Путин Иранга С-300 жеткирип берүүгө уруксат берди

268
0

Кремль расмий сайтынын кабарына негизделип “lenta.ru” сайтынын билдиришинче, Россия президенти Владимир Путин Иранга С-300 ракеталык комплекстерин жеткирип берүүгө коюлган чектөөнү жокко чыгарган.

 Кабарда: “Бул токтомго ылайык, Россиядан Иран республикасына аба жолдору, кургактык жана суу аркылуу C-300 ракеталык комплекстерин жеткирип берүү боюнча орнотулган тыюу бекер болот. Эми Россия байрагы астындагы кемелер, самолёттор жана башка жүк ташуучу техникалар аркылуу Иранга ушундай ракеталарды жеткирип берүүгө болот”, – деп айтылат.

 Россия президенти Дмитрий Медеведев 2010-жылдын сентябрь айында БУУнун Коопсуздук кеңеши тарабынан кабыл алынган резолюция алкагында Иранга C-300 ракета комплекстерин жеткирип берүүгө тыюу салган эле. Түпкүлүгүндө БУУнун Коопсуздук кеӊеши кабыл алган резолюция ракеталык комплекстерди жеткирип берүүгө тыюу салбаган (себеби, бул коргонуу куралы болуп эсептелет) эле. А бирок, расмий Кремль АКШ менен алакаларын жакшыртуу максатында катуураак чара көргөн болчу.

 Бул болсо, Иранга жөнөтүү үчүн даяр абалга келтирилген С-300ПМУ-1 ракета системасынын беш дивизиону (2007-жылы болжол менен 800 миллион долларлык келишимдин) токтотуп коюлушуна алып барган. Расмий Тегеран Москванын мындай чечимин кескин сындап, Женевадагы эл аралык арбитраждык сотко доо арыз менен кайрылган, доо арызда Россия келишим шарттарын аткарбагандыгы себептүү төрт миллиард доллар штраф төлөшүн талап кылган эле.

 Бирок, Россиянын ошол кездеги президенти Медведев тарабынан киргизилген чектөө С-300 ракета комплекстеринин кайсы түрүн өз ичине алышы анык көрсөтүлбөгөн эле. Ошол себептен да С-300ПМУ-1ди жеткирип берүүгө тыюу салынгандан эч канча убакыт өтпөстөн, Россия Иранга С-300ВМ ракета комплекстерин сатып алууну сунуштаган.

 Россия президенти Владимир Путин тарабынан кабыл алынган токтом,  АКШ башчылыгындагы “алты кубаттуу мамлекет” эл аралык санкцияларды жумшартуу акысына Ирандын ядролук программасын кыскартуу туурасындагы келишимге кол койгондон эки аптадан кийин кабыл алынды.

 Россия Коопсуздук кеңешинин маалымат катчысы Николай Патрушевдин билдиришинче, ракеталык комплекстерди жөнөтүүгө болгон даярдык алты айга созулушу мүмкүн.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here