Мамлекет менен кызматташпаганы үчүн 9 жылга камалды

344
0

Коммунист Кытай өкмөтү уйгур мусулмандарга каршы ишке ашырып жаткан зулумдардын аягы көрүнбөй жатат. Кытай соту Чыгыш Түркстанда жашап келген Ислам аалымы 55 жаштагы Камбар устазды узак жылга камак жазасына өкүм кылды. Камбар устаз менен бирге соттолгондор да ар түрдүү мөөнөткө камак жазасына өкүм кылынышты.

Тафсир, фикх жана хадис илимдерине ээ болгон Камбар устаз жана ал кишинин “кылмыш”тагы шериктери коомдогу мусулмандар үстүнөн тыӊчылык кылууну четке каккандыгы жана уйгур мусулмандарын кыргын кылууда өкмөттүк күчтөр менен кызматташууну кабыл алышпаганы үчүн эл душманы катары камакка алынышты. Камбар устаз акыйкатты айтуу о.э. мусулмандарды биримдикке жана Исламий боордоштукка чакыруу менен коомдо кадыр-баркка ээ болгон адам экендиги айтылууда.

Борбору Швецияда жайгашкан “Чыгыш Түркстан” маалымат агенттиги таркаткан кабарга ылайык, Кытай соту Камбар устаз менен биргеликте 16 адамдын үстүнөн өкүм чыгарган. Алар “Диний экстремизмге каршы туруу ишине катышууну четке какты” деген айып менен ар түрдүү мөөнөттөгү камак жазаларына өкүм кылынышты. Соттун билдиришинче, Ислам аалымы Камбар устаз 9 жылга жана устаз менен бирге соттолгондор да ар түрдүү мөөнөттөрдөгү камак жазасына өкүм кылынышкан.

Мындан бир аз убакыт өтүп, Чыгыш Түркстандын Кашкар шаарында болгон соттук отурумда 38 жаштагы бир мусулман “Сакалын өстүрүп тынчсыздык жараткандыгы” себептүү 6 жылга камак жазасына өкүм кылынды. Анын аялы хижаб кийип жүргөндүгү үчүн 2,5 жылга камалды. Бул тууралуу Кытайда чыгуучу “China Youth Daily” газетасы кабар таркатты.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here