Король Салман Булуӊ мамлекеттеринин өкүлдөрү менен жолугушту

287
0

Саудия королу Салман бин Абдулазиз Яманда жүз берген акыркы окуялар боюнча Булуң мамлекеттеринин жогорку даражалуу жооптуулары менен жолугушуу өткөрдү.

Саудиянын “SPA” расмий маалымат агенттиги таркаткан кабарга ылайык, Бахрейндин валиахд шахзадасы жана премьер-министринин жардамчысы Салман бин Хамид ал-Халифа, Абу-Даби валиаҳд шахзадасы шайх Мухаммад бин Зойид ал-Нахян, Катардын премьер-министри жана ички иштер министри шайх Абдуллах бин Насир ас-Сани, Кувейт премьер-министринин жардамчысы жана ички иштер министри шайх Мухаммад ал-Холид ас-Сабанилер региондо жүз берген окуялар, айрыкча Яманда жүз берген акыркы өзгөрүштөрдү талкуулоо үчүн Саудияга барышкан. Король Салман конокторду Эр-Рияддагы сарайында кабыл алды.

Булуң мамлекеттеринин өкүлдөрү Яманда жүз берген окуялар жөнүндө тынчсызданууларын билдиришти. Өкүлдөрдүн айтымында, Яман коркунучтуу натыйжаларды келтирип чыгара турган көрүнүштө караӊгы бир тоннелге карай бара жатат. Алар мындай абалда региондун коопсуздугу жана туруктуулугуна зыян жетишинен эскертишти.

Яманда мыйзамдуу президент болгон Абдурроббих Мансур Ходийди колдоо туурасында бир пикирде экендиктерин билдирген өкүлдөр боордош Яман калкы үчүн коопсуздук жана туруктуулукту камсыздоо максатында бар болгон күчү менен аракет кылууга даяр экендиктерин айтышты.

Жолугушуу маалында Булуң мамлекеттеринин коопсуздугу Ямандын коопсуздугуна бекем байланыштуу экендигине басым жасалды. Айрыкча, президент Ходийдин мамлекеттин коопсуздугу жана туруктуулугун камсыздоону каалаган, бардык тараптардын катышуусу менен Булуң мамлекеттери кызматташтыгынын көзөмөлү астында Эр-Риядда жыйын уюштуруу туурасындагы талабы дароо кабыл алынышы жогору бааланды.

Бириккен араб амирликтери, Катар, Кувейт жана Бахрейнден келген жогору даражалуу жооптуулардан түзүлгөн комитеттин сапары канчага уланышы туурасында эч кандай маалымат жок.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here