Март айынын аяк чендеринде Өзбекстан аймагында “ИШИМ” чабуулу коркунучу күтүлүүдө

303
0

АКШ Куралдуу күчтөрүнүн борбордук командачылыгы демөөрчүлүгүндө ишмердүүлүгүн жүргүзгөн “centralasiaonline.com” сайтынын кабарына таянуу менен “sharh.uz”дун кабар беришинче, Өзбекстан өкмөтү “ИШИМ” террорчуларынын Афганистанда активдешүүсүнөн тынчсызданууда.

 Бул тууралуу Мамлекеттик коопсуздук кызматынын кызматкери Бахтиёр Шарафовдун айтышынча, “ИШИМдин “Борбор Азия дарбазасында” пайда болушу террористтик жана аскерий операциялар коркунүчүн күчөтүүдө”.

 Анын айтымында, Афганистан коопсуздук күчтөрүнүн маалыматы боюнча “ИШИМ” согушкерлери Түркмөнстандын чегарасына жакын аймакта жашырынган жана Өзбекстан чегарасына жакын жерде активдешүүдө.

 Өзбекстан Мамлекеттик коопсуздук кызматынын маалыматына ылайык, 5 миӊдей мүчөсү бар “Өзбекстан Ислам кыймылы” уюуму азыркы кезде “ИШИМ” тарапта согушуп жатат. Кабарларга ылайык, алардын жарымы өзбекстандыктар (Афганистандык өзбектер эмес) болуп, террорчу топтун катарына кошулгандар болуп эсептелишет.

 Кабар берилишинче, март айында, айрыкча Нооруз майрамы жана 29-мартта өтүүчү шайлоонун астында террорчулардын Өзбекстан аймагында жардырууларды ишке ашыруу коркунучу бар экендиги айтылууда.

 Туркистон:

АКШ өкмөтү онжылдан ашуун убакыт “Ал-Каида” жана ал уюмдун жетекчиси Усама бан Ладенди бүт дүйнөгө “мокочо”кылып көрсөтүп келген болсо, эми “ИШИМ” уюму жана анын жетекчиси Багдадий аркылуу дүйнөнү коркуу астында кармап турууга кезек келди. Бул уюмду дүйнөгө реклама кылууда Америка админстрациясы түздөн-түз өзү жетекчилик кылып келүүдө. Акыркы айлардын ичинде “ИШИМ” коркунучу туурасында жазбаган бирер сайт, АКШ разведкасынын маалыматтарына таянган абалда түрдүү комментарий жана түшүндүрмө бербеген бир да эксперт калбады.

  Мындай маалыматтар жана эксперттердин комментарийи, айрыкча, Борбор Азиядагы диктатор акимдерге майдай жагууда.  Бул диктатор акимдер Ислам жана мусулмандарга каршы күрөштө ушул коркунуч жана комментарийлерден пайдаланып калууга умтулуп, айрыкча, Каримов башчылыгындагы Өзбекстан өкмөтү байгени эч кимге бербей келе жатат.

   Ислам жана мусулмандарга карата эътикадий душман болгон Каримов ансыз деле, түрдүү тамга жана аталыштар менен мусулмандарды кыргын кылып жана куугунтуктап келе жаткан эле. Эми болсо АКШ тарабынан жагып берилген жашыл чырактын натыйжасында ансыз да чокусуна чыгып болгон зулумдарын ого бетер күчөтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп турат. Дал мына ушундай “коркунуч жана тынчсыздануулар” шылтоосунда Өзбекстандын күч түзүмдөрү өздөрү бирер жардыруу опреациясын ишке ашырышы жана коркуу астында кармап турулган калкты дагы да эзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп алышы мүмкүн.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here