АКШ Мамлекеттик департаментинде терроризмге каршы күрөш бөлүмүнүн жетекчиси педофилия айыбы менен камакка алынды

287
0

Туркистон:

 Бул жийиркеничтүү адам бүт дүйнөнү терроризмден этият кылып жаткан болуп көрүнүүгө умтулуп жаткан АКШ мамлекеттик департаментинен туруп, жаш балдарды кантип жаман жолдор таасиринен кайтарып калуу керек деген темада докладдарды жасап, иш жүзүндө болсо жаш балдарды кылмыштардан кайтаруунун тири укмуш жолу менен күрөш жүргүзөт экен. Балким бул ыкмалар демократиялык баалуулуктарга ылайык бузукулук эмес, алар жетишкен өнүгүүнүн чокусу болсо керек. Себеби, эркектин эркекке жана аялдын аялга үйлөнүшүн алар демократия идеологиясынын табигый өнүгүүсү деп билишет. Ошондуктан, демократия машинасы аны дүйнө бойлоп өнүктүрөт жана коргойт. Педофилиянын алдын алып жатышканы кызык. Акыры дал ушулар көӊүлдөрү өксүп калбасын деп бир жыныстуу үй-бүлөлөргө жаш балдарды багып алууга мыйзамдуу түрдө уруксат берип жатышат го.

 4-март күнү Бишкекте балдарды ар түрдүү зомбулук жана педофилиядан коргоону талап кылган митинг болуп өттү. Ала-Тоо аянтында болуп өткөн бул митингге катышкан 50 – 60 чакты адам өз талаптары жазылган бир нече лозунгдарды көтөрүп чыгышты. Кызыгы, митинг Кыргызстандагы америкачыл НПОлор тарабынан уюштурулган. АКШ мамлекеттик департаментинин терроризмге каршы бюросунун башчысы 44 жаштагы Ден Розен педофил болуп чыгып калганынан булар кабарсыз болушу мүмкүн эмес. Себеби, бул иш үстүбүздөгү жылдын февраль айында болуп өткөн. Алгач ушул сыяктуу педофилияга тиешеси бар кылмыштар Европа мамлекеттеринин чиркөөгө караштуу окуу жайларында христиан дин ишмерлери тарабынан тынымсыз кылынып келе жатканын маалымат каражаттары кеӊири таркатышкан эле.

 Бул сыяктуу биздин балдарыбызды “коргоп жаткан” уюмдар биздин өлкөлөрүбүздөгү мектеп программасына жыныстык жакындык кылууну үйрөтүүчү сабактарды киргизүүгө катуу аракет кылып жатышат. Бул эмне, биздин балдарыбыздын жыныстык каалоолорун эрте козгоп алар педофилдер колуна түшүп калышын жеӊилдетүү үчүнбү? Алар балдарыбызды коргоону өз колдоруна алып, алардан гей жана лесбиянкаларды чыгарышмакчыбы? Себеби, Европадагы демократиялык жашоонун эӊ жогорку деӊгээлинде ар бир үчүнчү адамдын бири бир жыныстуу алака тарапкери болуп кетти го. Ошол тарбияны бизде да билим берүүнүн негизи кылып алууга жетишишсе, биздин балдарыбыз да кудум алардын балдары сыяктуу бузулуп кетишет.

 Бул сөздөр менен биз “балдарды коргобош керек” деп айтмакчы эмеспиз. Тескерисинче коргоо жана туура тарбиялоо важиб. Бирок аларды жогорудагы сыяктуу бузук күчтөргө тапшырып коюу, андан да жаман жери, ушул күчтөр гана биздин балдарыбызды туура тарбиялай алат деп үгүттөө аркылуу аларга жардам берүү туура эмес. Себеби көрүп турганыбыздай, алар бир тараптан балдарды коргоп жатышса, экинчи тараптан аларды жыныстык жактан зордуктоо ниетинде болушат.

Алар биздин исламий негиздерден өнүп чыгып, улуттук менталитетибизге айланып кеткен баалуулуктарыбыз негизинде тарбия берүү системабызды талкалап таштамакчы. Анын ордуна өздөрүнүн демократияга негизделген бузук идеологиялары негизинде биздин балдарыбызды да өздөрүнүкү сыяктуу бузуп жиберишмекчи болууда. Россиялык бир поптун интернет аркылуу: “Келечек албетте Ислам жана мусулмандардыкы, себеби, биздин балдарыбыз балагатка жетери менен өз жашоосунун жыргалчылыгын көздөп шаарга карай кетишет. Мусулмандардын балдары болсо биздин өлкөлөрүбүздө өтө оор абалда жашап жүрүп болсо да үй-бүлөсүнө жана ата-энесине акча жиберет”, – деп айткан сөздөрү кандай гана акыйкат айтылган. Түпкүлүгүндө, куфр дүйнөсү биздин балдарыбызга суктанышат. Алар биздин чыныгы душмандарыбыз болгондуктан, биздеги Ислам идеологиясынын таалими болгон бул чөйрөнү бузуп жиберүү үчүн тынымсыз аракет кылышат.

 Куфр системасы жана анын даъватчылары болгон укук коргоочу мамлекет эмес уюмдар болсо, түпкүлүгүндө балдарыбызды бизден коргомокчу болушат. Аларды иштетишибизди, диний негизде тарбиялап жана диний адеп-ахлакка ылайык жашоого үндөшүбүздү, балагат жашын алар көрсөткөн жаштан эмес, тескерисинче шарият белгилеген жаштан эсептеп балдарыбызды турмуш курдуруп коюшубузду жана башка ушул сыяктуу исламий баалуулуктарыбызды алар балдарга зомбулук көрсөтүү тизмесине киргизип алышкан.

 Педофилия жана жалпы бузук жыныстык алакалардын бардыгын турмуштан сүрүп чыгаруунун жолу тарбияга гана чектелиши туура эмес. Себеби, бузукчулукка каршы чыныгы сокку берүүчү фактор – бул мыйзам. Калгандары болсо, ага жардамчы каражаттар болуп, моралдык жана рухий азыктандырууга чектелет. Ислам Мабдасы (системасы) бизге ушундай тарбия берет.

 Ошондуктан, түпкү негизи да, негиздөөчүлөрү о.э. акыйдасы бузук болгон демократияга негизделүүчү капиталисттик системадан үмүтүбүздү үзүп колубузду тартпасак, жакында балдарыбыз “өз жынысымдагылар менен турмуш курамын, той кылып бересин” деп туруп алышат, андай болушунан Аллах сактасын.

 Жогорудагы педофилияга каршы аракеттерди туура жолго салуу үчүн – мектептеги билим берүү программасын өзгөртүү, уул жана кыз балдарыбызды бири-биринен бөлүп башка-башка мектептерде окутуу, аларды үй-бүлө проблемаларынан куткарып, ата-энелерин жумуш менен камсыздоо же аларга убактылуу жумушсуздук пособиелерин берип турууну жолго коюу сыяктуу бир катар бузукчулуктун алдын алуучу аракеттер тарапка буруш керек.

 Болбосо балдарыбызды коргоону, кудум эшектин эти сыяктуу, саясий оюнга айландырып алышат. Бул коргооочулардын ичинде Розена сыяктуу педофилдери, гей жана лесбиянкалары бар болсо таӊ калычтуу эмес. Биз балдарыбызды ушул ыпылас күчтөргө тапшырып коюшубуз туура эмес. Тескерисинче, биз колубуздан келишинче аларды билим берүү тармагынан алыстатышыбыз керек.

23.03.2015

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here