АКШ Иракка курал жеткирип берүүнү улантууда

349
0

  “РИА Новости” сайтынын кабар беришинче, АКШ өкмөтү өтүп бара жаткан аптада Иракка жалпы баасы болжол менен 18 миллион долларга барабар болгон кошумча курал-жарак жеткирип берген. Бул тууралуу, шейшемби күнү Пентагондун расмий өкүлү полковник Стивен Уоррен кабар берди.

 Ирак куралдуу күчтөрүнө, жалпысынан 10 миӊ даана “М-16” тибиндеги автомат, ушунча көлөмдө лазер нуру менен бутага алуучу жабдыктар жана ок-дарылар жеткирип берилди. “Рейтер” агенттигинин кабар беришинче, курал жеткирип берүү жараяны 22 күндө ишке ашырылган болуп, бул белгиленген мөөнөткө караганда төрт эсе тездик кылат.

  Уоррендин айтымында, Ирак өкмөтү 15-февраль күнү АКШдан лазер аркылуу бутага алуу түзүмдөрү менен жабдылган “Хеллфайр” (Hellfire) тибиндеги 232 ракета алган. Ирак өкмөтү өткөн жылы да бир жарым миӊден ашуун ушундай ракеталарды алган эле.

 Туркистон:

Колонизатор АКШ өкмөтү Иракты түздөн-түз басып алып, Ислам жана мусулмандарга каршы болуп көрбөгөндөй кылмыштарды ишке ашырды. Анын айла-амалдары артынан ирактык мусулмандар шиа жана суннийге бөлүнүп, бүгүнкү күнгө чейин бири-бири менен кырды-бычак болуп келе жатышат.

  Ишке ашырган ушунча кылмыштары аздык кылгандай, АКШ өкмөтү “Ислам мамлекети” коркунучу шылтоосу менен мусулмандар бири-бирине каршы күрөшүүсү үчүн аларды куралдантууну улантып келе жатат. Өткөн 2014-жылдын аяк чендеринде АКШ өкмөтү Ирактагы “Ислам мамлекети” уюмуна каршы күрөштө Ирак армиясы жана күрд ыктыярчыларын эле эмес, ошону менен бирге сунний уруулардын бөлүктөрүн да куралдантуу планын иштеп чыккан жана аларды куралдантууга каражат бөлүүгө токтом кылган эле.

 АКШ сунний уруулардын бөлүктөрү үчүн жалпы баасы 24 миллион долларга барабар болгон курал-жарак жеткирип берүү ниетинде экендигин билдирген болчу. Бул АКШнын Ирактагы “Ислам мамлекети” уюмуна каршы күрөшүү алкагында ирактыктарга бере турган аскерий жардамынын кичинекей гана бир бөлүгү болуп эсептелет.

  Барак Обама админстрациясы ушул программа үчүн 1 миллиард 618 миллион доллар жумшоону пландаштырган болуп, анын 1 миллиард 240 миллиону Ирак армиясы жана коопсуздук күчтөрүнө, 354 миллиону болсо күрд ыктыярчыларын каржылоого багытталышы кабарланган болчу.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here