Булуң мамлекеттери кеңеши Эр-Риядда жыйын өткөрдү

281
0

“Булуң кызматташтык кеңешине” мүчө мамлекеттердин башчылары Саудиянын борбору Эр-Риядда конференция өткөрүштү. Саудия королу Салман бин Абдулазиз конференциянын ачылышында мазхабчылыктан келип чыккан бөлүнүүгө көӊүлдү бурду.

“Калктарыбыз жана мамлекеттерибиздин утуштарын коргоо үчүн мазхабчылык уруктарын эгип, коопсуздук жана туруктуулукка зыян жеткирүү аркылуу өз таасирин кеңейтүүгө аракеттенип жаткан тышкы күчтөргө каршы күрөшүү үчүн эки эсе күч жумшашыбыз керек”, – деди король Салман.

Королдун баса белгилешинче, Саудия башчылыгында ишке ашырылган “Туруктуу бороон” аскерий аскерий операциясы коалициялык күчтөрдү максатына жеткирген, эми болсо кезек “Арзуунун кармалышы” операциясына келген. Король өз сөзүндө “Туруктуу бороон” аскерий операциясы артынан башталган “Арзуунун кармалышы” операциясы себептүү тараптар ортосунда улуттук диалог башталышынан үмүттөнгөндүгүн билдирди.

Ал эми БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын маалымат катчысы Равина Шамдасани Яманга кылынган чабуулдун натыйжасында 646 карапайым жаран өлгөндүгүн жана 1364 адам жараат алгандыгын билдирди.

Ошо эле учурда ар дайым акыйкатты айтуу менен таанылган палестиналык аалым шайх Исам Умайра Куддуста кылган хутбасында Араб мамлекеттеринин акимдерин катуу сындады. Шайх Умайранын айтымында, Яманга кылынган чабуулда яхудий самолёттору да катышкан.

“Акмак акимдер мусулмандарды өлтүрүү, алардын үйлөрүн жер менен жексен кылуу жана өздөрүн мекенинен куугунтуктоо үчүн аскерий самолётторун Яманга, Ливияга жана Сирияга учуруп, андан кийин мунун атын “туруктуулук” деп атап жатышат. Муну кандай түшүнүүгө болот? Алардын ахлагы ушунчалык төмөндөп кеткенине жана кыянат сазына канчалык батып кеткенине бир назар салыӊыздар. Ишке ашырган аскерий операциялары менен Ак үйдүн сыйлыгына татыктуу болушту. Ал тургай сионист яхудийлердин самолёттору да бул операцияда активдүү катышууда. Аларга Аллахтын наалаты болсун! Биз чыныгы мааниде алардын бийлигин кулата турган жана бузук режимдерин жок кыла турган чыныгы маанидеги “Кудуреттүү бороонду” башташыбыз керек. Ал ушундай күчтүү болуп, башыбыздагы акимдерди учуруп кете турган бороонго айлансын”, – деди Шайх Умайра Куддуста кылган хутбасында.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here