Мубарак: Саясий Исламдын бийликке келишине жол бербедим

317
0

Мисирдин мурдагы президенти Хусни Мубарак президенттик кызматка дайындалган кезде саясий Исламдын бийликти колго алуу пландарын жокко чыгаргандыгын билдирди.

Синай регионун кайтарып алууга байланыштуу “Садо-ул Балад” телеканалы даярдаган телепрограммага катышкан Мубарак өзүнүн кылган иштери жөнүндө бир аз маалымат берди.

“1981-жылы 6-октябрда ошол кездеги мамлекет башчы Анвар Садат чыккынчылык менен кол салуунун курмандыгы болду. Мен ал кезде мамлекет башчынын жардамчысы элем. Мисир бардык жерлерин кайтарып албаган эле. Ошондо мойнумда өтө чоӊ жоопкерчилик бар экендигин сездим. Себеби, тез аракеттенип саясий Исламий агымдардан мурда мамлекетте бийлик орнотуш керек эле”, “Мактоолор болсун, алардын пландарын жокко чыгардык”, – деди элдик көтөрүлүш аркылуу кулатылган Мисирдин мурдагы президенти Хусни Мубарак.

Каирдеги ал-Маоди ооруканасынан туруп телепрограммага катышкан Мубарак Мисирдин азыркы абалы тууралуу да токтолуп өттү.

Ал дагы: “Президент Абдулфаттах ас-Сисинин билим жана тажрыйбаларына ишенемин, а бирок, Мисир бул мезгилди басып өтүшү үчүн калк да ага жардамчы болушу керек”, – деди.

Мубарактын баса белгилешинче, Мисир армиясы да, президент ас-Сиси да улуттук коопсуздук жана мекен топурагынын ыйыктыгы эмне экендигин жакшы билишет. Ошондуктан, эл да алардын аркасында турушу керек.

“Мисирдин улуу мамлекет экендигин бардыгы билиши керек. Аны башкаруу башкаруучунун мойнуна өтө чоӊ жоопкерчилик жүктөйт. Президент мамлекеттин келечегине тиешелүү токтомдорду кабыл алышы үчүн калк анын артында турушу керек”, – деди Хусни Мубарак.

Мубарак Мисир улуттук коопсуздугунун региондо болуп өткөн окуяларга байланышы бар экендигин билдирип, “Мисир мындай бир назик доордо региондогу досторубуздан жүз үйрүбөстүгү керек” деп баса белгиледи.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here