Пакистанда Хизбут-Тахрирдин дагы бир активисти уурдалды

270
0

Хизбут-Тахрир – Пакистан вилаяты борбордук байланыш комитетинин жетекчиси Саад Cigranvi өткөн аптада Наваз Шариф жана Рахил Шариф режимине караштуу кылмышкер топ тарабынан уурдап кетилди. Окуя жүз бергенине бир апта өткөнүнө карабастан, Пакистан режими бүгүнкү күнгө чейин бул окуя боюнча бир да билдирүү бербеди.

Буга чейин да Пакистан режими Хизбут Тахрир – Пакистан вилаятынын расмий сүйлөөчүсү Навид Батты уурдап кеткен эле. 11-май күнү Навид Баттын уурдалганына 4 жыл болот. Аны табууга бир нече аракеттер болушуна карабастан, ал бүгүнкү күнгө чейин табыла элек.

Саясий аӊ-сезимдүү адамдардын айтымында, Пакистан өкмөтүнүн Исламга каршы жүргүзүп жаткан саясаты Американын планы боюнча жүрүп жатат. Ушуга байланыштуу Хизбут-Тахрир – Пакистан вилаяты “Американын улуттук аракет планы Пакистанда Исламды бастырууга каратылган” деген аталышта кампания баштады. Бул тууралуу Хизбут-Тахрир – Пакистан вилаяты тарабынан билдирүү да чыгарылды.

Хизбут Тахрир – Пакистан вилаяты тарабынан чыгарылган билдирүүдө жалпысынан: “Америка “Улуттук аракет планы” жана башка ушул сыяктуу ар түрдүү ыкмалар аркылуу мусулмандар жүрөгүндө бир нече кылымдардан бери уланып келе жаткан Исламий байламталарды, анын жолунда көз ирмебестен согушка кирүүнү жана Исламий башкаруу себептүү мусулмандар жүрөгүнө бекем орношкон Исламий сүйүүнү жок кылуу үчүн аракет кылууда. Пакистандын пайда болушунда маанилүү роль ойногон нерсе – бул Исламдын күчү. Өз доорунун биринчи мамлекети болгон Британияны Индия жарым аралындагы аскерий баскынына чекит коюуга мажбур кылган да Исламдын күчү. Дүйнөдө теӊдешсиз аскерий кубатка ээ болгон СССР мамлекетин Афганистандан жеӊилип чыгып кетүүгө да кудум мына ушул Ислам мажбур кылды. Ушундай улуу бир мамлекеттин аскерий жана экономикалык жактан алсыроонун артынан кулашына себеп болду. Учурда регионду басып турган мамлекет Америка. Мунун да каршысында дагы ошол Ислам күчү турат. Ошол себептен улам, Американын бул региондо өз вужудун жана табакташтарын сактап калуу үчүн Исламдын күчөшүнө жол бербестиги анын өмүр-өлүм маселеси болуп эсептелет”, – деп айтылат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here