Либерман: Бизге каршы арабдардын баштарын чаап таштоо керек

361
0

Израилдин тышкы иштер министри Авигдор Либерман Герцлия шаарында уюштурулган шайлоо алдындагы жыйында сөз сүйлөп, өзүнүн партиясына каршы болгон арабдарды балталап таштоо менен коркутту.

“Израилдик арабдардан бизге каршы болгондордун баштарын балта менен чаап таштоо керек. Болбосо, бул топурактарда Израиль деген нерсе калбайт”, – деди Израилдин тышкы иштер министри.

Авигдор Либерман “Некб” күнү тууралуу сөз кылып, бул күндө байрак көтөрүп көчөгө чыккан палестиналыктар да Израилден сүргүн кылынышына ишара кылды.

“Некб күнүндө Палестина байрагын көтөрүп жүргөндөр бул жерден кетишсин. Мен аларды Абу Мозинге (Палестина президенти Махмуд Аббаска) тартуу кылууга даярмын жана буга аябай курсант боломун”, – деди Либерман.

“Некб” күнү палестиналыктар назарында өтө кайгылуу күн болуп эсептелет. Себеби, ал күн Израиль мамлекети тикеленген күн. Ошол себептен улам ал күндү каралап көчөлөргө байрак көтөрүп чыгуу палестиналыктардын адатына айланган. Израилдиктер болсо ал күндү майрам катары белгилешет.

О.э. Израиль жана Палестина ортосундагы келишим жараяны тууралуу сөз кылып, Палестина эле эмес, тескерисинче, бардык араб мамлекеттери тынчтык жөнүндө баш катырышы керектигин баса белгиледи.

Ал: “Тынчтык эки мамлекет ортосунда камсыздалышы мүмкүн эмес. Палестиналыктар тынчтыкты каалашса бүтүндөй араб мамлекеттери жана Израилдеги арабдар о.э. палестиналыктар бир болуп региондук тынчтык пайда кылышы керек”, – деди.

Кээ бир араб мамлекеттери Израилди эмес, жихадий топторду өздөрү үчүн чыныгы коркунуч деп билишин баса белгилеген Либерман бул кырдаалдан дааналык менен пайдаланып калуу керектигин айтты. Либермандын айтымында, Израиль мамлекетинин ичинде арабдар жашаган шаарларды Палестинага кайтаруу керек. Куддустан 80 км аралыкта Израилдин түндүгүндө жайгашкан Умми Фахм шаары Израилдин бир бөлүгү болуп калышына эч бир себеп калбаган.

Иордания менен түзүлгөн келишим боюнча Умми Фахм шаары 1949-жылы Израилге тартуу кылынган эле. Бул шаар калкынын саны боюнча, Израиль ичиндеги арабдар көп жашаган Насира жана Рахт шаарларынан кийинки 3-орундагы шаар болуп эсептелет.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here