“novorossia.su” сайтынын кабар беришинче, “Манас” аэропортунда Украина авиакомпанияларына караштуу самолёттордун пайда болушу кыргыз политологдорун кабатырга салып койду. Белгилүү болгондой, самолёттордо “дипломатиялык почта” деген статус менен 150 тонна белгисиз жүк келген. Кыргызстан ЖМКларынын маалыматына ылайык, көп тонналык жүк Кыргызстандагы АКШ элчиканасы үчүн келген.
Саясий серепчи Токтогул Какчекеевдин пикиринче, “Самолёттор жүк менен учуп келген жана дароо көӊүлдү бурган. Көптөгөн эксперттердин айтымында, мындай самолёттор Киевде да “Майдан” башталышынын алдында пайда болгон. Бул абалды болсо, АКШ Кыргызстан Бажы биримдигине мүчө болушуна жол бербестик үчүн Кыргызстанда ишмердүүлүгүн күчөткөндүгү менен байланыштырып жатышат”.
Анын божомолу боюнча, бул иштер АКШ кандай кылып болсо да Кыргызстан өкмөтүнө таасир өткөрүүгө аракет кылып жатканы менен байланыштуу болушу да мүмкүн. Саясий серепчинин айтымында, самолёттордун бортунда 20, 50 жана 100 долларлык купюрадагы накталай валюталар болушу мүмкүн. Бирок, бул тууралуу анык маалымат жок, себеби чектелүү адамдардын гана бул тууралуу маалыматы бар.
АН-124 учактары эки жолу – 28чи жана 30-март күндөрү – Манас аэропортуна келип конгон эле. Эки жолу теӊ самолёттор Бириккен Араб Эмирлигинин борбору Абу- абиден учуп келишкен. 28-март күнү келген биринчи самолётто жети контейнерде жалпы салмагы 78 тоннадан ашуун жүк келген болсо, 30-март күнү болсо беш контейнерде жалпы салмагы 74 тоннага жакын болгон жүк келген. Жүктү бир нече киши коштоп келген жана АКШ элчиканасынын 14 кызматкери күтүп алган.
2013-жылдын ноябрь айында Украинада “Майдан” башталышынын алдында Американын Киевдеги элчиканасы да АКШ аскерий аба күчтөрүнө тийиштүү аскерий самолёттор менен келген “дипломатиялык почта” алган эле. Ошол кездеги жүк майда купюралардан турган 60 миллион доллар акча болгон. Кийинчерээк 20, 50 жана 100 доллардык купюралардагы жап-жаӊы акчалар “Майдан”да пайда болгон.
АКШнын Кыргызстандагы элчиканасы арадан 16 күн өтүп, Украина авакомпанияларына караштуу самолёттор менен келген белгисиз жүк тууралуу маалымат берди. Элчикананын кабар беришинче, бул жүктөр элчикана үчүн жаңы курулуп жаткан имаратка керектүү материалдар болгон.
Туркистон:
Эми Кыргызстан тынымсыз кабатырда жашай береби? АКШ атайын кабатыр пайда кылуу максатында, жогорудагы сыяктуу белгисиз жүктөрдү алып кире берет. Кыргызстан бийлигинин болсо – аларды өзүнүн жеринде да текшере албагандыктан – кабатыр болуусу күчөп бара берет. АКШ болсо кырдаалдан пайдаланып, өзүнүн кызыкчылыктарын удаама-удаа тыгыштыра берет.
Бул жана ушул сыяктуу иштердин аягы көрүнбөйт. Ушул система ичинде аларды ээрчип бара берген соӊ, зулумдардан эч качан кутула албайбыз. Үстүбүздөгү системадан баш тартмайынча жана анын ордуна башка система алып келмейинче, үстүбүздөгү зулумдар көтөрүлбөйт. Бизди Ислам системасы гана куткара алат. Себеби, ал учурдагы системаны жок кыла турган жападан-жалгыз дүйнөлүк система болуп эсептелет. Буга кошумча, Ислам системасы биз кабыл алган Ислам акыйдасынан балкып чыккандыктан, ал өзүбүздүн исламий табиятыбызга туура келе турган жападан-жалгыз система болуп эсептелет.