ЭМНЕ ҮЧҮН ЖЕТЕКЧИ ТАНДООДО АДАШЫП ЖАТАБЫЗ

288
0

بسم الله الرحمن الرحيم

ЭМНЕ ҮЧҮН ЖЕТЕКЧИ ТАНДООДО АДАШЫП ЖАТАБЫЗ

(1)

        Мына 25 жылдан бери калк өзү үчүн ишенимдүү, жөндөмдүү, өз ишин жакшы билген жетекчини таба албады, же андай эмеспи? Эл кайсы саясий лидерге ишенет? Ишенимдүү лидерди ээрчийбиз деп саясий оюндардан чарчап, алдан тайды. Бирок, шартыбыз дагы да оор абалга келип калды. 4 миллиардга жакын карызды эсепке албаганда да проблемалар жетиштүү. Бүгүнкү күнгө келип, эл кимге ишенерин билбей калды. Кимге кулак салат, кимге ишенет? Ишенимдүү жетекчини башкаларынан ажыратып алуунун кандай жолу бар?

        Адам бирер нерсени укпай калышында кулагындагы кемчилик себеп болгону сыяктуу эле, жетекчи тандоодогу адашуунун негизги себепкери “акыл” болот, себеби, бирер нерсеге же кимсеге өкүм чыгаруу акылдын милдети. Беш сезүү органы жардамында сезилип турган нерселерден(вакиъден) бирер нерсеге чыгарылган өкүм “пикир” деп аталат. Эгеде чыгарылган өкүм Аллах Тааланын Китеби жана Расулу(с.а.в)дын хадистеринен чыгарылган өкүм болсо ал “шаръий өкүм” деп аталат. Эгерде бир вакиъге карата чыгарылган өкүм эки же андан көп болсо ал “рай” деп аталат. Рай сөзү шаръий өкүмдөрдө колдонулганы сыяктуу эле, пикирлерде да колдонулат. Т.а. Имам Шофеънин райы же Имам Абу Ханифанын райы деп айтылганы сыяктуу эле, менин райым, агамдын райы же жаштардын райы дегени сыяктуу.

      Баарында бирдей болгон пикирге далил шарт эмес, ал эми райларда ар ким өз райынын туура экендигин далилдөө үчүн далил керек болот. Талкуудан кийин ката пикир ээси өз райынан кайтышы менен туура рай ээсинин райы далилденет жана андан кийин алардын арасында бул темада далил шарт болбой калат, же ар бир рай ээси өз райында калат жана бул рай кабыл алынышы үчүн айтылганда өз ээси жана далили менен бирге болот, эч качан бөлүнбөйт. Мисалы, бизде машина куруунун жоктугуна “бизде мунун мүмкүнчүлүгү жок” деген рай бар. Мен бул пикирге каршымын. Эми мен өз райымды айтышым жана аны далилдөө үчүн далил келтиришим шарт болуп калат. Эми өз райымды тез жана жеӊил далилдөө үчүн татыктуу негизди далил кыламын. Ал негиз баарында бар жана моюнга алынган акыл. Акылдын далил болушу – бул айтылган пикир өз вакиъсине туура келиши. Менин оюмча, бизде машина курууну жолго коюунун эле эмес, ал тургай эӊ заманбап даражага көтөрүүнүн мүмкүнчүлүгү бар. Себеби, 1870-1890 жылдарда машина жок жерден ойлоп табылган болсо да, 21-кылымда, атом кылымында биз кыла албасак бул акылга туура келбейт. Мен бул райымды далилдөө үчүн далилдеп беришим керек, учурда бизде машиналар чыгарылбай жатканынын эки себеби бар;

      Биринчиси: Тышкы саясат т.а. БУУ бизге уруксат бербейт, себеби, биздин чыккынчы жетекчилер анын токтомдорун аткарууга кол коюшкан. БУУ болсо негиздөөчүлөрдүн пайдасы үчүн токтомдорду чыгарат жана алардын пайдасы үчүн гана күчүнө кирет. Буга АКШнын Ирак жана Афганистанга чабуул кылышында БУУнун токтомдорун эсепке албагандыгын далил кылып келтирүүгө болот. Ошондуктан, биз алардын жараксыз болгон, таштандыга ыргытып жиберүүгө татыктуу болгон машиналарын да сатып алууга мажбурбуз. Бул БУУну негиздөөчүлөрдүн кызыкчылыгы.

      Экинчиси: Ички саясат, аныгыраак кылып айтканда, таалим-тарбия туура жолго коюлбагандыгы. Тескерисинче, 1890-жылдары бензин менен жүрүүчү машинанын негиздөөчүлөрү болгон Готтлиб Даймлер, Карп Бенц же дизел менен жүрүүчү машиналардын негиздөөчүсү болгон Рудолъф Дизел сыяктуу аалымдар эмне үчүн бизден чыкпай жатат, кантип эле алардан үйрөнүп болсо да өздөштүрүлбөй жатат? Мына мурда Россиянын колониясы элек, эми эгемендүүбүз деп дааба кылып жаткандар жооп берсин, эмне үчүн? 25 жылдан бери эгемендүүлүктү айтып келебиз, алгачкы жылдары окууну баштагандар азыр 30 жаштан өтүп кетишкен т.а. окуу жайларды бүтүрүшкөн, аалымдар кана, ойлоп табуучулар кайда? Дарыларды иштеп чыгаруу, аскерий техникаларды иштеп чыгаруу, жок эле дегенде үйгө керектүү жабдыктарды иштеп чыгаруу кана?…

       Өз райымы дагы да ачыктоо үчүн билим берүү саясатына бир аз токтоломун, себеби, биздеги саясат биздин түркөй, аӊ-сезимсиз болушубузга каратылган, ошондуктан, билим берүүдө окуучулардын тышкы көрүнүшүнө көӊүл бурушат да, моралдык жана жисманий соо-саламат болуп жетилишине жана билимдерине көӊүл бурушпайт. Ошондуктан, биздегилер ойлоп табуучу эмес, тескерисинче, башка элдер иштеп чыккан техникалардан да толук кандуу пайдалана алышпайт. Аз гана фунқциясын билип алгандар “баатыр”га айланышат. Алар телефонду жакшы билет, компютерди түшүнөт деп макталышат. Тескерисинче, уялыш керек, издениш керек, эмне үчүн ушундай абалга түшүп калганыбыздын себептерин табууга аракет кылуу керек. Компютердик програмисттер да алардын товарлары сатылышы үчүн гана үйрөтүлүшөт. Телефон же компютерлердин иштөө принциптерин жана аларда мындай функциялар кандай жолго коюлганына жаштарыбыздын акылы жетпейт. Биздеги жаштардын акылында кемчилик барбы?

        Билим берүү саясаты туура эместигин ар бир иште көрүүгө болот. Мисалы: Учурда мектеп формасы милдеттүү деп, жаңы формага өткөрүү программасын алсак т.а. теӊирчилердин белгиси тигилген жана жоолук оронууну тыйган формаларды окуучуларга “мектеп формасы” деген шылтоо менен мажбурлоо саясаты болуп, мунун билим берүүгө эч кандай тиешеси жок. Тескерисинче, бул туура эмес саясат, себеби 80-90 %ы Ислам ишениминде болгон мусулмандардын балдарына бул форманы мажбурлоо мектепти үй-бүлөлүк көрүнүштө жек көрүүгө себеп болот т.а. бул туура эмес деп кабылданган ишти жаштарга мажбурлоо мектептерге болгон этибарды жоготот, айрым абалдарда буга катуу каршылык менен дуушар болунат. Колонизаторлор үчүн дал ушул нерсе керек. Мектептеги шарттардын жамандыгы; дааратканалардын ыпыластыгы, ыӊгайлуулуктардын жоктугу, спорт залдарынын жана спорттук жабдуулардын, компютерлердин жетишпестиги, химия-физика сыяктуу предметтердеги окуп өткөн сабактарды тажрыйба кылып көрүү үчүн лабороториялардын жоктугу о.э. өз ишенимдерин, динин, тарыхын мектепте үйрөтүү окуу программаларына киргизилбегени билимге болгон каалоону азайтат, мектеп жана мугалимдерге болгон этибарды начарлатат. Натыйжада мугалимдер менен окуучулар жана алардын ата-энелери ортосунда карама-каршылыктар жүз берет. Бул билим берүү саясатынын туура жолго коюлбагандыгын көрсөтөт.

     Биздин жаштар өз ишенимин, динин Пайгамбарыбыз (с.а.в)дын, халифалардын жана Исламдын тарыхын кайдан үйрөнүшөт? Саудияданбы, Сирияданбы, же Мисирденби? Аруулукка көнүкпөгөн жаштар кордукту сезишеби? Соо-саламат өспөгөн, үйрөнгөн нерселерин тажрыйба кылып көрбөгөн жаштардан ойлоп табуучуларды күтүүгө болобу? Тиричилик иштери менен алек болгон ата-энелерди балдарына жетиштүү көӊүл бурбай жаткандыкта айыптоо орундуубу? Жаштарга билимди мектеп бербесе, аны кайдан алышат, ата-энелериненби? Анда мектеп эмне иш кылат? Кантип эле биздин өкмөт жок эле дегенде жаштар үчүн окуу жайларында жакшы шарттарды камсыздап бере албасын?

      Жок, бул жерде билим берүү саясатында ката бар, жаштардын татыктуу муун болуп жетилүүсүнө эмес, тескерисинче, тышкы көрүнүшүнө көӊүл бурулган. “Мектептер жана жогорку окуу жайлар бар, форма ордунда, демек болду, ойлоп табуучу чыкпаса, завод-фабрикалар жок болсо жашоо токтоп калабы? Ишенимин, динин, Пайгамбарыбыз (с.а.в)дын, халифалардын жана Исламдын тарыхын билишпесе эмне болуптур? “Чёрныйлар”деп коюшунан адам өлмөк беле? Кара жумуштан адам өлбөгөн…” бул саясатчылардын кыянатынан жана БУУнун т.а. колонизатор мамлекеттердин программасынан башка нерсе эмес.

        Менин оюмча, бизде машина курууну жолго коюу эле эмес, тескерисинче, эӊ заманбап даражага көтөрүү мүмкүнчүлүгү бар. Аны кантип ишке ашырса боло тургандыгын кийинчерээк сүйлөшөбүз. Бул менин пикирим, аны эч кимге таӊуулай албаймын. Бирок, анык айта ала турган нерсе, бул тема боюнча силер үч тайпага бөлүнөсүӊөр:

Биринчиси: Ушул пикирге кошулгандар.

Экинчиси: “Мен бул пикирге кошулбаймын, бирок, мен башкача пикирдемин”, – деп айтып, өз райын жана далилин келтире тургандар.

Үчүнчүсү: “Бизде саясатты оӊдоонун мүмкүнчүлүгү жок”- деп айтып, төмөндүккө ыраазы болуучу, акыл жана зээндеринде кемчилик бар экендигин моюнга алуучу жана дүйнө жана акыретте кор болуучулар. Буларда намыс, ишеним жок, же өтө жахилдер болуп, ал тургай өздөрү муну түшүнүшпөйт. Булар унчукпай турушат, азыркы турмуш оӊдолушу үчүн аракет кылышпайт.  (уландысы бар)

 Гариб.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here