Кыргызстан парламенти (Жогорку Кенеш) 30-апрель күнү бир аптадан бери бош турган премьер-министрлик кызматына экономика министринин милдетин аткарып келе жаткан Темир Сариевдин талапкерлигин макулдап, өкмөттүн курамын бекитти.
Өкмөттүн курамы төмөнкүдөй белгиленди:
Тайырбек Сарпашев – биринчи вице-премьер-министр;
Абдырахман Маматалиев – вице-премьер-министр;
Валерий Диль – вице-премьер-министр;
Дамира Ниязалиева – вице-премьер-министр;
Нурханбек Момуналиев – Өкмөттүн Аппарат жетекчиси;
Эрлан Абдылдаев – Тышкы иштер министри;
Мелис Турганбаев – Ички иштер министри;
Жылдыз Мамбеталиева – Юстиция министри;
Адылбек Касымалиев – Каржы министри;
Олег Панкратов – Экономика министри;
Таалайбек Айдаралиев – Айыл чарба жана мелиорация министри;
Аргынбек Малабаев – Унаа жана байланыш министри;
Кубатбек Боронов – Өзгөчө кырдаалдар министри;
Кубанычбек Турдубаев – Энергетика жана өнөр жай министри;
Элвира Сариева – Билим берүү жана илим министри;
Талантбек Батыралиев – Саламаттык сактоо министри;
Алтынбек Максутов – Маданият, маалымат жана туризм министри;
Кудайберди Базарбаев – Социалдык өнүктүрүү министри;
Айбек Азыранкулов – Эмгек, миграция жана жаштар министри.
Эрежеге ылайык, Коргоо министри менен Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасын президент дайындайт.