Россиянын Тажикстанда жайгашкан аскерий базасы эскирген техникалардын ордун жакында эле согуштук куралдар сабына кошулган 100гө жакын БТР-82А тибиндеги бронетранспортёрлор менен толтурула турган болду.
Борбордук аскерий округдун маалымат кызматы таркаткан кабарда: “Мамлекеттик коргоо заказы планына ылайык, Арзамас машина куруучу заводу бул техникаларды жеткирип берет”, – деп айтылат.
Тажикстандагы аскерий базанын бөлүктөрүнүн командирлери жана орунбасарлары кайрадан даярдыктан өтүү үчүн алдын ала Борбордук аскерий округунун Самара областында жайгашкан аскерий бөлүгүнө жөнөтүлүшкөн, бул бөлүктө өткөн жылдан бери жаӊы типтеги согуштук техникалардан пайдаланылууда.
Өнүктүрүлгөн БТР-82А 30-мм автоматтык пушка, 7,62-мм пулемёт менен камсыздалган болуп, тоолуу аймактарда аскерий аракеттерди жүргүзүүдө натыйжалуулугу менен өзгөчөлөнүп турат.
Туркистон:
Тажикстан аймагындагы 201-аскерий база Россиянын чет өлкөдөгү эӊ чоӊ объектеринин бири болуп эсептелет. Базада 7000 аскер кызмат өтөйт. Жогорудагы аскерий базанын Тажикстанда туруу мөөнөтү 2014-жылы аякташы керек эле. Бирок, Россия президенти Владимир Путиндин 2012-жылдын 5-октябрында Душанбеде Тажикстан президенти Эмомали Рахмон менен болуп өткөн жолугушуусунда, Россияга караштуу 201- аскерий базанын Тажикстан аймагында туруу мөөнөтүн дагы 30 жылга т.а. 2042-жылга чейин узартуу туурасындагы келишимге кол коюлган.
Борбор Азия республикаларын өзүнүн эгинзары катары көрүүгө үйрөнүп калган Россия өкмөтү өткөн жылы да аскерий базаны күчөтүү максатында, ал жерге разведка кылууга жана радио толкундарды аныктоого болжолдонгон “Застава”, “Гранат” жана “Леер” тибиндеги учкучсуз самолётторду жайгаштырган эле.
“Гранат” жана “Застава” аппараттары жерлердин видео жана фото сүрөттөрүн алууга болжолдонгон. “Леер” учкучсуз аппараты болсо, радоиразведка кылуу, радиодиопозондо нур таркатуу булактарын аныктоо, белгилүү бир жыштыктарда тоскоолдуктарды пайда кылуу жана радиосигналдарды бастыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ экендиги кабарланган болчу.