Путин: Болгону төрт гана аскерий базабыз бар, ушул да коркунучпу?

250
0

Россия президенти Владимир Путин Италиянын “Corierra Della Sera” гезитине интервью берип, Россиянын АКШ жана Европа Союзу менен алакаларына тиешелүү билдирүүлөрдү берди. НАТОго мүчө Прибалтика мамлекеттериндеги тынчсызданууларды да этибардан четте калтырбады.

Журналист Путинден Россия эмне себептен агрессордук аракетке киришип жатканы жана Варшава блогунан бөлүнүп, учурда НАТОго мүчө болгон кээ бир Прибалтика мамлекеттери эмнеге өздөрү үчүн Россияны коркунуч деп билип жатканы жөнүндө сурады. Бул суроого жооп катары Путин Американын аскерий чыгымдары башка ири мамлекеттер менен салыштырылганда өтө жогору экендигине басым жасап, чыныгы коркунучту Россия эмес, АКШ пайда кылып жатканына ишара кылды.

“НАТОго мүчө мамлекеттер аскерий ишмердүүлүгү үчүн Россиядан он эсе көп каражат жумшайт. АКШнын аскерий чыгымы болсо бүт дүйнө мамлекеттеринин чыгымынан да көптүк кылат”, – деди Россия президенти.

Путиндин айтымында, Россиянын Кыргызстан, Тажикстан, Афганистан жана Арменияда гана аскерий базалары бар. Булар болсо эч кандай коркунуч туудуруучу элементтерге ээ эмес. Ал эми АКШнын аскерий базалары дүйнөнүн бардык жеринде бар.

“Дүйнөнүн картасын бир карап, АКШнын бардык аскерий базаларын белгилеп чыгыңыз. Ошондо ортобуздагы айырманы көрөсүз”, – деп кошумчалады Путин.

Россия президенти Советтер маалында ишке ашырылган разведкалык учуулар бүгүнкү күндө токтотулганына карабастан, АКШ самолёттору Россия чегараларына жакын жерде тынымсыз ызгып жатканын жана НАТОнун Россияга каршы Чыгыш Европада аскерий инфраструктура курууну улантып жатканын эскертип өттү. Путиндин айтымында, Россия бир нече жылдар мурун Кубадагы аскерий базасын жок кылган. АКШ болсо Норвегия жээктерине 17 мүнөттө Москваны аткылай ала турган даражада ракеталык системасын жайгаштырган.

“Ушунча иштерден кийин да бизди агрессор дейсиңерби?”, – деп суроо көрүнүшүндө жооп берди Владимир Путин.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here