Хисаракта “Үстүндө кара байрактардын сүрөтү тартылган жана өкмөткө коркутуулар жазылган баракчалар таркатылган. Расмий эмес маалыматтарга ылайык, ИШИМ уюмунун байрактары май айынын баштарында Ангрен шаарындагы №8 мектепке илип коюлган, студент кыздардан хижаб кийүү талап кылынган жана террористтик чабуу кылуу менен коркуткан баракчалар табылган”.

Бул болсо, кийинчерээк Өзбекстан иштерине аскерий аралашууну актоо үчүн кылган Россиянын иши болушу мүмкүн. Өзбекстан өкмөтүнүн бул ишке мамилеси өтө катуу болду, баракчалар жана байрактар табылган жерлер курчап алынып, ондогон мусулмандар камакка алынды.

Диктатор Каримов бул окуяларга тез мамиле билдирбеди. Этияттык үчүн Орто Азиядагы, ошону менен бирге, Өзбекстандагы айрым расмий адамдар жана саясатчылар терроризмге каршы күрөшүү үчүн эл аралык кызматташтыкка чакырышты. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму парламент, илимий чөйрөлөр, Өзбекстандын укук коргоо жана жарандык коом органдары о.э. БУУга караштуу Орто Азияда уюшкан кылмыштуулукка жана наркотикалык заттарга каршы күрөшүү бөлүмүнөн турган 80ден ашуун катышуучуларды өз ичине алган бир ырасымдын демөөрчүсү болду.

Өзбекстан 2012-жылы ЖККУдан чыгып кеткен. Ал Россия уюштурган аскерий машыгууларга катышпады, тескерисинче Батыштан жардам сурады. Бул нерсе Каримов режими – Кремлге дагы бир жолу көз каранды болуп калышын түшүнгөн абалда – Россиядан жардам сурабай тургандыгын билдирет.

ИШИМ уюму коркунучун көбүртүү максатында Россия Тажикстандан пайдаланууда. Мисалы, массалык маалымат каражаттарында “Сирияда ИШИМдин катарында тажиктер согушуп жатат” деген маалымат таркатылды. Мындан мурда милиция полковниги Халимовдун ИШИМге кошулуп,  “Тажикстанды азат кылып, Халифалыкты алып келебиз” деген видеосу таркатылган эле. Анда дагы анын Америкада машыгуудан өткөнү, Американы Ислам жана мусулмандарга каршы согушууда айыптап, андан өч алууну убада кылганы, Россиядагы тажик боордошторун Россияга кул болбостон, Аллахка кул болууга чакырып, ИШИМге хижрат кылуу менен жихад кылууну талап кылганы да айтылган.

Кыскасы, бул нерсе регион үстүнөн көзөмөлүн дагы да күчөтүү үчүн Россияга актануучу шылтоо болот. Россия Тажикстан менен Афганистан чегараларында согуш чыгарышы жана бул согуш өз кезегинде Өзбекстанга созулушу ыктымалдан алыс эмес, себеби, бул аркылуу ал өз күчтөрүн алып келет да – анын дааба кылышынча – региондо коопсуздукту сактоо үчүн Өзбекстанга аскерий базаларды орнотуп алат. Муну менен болсо Өзбекстанды өз арабасына чыгарып алып, өз саясатына жүрүүгө мажбур кылат.

Муну менен айтуу мүмкүн болгон нерсе, Орто Азияда “ИШИМ уюму коркунучу” токуп чыгарылган жомок болуп, колонизаторлор таасирин орнотуу жана жерлерибиз үстүнөн алардын көзөмөлүн бекемдөө үчүн бир куралдан башка нерсе эмес.

Муну Хизб утТахрирдин Борбордук басма сөз бөлүмү үчүн

Хизб утТахрир Борбордук басма сөз бөлүмүнүн мүчөсү

Элдар Хамзин жазды

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here