Өзбекстан наркотрафикке каршы күрөшүү үчүн АКШдан 6,2 миллион долларлык жардам алат

259
0

 “CA-NEWS” сайтынын кабар беришинче, 27-апрель күнү АКШнын Өзбекстандагы элчиси Памела Спратлен жана Өзбекстандын Тышкы иштер министри Абдулазиз Комилов келишимге киргизилген 13-номердеги оӊдоп-түзөтүүгө кол коюшту. Бул түзөтүү 2001-жылы 14-августта АКШ жана Өзбекстан ортосунда наркотиктерди көзөмөл кылуу жана укук коргоого жардам берүү боюнча түзүлгөн келишимге тиешелүү.

 Ал келишим боюнча, АКШнын коргоо министрлиги каражат менен камсыздай турган грант негизинде Өзбекстан өкмөтүнө 2014-жылы ажыратылган баасы 6 200 000 доллардан көп болбогон жабдык, патруль кайыктары жана башка транспорт каражаттарын жеткирип берүүгө каратылган долбоор жолго коюлат. Ушул жардам Өзбекстан Улуттук коопсуздук комитетинин мамлекеттик чегараларды коргоо комитети жана Мамлекеттик бажы комитетине бөлүштүрүлөт.

 Жогорудагы долбоордун максаты, Өзбекстандагы укук коргоо органдарына наркотиктер, психотроптук жана ушул сыяктуу заттардын мыйзамсыз соодасына тиешелүү маанилүү наркотрафиктик уюмдарды таркатуу жана жок кылуу үчүн зарыл стратегиялык иштерди жүргүзүүдө жардам берүүдөн турат.

Туркистон:

Өзбекстан аймагында наркотрафик жолдору дээрлик жок болуп кеткен. Алынып жаткан акчалар формалдуулук үчүн болуп, кошуна мамлекеттерде бар болгон наркотрафик жолдорун жок кылуу үчүн жумшалышы мүмкүн.

АКШ Өзбекстан үчүн Борбор Азиядагы кээ бир мамлекеттердин ички иштерине аралаша ала турган шарттарды түзүп келүүдө. Өзбекстан Афганистандын инфраструктурасынын курулушунда өтө чоӊ салым кошуп келүүдө. Мындан тышкары, Афганистанды белгилүү бир өлчөмдө энергия булактары менен, азык-түлүк жана мөмө-жемиштер менен камсыздайт.

Наркотрафикке каршы багыттала турган акчалар Кыргызстан аркылуу кетип жаткан наркотрафик багытына каршы жумшалышы мүмкүн. Бул сыяктуу каражаттар Өзбекстан Кыргызстан менен дагы бир тармакта кызматташуусу үчүн келишимдерди түзүшүнө мүмкүнчүлүк жаратып алышы менен, ички иштерибизге дагы да көбүрөөк кирип келе алышы үчүн шартарды түзүп бериши мүмкүн.

Кудум учурда ИИМ жана коопсуздук түзүмдөрүбүз менен кызматташуунун артынан негизги стратегиялык чекиттерибиз болгон жашыруун тармактарыбызды интернет аркылуу тыӊшоо жана көзөмөл кылышы мүмкүн болгон бардык шартарды түзүп алып жатканы сыяктуу. Себеби, Кыргызстан интернет үчүн бардык тармактарда колдонула турган жабдыктарды тышкы мамлекеттерден алышынан тышкары, адистерди да алардан сурайт. Бул болсо, алардын кыргыз күч түзүмдөрүнүн жашыруун базаларына кирип алуусуна өтө ыӊгайлуу шарттарды түзөт.

Мындан тышкары, АКШ Кыргызстанга куруп алган жаӊы элканасы дүйнөнүн эӊ жаӊы тыӊчылык жабдыктары менен жабдылган. Демек, эгерде АКШ кааласа Өзбекстандын Кыргызстан үстүндөгү көзөмөлүн каалагандай күчөтө алат. Ал Кыргызстанды Россиядан тартып алуу үчүн Кытай жана Өзбекстандын таасирлеринен жана алардын ар биринин кызыкчылыктарынан келип чыккан муктаждыктарынан пайдаланып, региондо алардын ортосунда теӊ салмактуу көзөмөл орнотушу мүмкүн. Жөнөкөй кылып айтканда, АКШ Кыргызстандан стратегиялык чекит катары пайдалануу менен гана чектелиши мүмкүн. Бирок, Кытай жана Өзбекстандын Кыргызстан үчүн Россиянын экономикалык колониясынан кутулуп алышы үчүн региондо экономикалык таасирлерин күчөтүшүнө жардамдашып жибериши мүмкүн. Ал үчүн АКШ Кыргызстанды атайылап финансылык кысымга алып жана коопсуздук тарабынан да коркунучтар пайда кылып, өз күчү менен жок кыла албай турган кооп-коркунучтардан катуу эскертет

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here