Сиси Израиль менен алакасы жакшы экендигин билдирди

357
0

Мисир президенти Абдулфаттах ас-Сиси Израилдин премьер-министри Бенямин Нетаняху менен тез-тез жолугушуу өткөрүп тургандыгын билдирди. “Вашингтон пост” газетасына интервью берген ас-Сиси Мисир менен Израиль ортосунда коопсуздукка таянган алака бар экендигин ачыктады.

“Мисалы, Израиль менен ишке ашырган тынчтык келишими Синай регионунун борбордук жана чыгыштагы бөлүктөрүндө Мисир армиясынын бар болушуна уруксат бербейт. Ал эми алар болсо бүгүнкү күндө бул региондорго аскер алып киришибиз проблема жаратпастыгын айтышууда. Бул да душмандык жана шектенүүлөр ортодон көтөрүлгөндүгүн көрсөтөт. Эгерде Палестинада эки мамлекеттик бир чечим ортого чыга турган болсо, бул абал Израиль менен башка араб мамлекеттери ортосунда да жүз бериши мүмкүн”, – деди Мисир президенти.

Ас-Сиси Израилдин премьер-министри Нетаняху менен тез-тез жолугушуу өткөрүп тургандыгын баса белгилеп: “Палестинага тиешелүү тынчтык камсыздалса, бул нерсе ал үчүн да, Израиль үчүн да тарыхий келишим болуп калышын о.э. бул маселеде жардам берүүгө даяр экендигимди айтып өтмөкчүмүн”, – деди.

Ас-Сиси Иран менен уланып жаткан ядролук программа үстүндөгү келишимдер маселесинде Израилдин тынчсыздануулары орундуу деп баалай тургандыгын баса белгиледи.

АКШ өкмөтүн Мисирдеги жана региондогу кырдаалды алыстан күзөтүп тургандыкта айыптаган Сиси Вашингтон менен Каир ортосунда алака проблемасы бар экендигине ишара кылды.

Сиси: “Региондо чоӊ коркунучтар бар. Кечээ күнү эле Ливияда дагы беш нефть кызматкери уурдап кетилди жана өлтүрүлдү. Ко-ош, Америка эмне кылышы керек эле? Силер болсо күзөтүп гана турасыӊар. Мамлекетибизде болуп жаткан окуялар туурасында чыныгы көрүнүштү көрө албай жатасыӊар. Өтө эле өнүккөн мамлекет эмеспиз. Америкалыктардын көзү менен карай турган болсоӊор, силердин демократияӊар 200 жылда тикеленди. Бизге да өнүгүү үчүн мөөнөт бергиле. Шашыла турган болсок, биз сыяктуу мамлекеттин кулашы анык”, – деди.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here