Туркистон:
“Голос Америки” сайты 1-апрель күнү АКШ мамлекеттик катчысынын орунбасары Энтони Блинкендин сөздөрүн басып чыкты. Блинкен Вашингтондо болуп өткөн конференцияда “Борбор Азияда исламий экстремизмдин күчөп барышы АКШны тынчсыздандырууда” деп айтты. Анын айтымында, саясий туруктуу болгон Борбор Азияга туруксуз Афганистан жана Пакистан сыяктуу мамлекеттердин терс таасири тийет. Блинкен мунун алдын алуу үчүн НАТО менен кызматташууну сунуштады. Бул кызматташтыктын натыйжалу экендигине НАТОнун поссоветтик республикалар менен “Тынчтык үчүн кызматташтык” аскерий программасын мисал катары келтирди. 1994-жылы түзүлгөн жогорудагы программанын алкагында аскерий машыгуулар жана адистерди даярдоо ишке ашырылат.
Блинкендин айтымында, АКШнын Борбор Азия менен кызматташтыгы эки негизге таянат. Биринчиси, эл аралык коопсуздук түзүмүнө байланыштуу болсо, экинчиси, экономиканы өнүктүрүүнүн натыйжасында региондо туруктуулукту орнотуу.
АКШ Кыргызстанда туруксуздукту пайда кылуу үчүн олуттуу аракет кылууда
Эл аралык саясий майданда Кыргызстан мамлекет катары этибар кылынбай турган даражага түшүп барууда. Мамлекеттик системанын ар бир тармагы тышкы мамлекеттер же күчтөр менен кызматташуу боюнча өзү каалагандай келишимдерди түзүп жана бул күчтөр менен кызматташтыкта аракет кыла баштады.
Өзбекстан коопсуздук комитети тарабынан Шайх Рашод кары Камаловдун камакка алынышы, өздөрү башчылыгында жана алардын Кыргызстандагы агенттери аркылуу алып барылганы жөнүндө кабарлар таркатыла баштады. Чындыгында эле бул акыйкатка жакын маалымат. Бирок, алар бул жашыруун операцияларын ашкере кылуу менен эмнеге жетишмекчи?
2006-жылы 7-августта Кыргызстандын Ош шаарында Мухаммад Рафик Камалов өз автомашинасында атып өлтүрүлгөн о.э. бул канкордук да Өзбекстан коопсуздук түзүмү жана ошол кездеги үй-бүлөлүк башкарууда турган Бакиевдер тарабынан уюштурулган эле. Өзбекстан өкмөтү ошол кезде да азыркыдай бир нече күч-кубат ээлерин акчага сатып алып, алардын ыраазылыгы менен Рафик Камаловду атып өлтүрүшкөн. Эми анын ордун ээлеген жана элдин арасында сый-урматка жетишкен уулу Рашод Камаловго кезек келди.
Бизге жетип келип жаткан кабарларга ылайык, Ташкент күч органдарын сатып алуу эле эмес, коркутуу же башка убадаларды берүү аркылуу да өзүнө көзкаранды кылып алган, балким, бир катар диний таасирге ээ болгон белгилүү адамдарды жана улуттук көз караштагы өзбек улутуна таандык шектүү адамдарды да өз кызыкчылыктары жолунда жүргүзүп жаткан операцияда катышууга мажбурлап жатат. Бүгүнкү күндө 2010-жылдагы улуттук жаӊжалдар натыйжасында качып кетүүгө мажбур болгон бир катар адамдар Кыргызстандын түштүгүнө кайтып келе башташкан.
Мындан тышкары, бир нече жылдар бою өзбекстандык экенин жашырбаган бир катар жаш, күч-кубаттуу адамдардан түзүлгөн топ Кыргызстандын түштүк бөлүгүнүн дээрлик бардык шаар жана айылдарында арзыбаган Кытай буюмдарын сатуу шылтоосу менен кеӊири жүрүшөт. Алар ал тургай кайдан келгенин жана кайсы милиция кызматкери алардын коргоочусу экенин да жашырбай жатышат.
Америка жараны Умар Фаррухту камакка алууга батынган коопсуздук кызматынын кызматкерлери Өзбекстандан өтүп жаткан бул топтун өкүлдөрүн жана акча үчүн аларды коргоп жаткан милиция кызматкерлерин эч нерсе кыла алышпайт. Мындан тышкары, Кыргызстанда генерал Худойбердиевдин Өзбекстандагы атайын тыӊчылары ызгып жүрүшөт. Өзбекстанда 2010-жылдагы окуяларда Кыргызстандан качып барган 2000ден ашуун адам бар.
Кыргыз милициясынын адистиги өтө алсыз болгондуктан, Рашод кары Камаловго байланыштуу операциянын үлгүсүн толук бойдон өзбек коопсуздук түзүмүнөн алып коё калды. Булар ал тургай азыр да өзбек кызматкерлери сунуштап жаткан атайын материалдарды алардан алып жатып, өз мамлекети ичиндеги мынчалык маалыматты алар кайдан жана кантип алып жатышканы туурасында ойлоп жатышкан жок. Кыргызстан Ички иштер министри Мелис Турганбаев президентке берген убадасын аткарууну гана ойлонот. Бул жолдо ага Кыргызстан коопсуздук түзүмү изден чыгып кетишинин да кызыгы жок. Себеби, улуттук жана мамлекетик коопсуздук анын түздөн-түз милдети эмес.
АКШ мамлекеттик катчысынын орунбасары Энтони Блинкендин берген билдирүүсүнө ылайык, АКШ долбоору Кыргызстанды НАТОго жакындаштырууга каратылат. Максат, Афганистандагы аскерий базаларын өз ордунда сактап туруу менен бирге, Борбор Азияда аларды колдоп туруучу жаңы базаларды көбөйтүү. Ал үчүн Кыргызстанда бир нече исламий коркунучка негизделген ызы-чууларды пайда кылышат. Ызы-чуудан сарсанаа болуп жаткан коопсуздук түзүмдөрү болсо, бир нече тайпага бөлүнүп кетишти. Буга алардын мамлекеттин жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо кубатынын жетишпестиги себеп болду. Алардын салмактуу бөлүгү Россия таасиринде калып кетти. Экинчи бөлүгү, ИИМ болсо АКШ кызыкчылыктары тарапка багытталган негизде иш жүргүзүүдө. АКШ дал мына ушул тарапты Өзбекстан менен кызматташууга багыттап жатат.
Бирок, Өзбекстан менен жүргүзүлүп жаткан бул кызматташтык да Кыргызстандын ички кескиндиктерин ого бетер күчөтүүгө каратылат. Кыргызстандын Өзбекстан менен жүргүзгөн 2006-жылдагы кызматташтыгы имам Мухаммад Рафик Камаловдун өлтүрүлүшү жана Хизб ут-Тахрирге каршы катуу кысым көрсөтүү менен аяктаган эле. Бул болсо, 2010-жылы Бакиевдер режиминин кулашында Ош жана Жалал-Абад областтарында исламий туйгусу бийик болгон өзбек улутунан жардам үмүт кылып качып келген Бакиевди колдобой коюусуна себеп болгон эле.
Рашод кары Камалов үстүндө жүрүп жаткан кызматташтык операциялары да кыргыз өкмөтү үчүн пайда алып келбейт. АКШ үчүн болсо Рашод Камалов өзүнүн үлкөн салмагы менен ал алып кирип келе жаткан бузукчулуктарды тосуп калышы мүмкүн болгон адамдардын бири. Өзбекстан болсо Каримов корко турган исламий адамдарды удаама-удаа четтетип баруу аркылуу Борбор Азиядагы таасир күчүн Кыргызстан тарапка кеӊейтип алмакчы.
05.04.2015