НАТОну күчөтүү үчүн 150 млн доллар бөлүнөт

259
0

 АКШ конгрессинин өкүлдөр палатасы 2016-жылы НАТО үчүн кошумча каражат бөлүү туурасындагы мыйзам долбоорун иштеп чыкты.

 Мыйзам долбооруна ылайык, президент тарабынан 2015 -жылы суралган суммадан көбүрөөк 150 млн доллар бөлүнүшү көздөлүүдө. Ушул каражаттар аскерий бөлүктөрдү даярдоого жана тынчтыкты колдоп-кубаттоодогу инфраструктура объектилерин курууга багытталат.

 Документтин авторлору ал Россия тарабынан боло турган коркунучка каршы о.э. Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африкадан боло турган коркунучтарга каршы күрөшүү үчүн багытталышын баса белгилешкен.

 Туркистон:

Россия тарабынан Крым аннексия кылынышынын артынан АКШ бир тараптан НАТОго мүчө Европа мамлекеттерин орус баскынынан коргоо жана аларды колдоп-кубаттоо шылтоосу менен мүмкүн болушунча Россиянын тумшугу астына келип алууга аракет кылып жаткан болсо, экинчи тараптан НАТОну чыгыш тарапка кеӊейтүүгө умтулууда. 2014-жылдын 16-майында Ташкентте Борбор Азия мамлекеттери менен алака жана өз ара кызматташтык боюнча НАТО бюросу ачылды. Мындан тышкары, НАТО күчтөрү Казакстан аскерийлери менен биргелешкен аскерий машыгууларды баштап жиберди. Мындай аскерий машыгуулардын биринчи баскычы 3-апрель күнү “Чөл бүркүтү — 2015” деген аталышта өткөрүлгөн болсо, экинчи баскычы июнь айында өткөрүлө турган болду.

 Бул иштер болсо өз кезегинде Россия үчүн жагымсыз абал болуп, президент Путин НАТОну таасир майданын чыгыш тарапка кеӊейтпестик жөнүндөгү мурдагы убадаларын аткарбай жаткандыкта айыптап: “Биз НАТО инфраструктураларынын күн өткөн сайын Россия чегараларына жакындашып келе жатканына күбө болуп жатабыз. Мында Россиянын кызыкчылыктары эсепке алынбай жатат”, – деген эле.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here