Өзбекстан имамдары коомду тарбиялоо үчүн эл аралык окуу борборунда билим ала турган болушту. Өзбекстан дин иштери министрлигинен алынган кабарга ылайык, Самарканддагы Имам Бухарий эл аралык окуу борборунда имамдар үчүн жылдык таалим тарбия курстары башталды.
2008-жылы президент Ислам Каримовдун демилгеси менен курулган окуу борборунда Өзбекстан имамдары мамлекеттеги жана дүйнөдөгү өзгөрүштөр, заманбап технология, илим-билим тармагындагы өнүгүүлөр туурасында билим алышат. Айрыкча, ушул окуу борборунда имамдар Куран, хадис, Фикх сабактарын жана тарыхтан орун алган сахабалар турмушун да үйрөнүшөт.
Өзбекстан дин иштери министрлигинин билдиришинче, имамдар калкка насаат кыла турган диний адис эле болуп калбашы керек. Себеби, алар элдин арасындагы наадандык жана диний фанатизмге каршы күрөшө турган активдүү күч болуп эсептелишет. Ошондуктан, өзбек имамдары коомдун бардык маанилүү жактарын өз ичине алган заманбап таалим тарбия баскычынан өтүшү керек. Окуу курстарында белгилүү ислам уламалары, аалымдар жана коомдогу жетекчи адамдар сабак өтүшөт. Окуу учурунда ар түрдүү темаларда информациялык конференциялар да уюштурулат. Ушундай максатта шоулар, видео жана аудио программалар ишке ашырылат.
Өзбекстан имамдарынын таалим тарбия алышынан көздөлгөн негизги максат, Ислам тармагында өкмөттүн расмий саясатын алардын колдоп-кубаттап туруусу экендиги айтылууда.
Туркистон:
Өзбекстан да Борбор Азия регионунда жүз бериши күтүлүп жаткан түптөн же кескин өзгөрүүлөр жүз бергенде бир четте калып кетпейт. Тескерисинче, анын жүрүп жаткан жараяндарда борбордук орунда туруу ыктымалы өтө жогору. Себеби, Өзбекстан калкынын арасында Каримовдун режимине каршы (ваъи омм) массалык жек көрүү өтө күчтүү.
Бул жек көрүү диний багыттагы агым же мусулмандарда эле эмес, дээрлик бардык багыттагы тармакта терең тамыр жайган. Бирок, негизги зулум Исламий адамдарга, же дин уламаларына ыктаган мусулмандарга, же жөнөкөй эле ибадат кылуучу адамдарга каратылгандыктан, өкмөт өкүлдөрүнүн Ислам жана мусулмандардан кооптонушу өтө күчтүү. Каримов режиминин мусулмандарга карата жүргүзгөн өтө күчтүү күрөшү жана зулумдары натыйжасында да, өзбек калкынын үрп-адаттары менен чырмалышып кеткен Ислам өкүмдөрүн алардын дилдеринен сүрүп чыгара албады.
Жогоруда имамдар арасынан тандап алынган бир топ өкүлдөрдү чогултуу менен, күтүлүп жаткан исламий идеологиялык нааразылыктар алдында бул режим өзү үчүн бир калкан же нукура Исламга каршы кылыч катары пайдаланышы мүмкүн болгон бир жасалма кубатты күчөтүп коймокчу. Мындан бир аз мурда ушул сыяктуу ыкма кыргыз өкмөтү тарабынан “динге карата жаңы консепция” деген аталышта иштелип чыккан эле. Алар да өздөрүнө ыктаган, алсыз же дүйнө матасын өтө жакшы көргөн бир катар диний адамдарды чогултуп, ушул сыяктуу бир багыт негизинде пикирий шайкештик негизинде жамдоого аракет кылышты. Бул топту мамлекеттин күч түзүмдөрү менен ачык кызматташууга үндөп, башка исламий кыймылдарга каршы ачык күрөшүүнү талап кылышты.
Өзбекстан учурда негизинен мамлекеттик апараттар жардамында, айрыкча, күч түзүмдөрү жардамында динге каршы күрөшүп келет. Бирок, жогорудагы диний адамдарга кайрадан олуттуу көңүл бура башташы, анын диндарлар армиясына муктаждык пайда болуп калуу ыктымалы күчөп калышы мүмкүн экендигин сезип жаткандыгына далалат кылат.
Каримовдун режими акыркы он жылдыктар ичинде Хизб ут-Тахрир башчылык кылып келе жаткан мусулмандардан, исламий идеология негизинде жүргүзүлүп жаткан күрөштө жеңилген эле. Ошондон бери Ислам жана мусулмандарга каршы, материалдык жол менен жана айрыкча аскерий кубаты менен, аларды жок кылып жиберүү үчүн катуу күрөшүп келет.
Жогорудагы диний адамдарды исламий идеологиялык күрөшкө даярдап башташынан, ал мусулмандарга каршы маддий күрөшү эч кандай пайда алып келбегенин сезе баштагандыгын түшүнө алабыз. Биз бул күрөш Каримовду жана анын режимин шерменде кылышын жана алардын бул маддий ыкмалары, идеологиялык күрөштө сөзсүз жеңилүүгө алып барышын аябай көп жолу айткан элек.
Тыянак кылып айтаарыбыз, ар кандай зулум күчөгөн жерде, ошол зулумга каршы идеологиялык каршылык да күчөйт. Өзбекстан – Кыргызстан жүргүзүп жаткандай – диний элита аркылуу мусулмандарды чалгыта албайт. Себеби, Кыргызстандагы чөйрөдө демократия идеологиясынан таасирленүү даражасы өтө жогору. Диний багыттар да бир кыйла эркин коюп берилгендиктен, бир нече топтор жана түрдүү исламий же чалгытуучу кайрыисламий пикирлер бар. Өкмөт бул пикирий карама-каршылыктардан пайдаланууга аракет кылат.
Өзбекстан бийлиги болсо, өз жарандары ичинде эч кандай пикирий же диний колдоого ээ болушу мүмкүн эмес. Анын абалы башка кошуна мамлекеттердин абалынан бир топ начар жана татаал. Ошондуктан, бул режим Өзбекстанда да жалгандан “Ислам мамлекети” уюму коркунучун пайда кыла баштады. Ал тургай, алардын өздөрү бир катар коомдук жайларда ИШИМ уюмунун байрактары жана чакырыктарын плакаттар көрүнүшүндө илип коюшту. Алардын бул аракеттери өз жарандары арасында исламий кыймылдарга же исламий баалуулуктар жана көрүнүштөргө да тыюу салуу үчүн алгач массалык пикирий биримдик пайда кылып алуу үчүн болгон эле. Ошондон кийин бир нече областтарда аялдардын жоолуктарына каршы кампания ишин баштады.
Бирок, ушул куфр негизиндеги акциялар жүрүшү маалында бир катар исламий каршылык аракеттери, аныгыраагы элдин нааразылык руху күчөп бара жатканы сезилип калды. Муну биз А. Мансурдун радио аркылуу чыгып, жоолукка каршы аракеттер борбордук эмес, тескерисинче жергиликтүү бийликтин өзүмбилемдик иштери болгонун жана кылмышкерлер жазаланышын айткандыгынан түшүнүп алдык. Себеби, Өзбекстанда диний жетекчилер мамлекеттин уруксатысыз мындай билдирүүлөрдү бере алышпайт. Мамлекет болсо мусулмандарга карата зулум күчөп, чегарадан өтүп кеткенде, алар тарабынан каршылык аракеттери коркунучу пайда болгондо гана мындай өзүнө каршы мусулмандарды уктатуу үчүн ушундай билдирүүлөргө уруксат бериши мүмкүн. Кийин аскерий машыгуу жүрүп жатат деген шылто менен Алты-Арык жана дагы бир катар райондордон Хизб ут-Тахрирдин мүчөлөрү деп шектелген бир нече жигиттерди алып чыгып кетишти.
Тыянак кылып айта турган болсок, Өзбек режими Өзбекстан калкы үстүндө мындан ашык зулум кылуудан кыйналып калды. Калк өзүндөгү коркууну жеңип өтүүнүн астында турат. Ошондуктан, өкмөт өз катарына диний уламаларды тарта баштады. Тартуу мүмкүн болбогондорун же толук кулдукка макул болбогондорун өлтүрүп, камап же сүргүн кылып жиберди. Калгандарын болсо өздөрү менен зулумду улантууда же учурдагы зулум негизиндеги режимди кармап турууда түздөн-түз кызмат кылууга олуттуу мажбурлай баштады.
Абдураззак