Кыргызстан менен Индия биргелешкен аскерий машыгуу өткөрөт

362
0

 “CA-NEWS” сайтынын кабар беришинче, Кыргызстандын жана Индиянын атайын аскерий күчтөрү 11-25-март күндөрү биргелешкен аскерий машыгуу өткөрөт. Бул тууралуу Кыргызстан Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын маалымат кызматы билдирди.

 “Канжар-2015”  деген аталыштагы машыгуулар биргелешкен аскерий даярдык алкагында болуп өтөт. Бүгүн, 10-март күнү Кыргызстанга Индиянын 100дөн ашуун аскери келиши күтүлүүдө.

 Машыгуунун максаты – атайын аскерий күчтөрдү тоолуу аймактарда кылмыштуу топторго каршы операция өткөрүүгө даярдоо.

 Аскерий машыгуулар Токмок шаарында болуп өтөт.

Туркистон:

Россия Жакынкы Чыгыш аркылуу Индия тарапка кеӊейүүнү арзуу кылып жатканы белгилүү. Ошондуктан, ал Кыргызстанды индустар үчүн полигон кылып бермекчи. Кызык жери, Россия Кыргызстанды дагы эмнелер кылып ойонойт болду экен?

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here