Күч түзүмдөрү зомбулуктарын Жалал-Абад областында улантып жатышат

301
0

Бизге жетип келген маалыматтарга ылайык, бүгүн 23-март күнү Жалал-Абад областына караштуу Сузак районунун 5 тургунунун үйүндө тинтүү өткөрүлгөн. Операцияны ГКНБ жана ИИМ кызматкерлери биргеликте жүргүзүшкөн. Ушул биргелешкен операция толук куралданган спезназ жана ал тургай иттер жардамында жүргүзүлгөн.

Арзыбаган бул профилактикалык операциянын мындай көрүнүштө эртелеп жүргүзүлүшүнөн мусулман жарандарды коркууда кармап туруу жана терроризмдин алдын алуу үчүн алынып  жаткан каржаттар үчүн куфр донор мамлекеттери алдында отчёт берүүнү максат кылышкан.

Камакка алынгандардын арасында 64 жаштагы Исмаил уулу Исраил боордошубуз да бар. Бул адам илгери Акаевдин тушунда камакка алынган. Камакта “Ар-Намыс” партиясынын жана парламенттеги “Ар-Намыс”фракциясынын башчысы Феликс Кулов менен бирге отурган жана ал кишини даъват кылып бири-бири менен дос тутунушкан. Ошондон кийин бул киши “Исмаил даъват” деген ат менен белгилүү болуп кеткен эле.

Акаев бийлигин таштап качты. Кулов жана башка миӊдеген адамдар эркиндикке чыгышты. Кулов сыяктуу ошол кездеги туткундардын көпчүлүгу азыр бийликте отурушат. Бирок, кудум Кулов сыяктуу Акаев режими тарабынан мазлум болуп ал менен бир мезгилде бирге камакта отурган Исмаил даъват дагы кайрадан камакка алынды.

  Кулов менен жолугушуусунан мурда бул киши Жалал-Абаддагы күчөтүлгөн режимдеги лагерде бир жылдай кармап турулган. Бир жылдын ичинде ал жерде даъват иштерин жүргүзүп, ал киши себептүү 700 адам намаз окуй баштаган. Ошондо түрмө башчылыгы мечит курууга уруксат берүүгө мажбур болгон. Ошону менен бул зонада мечит курулуп бүгүнкү күнгө чейин мусулмандарга толуп келет. Ошондо бул кишини бир шылтоо менен Бишкек тараптагы башка зонага жылдырып жиберишкен. Ал жерде Кулов менен жолугушуп калган. Кулов азыр балким бул дили таза, карапайым жана көӊүлү ачык адамды танып жиберер. Бирок, акыйкат тарых болуп кала берет. Кулов сыяктуулар болсо, жакында замандар өзгөргөндө тарыхтагы Исмаил даъват менен болгон бул жолугушуусуна сыймыктанып, балким китептерди жазышаар.

Үйүндө тинтүү өткөрүлгөн боордоштордун тизмеси.

Маматалиев Набидин Хашимжановч 1983-ж.

Каримкулов Яхяитдин Абдурасулович1979-ж.

Халматов Шарабиддин Абдукахарович 1986-ж.

Таштемиров Маруфжан Хажиматович 1974-ж.

Исмаил уулу Исраил 1954-ж.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here