Шылтоо

304
0

Басма сөз баянаты

«Ислам мамлекети» уюмун Афганистан жана Орто Азия аймагында атайын пайда кылып, аны көбүртүп көрсөтүү ушул регион иштерине аралашуу үчүн Америка жана ЖККУ пайдаланып жаткан бир шылтоо

Америка жүргүзүп жаткан «Ислам мамлекети» уюму коркунучун атайылап көбүртүп көрсөтүү кампаниясы Россия, Франция жана Кытай сыяктуу чоң мамлекеттердин кызыкчылыктарына туура келүүдө.

17-март күнү ЖККУнун башкы катчысы Николай Бордюжа «Фергана» маалымат агенттигине берген интервюсунда Өзбекстан жана Түркмөнстандын терроризмге каршы күрөштө дал ушул уюм менен кызматташпай жатканын айтып нааразы болгон эле. Россия Түркмөнстандын бейтараптык саясатына жол бербестик үчүн согуштук чөйрө жаратуу жана исламий терроризм жалаасынан пайдалануу аркылуу аны ЖККУга тартууга аракеттенүүдө.

Илгери Ал-Каида, Талибан жана Өзбекстан исламий кыймылы коркунучунда да кудум ушундай ыкма колдонулган… «Ислам мамлекети» уюму коркунучу күчөтүлүп таркатылгандан кийин Өзбекстан, Пакистан жана Ислам дүйнөсүндөгү бир катар мамлекеттерге басым өткөрүүдө да терроризмге каршы күрөшүү шылтоосунда алардын ишине аралашуу үчүн ушундай ыкма дагы деле колдонулууда.

Америка өзүнүн керектүү экенин уктуруп коюу о.э. адамзатты террор коркунучунан куткаруучу жападан-жалгыз мамлекет болуп көрүнүү үчүн бүт дүйнөнү коркутууда. Себеби, ал өз саясатында мындай ыкмалардан көп пайдаланып келген. Мисалы, Советтер Союзу кулашынан мурда Батыш дүйнөсүн анын коркунучунан коркуткан болсо, ал кулагандан кийин болсо дүйнөнү Ирак, Иран, Ливия жана булардан башка айрым бир мамлекеттерден коркутуп келди. О.э. ал Ал-Каида, Талибан жана Өзбекстан Исламий Кыймылы сыяктуу айрым кыймылдардан дүйнөнү коркутуп, «терроризм»ден өз пайдасы жолунда пайдаланып келүүдө.

Америка дүйнө мамлекеттеринин ички иштерине т.а. саясий, экономикалык, аскерий жана сакафий иштерге аралашуу максатында бул шылтоолордон пайдаланат. Мисалы, Европа үстүнөн өкүмдарлыгын күчөтүү максатында социализм картасын оюнга койду. Социализм жок болгондон кийин Ирандын ядролук куралы коркунучунан пайдаланды. Россия экономикасына зыян жеткирүү максатында Украина жана Крым проблемасын атайылап пайда кылды. Бул нерсе НАТОнун күчөшүнө жана региондо кеңейишине алып барды о.э. Европанын ага байланып калышын күчөттү. Муну менен Америка дүйнө жүзүнүн ар тарабындагы аскерий базаларын сактап калат жана базаларын дагы көбөйтөт. Ушул логикадан келип чыгып, Россия Түркмөнстан менен мамиледе болууда. Ушул логикадан келип чыгып, Америка жана Россия Украинаны, Вьетнамды, Сирияны, Ливияны, Афганистанды, Иракты кыйрандыга айлантты. Алар ошентип өз максаттарын ишке ашырышат.

Орто Азия республикалары сергек болушу керек. Себеби, алар эмдиги бута болуп эсептелишет. Ошентип, куфр дүйнөсү жетекчилигинин жүзү ачылып калды. Анткени, анын чыныгы жүзү Ислам жана мусулмандарга бүтүндөй душмандык кылуу.

Мындай жалган коркунучка жооп берип жаткан биздин өкмөттөр «тазалоо кампаниясы» шылтоосунда куфр мамлекеттерине өлкөлөрүбүздү басып алуу жана мусулмандарды кордоо укугун беришүүдө. Мындай иштер шылтоосунда куфр системасынын каалоолору жана кызыкчылыктары ишке ашырылууда. Режимдер болсо, душмандар биздин өлкөлөрдүн иштерине аскерий жактан аралашуусу үчүн, аларга өлкөнү кеӊири ачып беришүүдө жана куралдарын сатууга о.э. бул өлкөдө аскерий базаларын курууга аларды шыктандырууда.

Мындай иштердин акыбети кандай болот?

Эгерде режим өз калкы менен болгон алакасын кайрадан карап чыкпаса, Исламды туура түшүнүп аракет кылып жаткан жападан-жалгыз хизб болуп эсептелген Хизб ут-Тахрирге каршы саясатын өзгөртпөсө, көптөгөн улутчул жамааттар пайда болуп бул жамааттар өлкөдө карама-каршылык уругун эгишет. Себеби, кафирлер жүргүзүп жаткан саясий оюнду өлкө башчылары жана жада калса уламалар да түшүнбөй жатат. Ал тургай, бул башчылар өлкөнү жарды көздөй, тайпачылык жана улутчулдукту көздөй алып бара жатканына да акылдары жетпей жатат. Алар биздин башыбызга түрдүү балээлерди жаадырышууда.

Хизб ут-Тахрирдин Орто Азия жана Казакстандагы мусулмандарга кайрылуусу:

Эгерде биз кафирлердин айла-амалдарын ашкере кыла албасак жана анын алдын алууга аракет кылбасак, анда биз да Ливия жана Сириядагы сыяктуу саясий боштукка түшүп калабыз. Бүгүн мындай абал Каримовдун саясаты себептүү Өзбекстанда пайда болгон. Бул келчекте Орто Азиядагы кырдаалды курчутуп жибериши мүмкүн. Каримов адамдардын жүрөгүндө тереӊ тамыр жайган исламий туйгуларды жана пикирлерди сындыра албады. Себеби, душмандык жана зомбулук Исламды ого бетер бекем кармоого алып барат. Шайх Мухаммад Садык Мухаммад Юсуфту жайына узатуу ырасымы жүрөктөргө тереӊ орношкон бул ыймандын жаркын далили болот. Кафир да ушул исламий күчтү өз кызыкчылыгы тарапка багыттоону каалайт. Биздин өкмөттөр кафирге кызмат кылуу жолунда мусулмандарды камакка алуу жана Исламды жанатты кылуу аркылуу Ислам добушун өчүрүүгө аракет кылууда.

Биз адамдарды жана режимдерге таасир өткөрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон кишилерди кафирлердин ушул жийиркеничтүү долбоорунун алдын алууга чакырабыз жана аларга айтаарыбыз, Хизб ут-Тахрирге каршы маалыматтык чабуул баштап жалган жалааларды таркатышууда. Биз расмий билдирүүлөрүбүздө маддий аракеттер менен алектенбестигибиз туурасында айткан болсок да, алар Хизбди террорчулук операцияларында айыпташууда. Алар Хизбдин аракетин токтотуу үчүн жана өздөрүнө Үммөт үстүндө фитна уюштуруу ыӊгайлуу болушу үчүн Хизбди Үммөттөн ажыратууга аракет кылышууда. Алардын чоңу Каримов (Аллах кыйроого учуратсын) 16-февраль окуясында кылганы сыяктуу, булар да өздөрү каалаган убакта жана каалаган жерде Ислам жана мусулмандар атынан жардыруу ишин ишке ашырып бул иште Хизбди айыптоого аракет кылышы мүмкүн. Ошондуктан, эгерде ушундай окуя жүз бергидей болсо ага ишенбегиле. Себеби, Хизб өзүнүн саясий долбоорун бир да жашырбаган. Ал тургай, Хизб мүчөлөрүнүн ондогон жылдар камакта болушу да Хизбди тарыйкатынан чалгыта албады. Эгерде Хизб маддий ишти ишке ашыргыдай болсо, муну жашырбаган болот эле. Себеби, Хизб жигиттеринин даъватты жаюу жолундагы кайраты жана салабаты эч кимге жашыруун эмес.

Хизб ут-Тахрирдин Кыргызстандагы басма сөз бөлүмүнүн төрагасы

Расмий сайт: https://hizb-turkiston.net

Электрон почта: webmaster@hizb-turkiston.net

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here